Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

УКМК: Тергөөчүлөр пара алууга шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитети (УКМК) Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын билдирди. Расмий маалыматка караганда, тергөөчүлөр “Н.Д.” аттуу жарандан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан. Факт Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Кармалган тергөөчүнүн бири УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары уланууда.

Бул октябрь айында эле милиция кызматкерлеринин пара талап кылууга шектелип кармалган үчүнчү учуру. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (Ош ШИИБ) кызматкери 4-октябрда опузалап пара алууга шек саналып кармалган.

УКМК 9-ноябрда дагы Бишкек шаарынын Октябрь районунун Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары, милициянын майорун пара талап кылууга шектелип кармалганын билдирген. Расмий маалыматка караганда, милиция кызматкери жеке кызыкчылыгын көздөп, айрым жарандарга акча уурдоо фактысы боюнча жасалма арыз даярдаткан. Жыйынтыгында, моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен арызды кароону токтотуу үчүн 80 000 (сексен миң) сом талап кылган. Шектүү УКМКнын тергөө абагына камалган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG