Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Садыр Жапаров: майыптарды коомго аралаштыруу саясаты уланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 3-декабрь Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Анда расмий Бишкек Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Майыптардын укуктары тууралуу конвенциясын ратификациялагандан бери "жарандарга инфратүзүмдүн жеткиликтүүлүгүн, билимге, эмгекке жана иш менен камсыз болууга тең укуктуулугун жүзөгө ашыруу мидеттенмелерин алганы" айтылат.

"Кыргызстан БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо менен республикабызда аныкталган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 196,4 миңге жакын адамдын жашоо шартын жакшыртуу иш-аракетин көрүп жатат. Майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылуу алардын жашоо-турмушуна каражат табуусуна гана өбөлгө түзбөстөн, коомго керек экендигин сезүүсүнө да шарт-жагдай түзөт. Алар иштеген учурда башка кишилер менен баарлашып көңүлү сергийт, дос-тамыр күтөт. Майыптыгы бар жарандарга жумуш орундары эле эмес, театр, музей жана башка эс алуу, оюн-зоок жайлары жеткиликтүү болууга тийиш", деп жазылган кайрылууда.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстанда майыптардын укуктары жакшы корголбогонун белгилешет. Маселен былтыр жыл аягында "Human Rights Watch" майып балдардын сапаттуу инклюзивдик билим алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген. Уюмдун баяндамасында өлкө бул багытта БУУнун конвенциясын ратификациялаганы менен майып өспүрүмдөрдүн укуктары бузулган учурлар арбын экени белгиленген.

Кыргызстанда 200 миңдей майып адамдын 38 миңдейи 18 жашка чыга элек балдар.

Укук коргоочулардын эсебинде, майыптыгы бар кыргызстандыктардын саны расмий статистикадан кыйла айырмаланат, себеби көбү расмий каттоого алынган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG