Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:46

Кырк жыл кыйнаган кырсык


Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда 2019-жылдан тарта майып балдарды баккандарга мамлекет жеке көмөкчүнүн айлыгын төлөп баштаган. Айына 4900 сомду балдардын ата-энелери алат. Бирок бул төлөм балдары 18 жашка толо электерге гана тиешелүү. 72 жаштагы Токтогул Чыныбеков 40 жылга жакын майып баласынын түйшүгү менен алышып келет.

Беш жыл мурда кант диабетинен жабыркаган жубайы, ага удаа эле өзү да эмгекке жарамсыз болуп калган. Бирок ошого карабастан ал үй ичинде кыбырап, кошумча каражат табууга аракет кылган жалгыз адам. Учурда ижарага автоунаа алып, таксист болуп тиричилик кылууда. Бирок утурумдук тапкан акчасы уулунун дарысына, үй-бүлөсүнүн күнүмдүк керектөөсүнө жетпей каржалып калганын, өкмөттүн, коомчулуктун жардамына муктаж экенин айтууда.

"Бир бутубуз үйдө, бир бутубуз ооруканада..."

Өткөн кылымдын 80-жылдарынын башында Токтогул Чыныбековдун үч жаштагы уулун машине коюп кеткен. Дарыгерлер анын бутунун жанчылган сөөктөрүн бирден чогултуп, операция жасап сактап калышкан экен.

"1982-жылдын 2-сентябры өмүр бою эсте калчу кара күн болду. Ошол күнү үч жаштагы уулум Токтосунду КамАЗ коюп кетти. Кара-Балтада таенесинин үйүндө болчу. Ал жактагы дарыгерлер аябай аракеттенип, баламдын бутунун ар бир сөөгүн дээрлик бирден чогултуп беришти. Эки айдан ашык жаттык, апасы карады. Кийин Бишкектеги балдар ооруканасына которушту. Буту ириңдеп кеткен экен, бул жактан операция жасалды. Үч жолу операция жасалды, менин теримден алып, анын бутуна чапташат. Бир аз жакшы болгонсуйт, бирок көп өтпөй эле кайра тери жабышпай, ырбап, кабылдап кетип жатты. Бир жарым жылдай баламдын жанында ооруканада болдум. Отпуск, отгул, акы төлөнбөгөн эс алуулардын баарын алып бүттүм. Бир ай үйдө болсок, үч ай ооруканада болуп, бир бутубуз үйдө, бир бутубуз ооруканада күндөр өттү. Бактыбызга ал кезде дарылоо акысыз болчу. Балам басып калат бекен деген үмүттө алып барбаган жерим калбады. Кыргызчылык да кылдырдым, чөп-чар менен да дарылаттым. Операциядан кийин буту гипсте эмес, лангетте кармалып тургандыктан, ички тарапка карап кыйшайып калган эле. Таласта Калык деген сыныкчы бар экен деп угуп, ага алып бардым. Бир айдай туруп, бутун оңдотуп келдим. Кудайдан болуп бир аз таканчыктап басып калды".

Бирок баласы балдак менен эптеп басып, кийинчерээк мектепке да көтөрүп барып жүрүшкөнүн эскерди.

"Мектепке барды. Теңтуштарынан калбасын деп, күз, жазда араба менен, кышында чана менен мектепке ташыдык. Бирок бутунун оорусунан улам калтырбай барууга мүмкүн болбогондуктан, программадан артта калып, сабакты билбей, чүнчүп жүрүп, акыры окугусу келбей калды. Кийин таштап койду. Быйыл мына 39 жыл болду. Жалаң ушул балабыздын бутун айыктырабыз, бастырабыз деп жүрүп, өмүрүбүз өттү. Ким эле баласын майыптыкка кыйсын! Биз дагы балабызга майыптыкты ыраа көрбөй жүрдүк. Жакшы болот деп укканыбыздын баарын жасадык. Карасак, жашы жогорулаган сайын оорусу күчөп бара жатат. 2016-жылы анан майыптыкка чыгардык. 3300 сом пенсия чегерип берген. Ал акча жараатынын таңуусуна да жетпей жатат. Ошондуктан, жакында барып, уулумду 1-топтогу майыптыкка чыгардым".

"Араң жүргөн балама рак жармашыптыр..."

"Эки жыл мурун буту кайра ириңдеп, эт өсө баштаганда дарыгерлер кесип салууга аргасыз болду. Бул жолку гистологиялык иликтөөсүндө рак бар экен деп чыкты. Дарыгерлер уулумду 4-ооруканадан онкологияга которушту. Ал жактан токтоосуз операция кылып, бутун кесиш керек деп жыйынтык чыкты. Аны уккан уулум караманча көнбөй, "операция жасатпайм" деп туруп алды. Дарыгерлер менин өтүнүчүм менен үйгө чейин барып, "үч балаң бар экен, ата-энең кары болсо, сен балдарыңа керексиң" деп атып көндүрүштү. Уулума быйыл күзүндө 13-жолу операция жасалып, буту кесилди. Азыр эми ооруканадагы дарылануусу аяктап, үйгө чыккан. Азыр күн алыс жаратын таңдырганы гана алып барып жатабыз. Эми жарасы бүтсө химия терапия жасалат дешкен.

Үч баласы бар, үчөө тең мектепте. Аларга 2400 сом жөлөк пул алат. Өзүнүн 3300 сом пенсиясы, биз байбичем экөөбүздүн пенсиябыз менен күн көрөбүз. Келинчеги уулума каралашып иштебейт. Сокулуктан Бишкектеги онкологиялык ооруканага күн алыс каттоо да оңой эмес. Мындан тышкары күнүмдүк тиричилик, балдардын кийим-кечеси, отун-көмүр жана башка керектөөлөр бар. Социалдык өнүктүрүү министрлигине кайрылсам, өкмөт берип жаткан пенсиядан башка жардам кыла албасын айтышты. Мен өзүм да 2-топтогу майыпмын, тизем ооруйт, жылына эки жолу атайын суюктук куйдуруп турушум керек, бирок ага акча жок. Байбичем да кант диабети менен ооруп, 2016-жылдан бери майып".

"Майыптар үчүн Кыргызстанда жашоо оор"

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 2006-жылдын 13-декабрында майыптардын укугу боюнча конвенция кабыл алган. Жогорку Кеңеш бул конвенцияны 2019-жылы мартта ратификациялаган. Муну менен Кыргызстан майыптарды күнүмдүк жашоого толук аралаштыруу, аларга ыңгайлуу шарттарды камсыздоо, бардык укук жана эркиндиктерин сактоого милдеттенме алган.

Укук коргоочулар бийлик милдеттенмелерин толук аткарбай же эптеп "кожо көрсүн" түрүндө жасамыш болуп жатканын сындап келишет.

Үкөй Мураталиева.
Үкөй Мураталиева.

"Милдеттенмелерин аткарган жок деп айта албайбыз. Бирок алар канчалык деңгээлде ыңгайлуу жана колдонууга жарактуу жасалды, кеп мына ушунда. Шарт десе эле пандус деп түшүнүшөт. Негизи шарт деген айлана-чөйрө майыптыгы бар адам канткенде кыйналбай-кысталбай, эркин жүрө алат, өзү иштей албаган адамдарга төлөнүүчү социалдык төлөм жетеби, кайда басып, кандай турсак да ыңгайлуулук түзүлүшү керектигинде. Макул арабачан адамдарга пандус керек дейли. Ошол пандустарды да бейтапканаларга же башка атайын мекемелерге коюу жетиштүү эмес. Башка коомдук жайларчы? Базарларчы? Бишкекте бир гана "Дордой Плаза" тээ сырттан баштап, ичкеридеги кыймылга чейин майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берген. Тилекке каршы, мындай жерлер өтө аз",-дейт "Назик кыз" коомдук уюмунун жетекчиси Үкөй Мураталиева.

Кыргызстанда 2020-жылы "Майыптык боюнча кеңеш" түзүлгөн. Аталган кеңеш эки жолу отурумга чогулган. Мураталиеванын айтымында, кеңештин түзүлүшү менен бийликте майыптыгы бар адамдардын укугун сактоо жаатында кыймыл башталды.

Ушул тапта Кыргызстанда майыптардын тизмесине 196 400 ашуун адам катталган. Анын ичинен 30 миңден ашууну жашы 18ге толо электер. Майыптыктын ар кандай даражасын алган адамдарга ай сайын 3000 сомдон 6000 сомго чейинки жөлөк пул төлөнөт. Ал эми быйылкы индекс менен Кыргызстанда эң төмөнкү жашоо минимуму 4 585 сом деп эсептелген. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын орто эсеп менен мүмкүнчүлүгү чектелүү 2,5 миңдей адам каттоого алынат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG