Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Байсалов талкуу жараткан сөзү туура эмес чечмеленип жатканын айтты


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аткаруу бийлиги коомчулуктун жана Жогорку Кеңештин толук көзөмөлүндө иштерин бүгүн 15-ноябрда Бишкекте бийликтин жана өкмөттүк эмес сектордун кызматташтыгын талкуулаган жыйында сүйлөп жатып айтты. Ал өкмөт кызматташтык үчүн ачык экенин, парламенттин азыркы да, жаңы шайланып келе турган да чакырылыштарынын толук көзөмөлүндө болорун белгиледи.

Ошону менен катар ал “кылыбыз кыйшайбайт” деген сөзү түрдүү чечмеленип, айланасында “ар кандай спекуляция жүрүп жатканын” айтты. Байсалов “Бийлик башкача ойлонгондорду кысымга алары, ачык болбой турганы жана көзөмөл жок болору” жөнүндө сөздөр чындыкка дал келбесин кошумчалады.

“Сөз жаңы Конституция катардагы кайсы бир депутаттын пикири бүткүл мамлекеттик аппарат үчүн түздөн-түз буйрук катары эсептелген “120 президенттин” бийлигине чекит койгону тууралуу болуп жатат”, - деди ал.

13-октябрда Байсалов “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө парламенттик шайлоо боюнча сүйлөп жатып “Кайсы гана партия өтөт, президенттин саясатын колдогон көпчүлүк түзүлөт. Биз 45-55 депутат менен иштейбиз, ошолор биздин мыйзамдарыбызды кабыл алат, калганыңыздарга айтып коелу – ошол жерде жер тепкилесеңер дагы биздин кылыбыз кыйшайбайт!” деп айткан. Анын бул сөзү коомчулук арасында кызуу талкуу жараткан.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Быйыл Жогорку Кеңеш жаңы эреже боюнча шайланууда – 90 орунга партиялык тизме боюнча 21 партия, бир мандаттуу округдардан 321 талапкер ат салышууда. Азыркы чакырылыш 120 депутаттан турат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG