Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Өкмөт жарандык уюмдардын чыгымын каржылоону убада кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекет жарандык уюмдардын чыгымдарын жаап берүүгө жыл сайын чамасына жараша көбүрөөк каражат бөлүп турат. Бул тууралуу 15-ноябрда Бишкекте бийликтин жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматташтыгын талкуулаган жыйында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Ал ушул айда эле бир нече министрлик жана мекеме келерки жылга жаштардын жана аялдардын көйгөйлөрү, спортту жана маданиятты өнүктүрүү, мамлекеттик тилди колдоо, этникалык азчылыктардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча сынак жарыялай турганын убада кылды. Бийлик кабыл алган чечимдеринин сапатын жакшыртуу максатында укук-ченем актыларынын долбоорун экспертизадан жана коомдук сындан өткөрүп туруу үчүн “олуттуу ресурстарды” бөлөрүн айтты.

Байсалов билдиргендей, келечекте ар кандай коомдук уюмдарга – майыптыгы барлардын ассоциацияларына, чыгармачыл бирикмелерге жана башкаларга толук колдоо көрсөтүп туруу үчүн атайын мыйзамдар кабыл алынарын кошумчалады.

Ошону менен катар Байсалов жарандык уюмдар бийлик менен кызматташкысы келсе эң ириде конфронтациялык маанайдан баш тартышы керектигин белгиледи.

Кыргызстанда канча бейөкмөт уюм бар экени тууралуу расмий маалымат жок, алар 5-10 миңдин тегерегинде экени айтылып жүрөт.

Бир нече жылдан бери талкууланып, өкмөттүк эмес сектордун каршылыгын жаратып келген мыйзамга быйыл июль айында кол коюлган. Ал бейөкмөт уюмдардын мамлекетке отчет берип туруу талаптарын күчөтөт. Жарандык коом өкүлдөрү ансыз деле дайыма отчет берип иштерин, жаңы эреже бийликти сындагандарды кысымга алуу амалы экенин айтышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG