Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

"Ооруган аялды жеришет". Кант диабетине чалдыккан Элнуранын баяны


Элнура Турдакунова.
Элнура Турдакунова.

Кеминдик Элнура Турдакунованын кулагы укпайт, он жылдан бери кант диабетинен дарыланат. Эки жылдан бери өкмөттөн 2700 сом өлчөмдө жөлөк пул алат. Бир ай мурун ал өзүнө ашыкча акча төлөнгөнүн жана азыр аны кайтарып берүү керектигин билген.

"Бала кезимде жетим калдым"

29 жаштагы Элнура Турдакунова Кемин районунун Ильич айылында туулуп өскөн. Тубаса майыптыгы бар келиндин ата-энеси бала кезинде каза болуп калган. Туугандарынын колунда чоңойгон Элнура он бир жашында эки чоң операцияны баштан өткөргөн экен.

"Төрөлгөнүмдө эле сол кулагыма микротия деген диагноз коюшуптур. Апам операция кылганга аракет кылчу экен. Бирок, мен үч жашка чыкканда рак илдетинен каза болуп калган. Мени атам менен чоң энем карап калды. Чоң апам он жашымда бул дүйнөдөн өтүп кетти. Он бир жашымда биринчи жана экинчи этаптагы операция өттү. Ошол бойдон кулагым азыркыга чейин укпайт. Он экиге чыкканда атамдан ажырадым. Ошентип, туугандарымдын колунда чоңойдум. Кулагым укпагандыктан мектепте мугалимдер көп урушчу. Бул үчүн сабакты да жакшы окуй албадым.

Элнура Турдакунова.
Элнура Турдакунова.

Бир жолу катуу ооруп калып, "Тез жардам" алып кетти. Ошондо дарыгерлер менде кант диабети бар экенин айтып, инсулинге өткөрүштү. Азыркыга чейин күнүнө беш жолу инсулин алам. Кант диабетинин айынан төрөй да албай койдум. Үч жолу боюмдан түштү. Үчүнчү жолу балам курсагымда чарчап калды. Ошентип, балалуу болуу кыялым ишке ашпады".

Элнура жолдошу менен беш жыл бирге жашаган. Эки жыл мурун ал Орусияда иштеп жүрүп, оорудан каза тапкан.

"Жолдошум экөөбүз жакын тааныштар аркылуу табышканбыз. Ага чейин деле бир-эки жигит менен сүйлөшкөм. Бирок улам "Тез жардам" чакырып же ооруканага жата бергенимди көргөн жигиттер тез эле жоголуп кетчү. Ошондуктан, жолдошумдан да аябай коркуп жүрдүм. Ал "сен деле биздей адамсың" деп жүрүп, ала качып алды. Орусияга иштегени кеткен эле. Көп өтпөй өпкөсүнө суук тийип, бир апта комага түшүп калып, ошол бойдон каза болду".

"Жөлөк пул алам деп карызга баттым"

Элнура кант диабетинен улам биринчи топтогу майып катары базага киргизилген. Акыркы эки жылдан бери өкмөт ага айына 2700 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөп берчү. Бир ай мурун ага ашыкча акча төлөнгөнүн жана азыр аны кайтарып бериши керектигин уккан.

"Акчадан кыйналып, атайын документтерди топтоп жөлөк пулга тапшырдым. Мага биринчи топтогу майып катары 2700 сом чегерип беришти. Жыл сайын ал база жаңыланып, бир катар дарыгерлерден "сен майып экениңди тастыктаган" текшерүүдөн өтүш керек. Ошондо мага адистер чалып, өкмөт көп акча төлөп бергенин айтышты. Алардын айтымында, мурдагы кызматкерлер мага адашып 2700 чегергенин, чынында 1000 сом алышым керектигин айтышты. Алардын адашып калганы менин күнөөм эмес да. Юристке кайрылсам, ал да мыйзам боюнча акчаны кайтарып беришим керектигин айтты. Аны мен кантип берем? Жылына жөлөк пул алганга документтерди тууралаганга эле 15 миң сом коротом. Ооруканага жатып, бир топ дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтөм. Кулагыма аппаратка айына 300 сомго батарейка сатып алам. Бир жылда бир жаңысын сатып алам. Күнүнө беш маал инсулин алып, алты ай сайын ооруканада дарыланам. Андан тышкары дары-дармектерге кеткен акчаны айтпай эле коеюн".

Кемин райондук эмгек жана социалдык башкармалыгынын башчысы Дамира Тагжибаева буга мындай түшүндүрмө берди:

"Элнура бизге 2019-жылы январь айында каттоого турган. Үчүнчү топтогу майып катары биз ага ай сайын 1000 сомдон беришибиз керек. Бирок, биздин кызматкердин күнөөсү үчүн анын маалыматы туура эмес жазылып, ага ай сайын 2700 сом төлөнчү экен. Ал кызматкер азыр жок. Бул адамдык фактор, жаңылыштык болду деп моюнубузга алып, түшүндүрдүк. Октябрь айында 1500 сомго көтөрүлдү. Акчаны ал кайра өкмөттүк бюджетке кайтарат".

Элнура Турдакунова.
Элнура Турдакунова.

Элнура ушул тапта Бишкектин четиндеги барак үйлөрдүн бириндеги ижарага алган батиринде жалгыз турат. Оорусуна байланыштуу күнүнө төрт-беш саат гана тигүү цехинде иштейт. Ал ооруган адамды коом, кайын журт, кесиптештери жерий турганын айтып кейиди. Майып адамга болгон түшүнүү жана колдоо сезими көп адамдарда жок экенине кейийт:

"Батириме айына 5000 сом төлөйм. Тапкан акчам ошого эле жетет. Азыр жалгыз калдым. Мени менен кошо жашаган кыздар ар кайсыл жакка тарап кетти. Бири окууга тапшырды, дагы бири Орусияга кетти, күйөөгө тийгендери да болду. Мен болсо жалгызмын. Ооруган адамдын кайгысын соо адам түшүнбөйт экен. Келин болгон кезде диабеттин айынан диета кармаганымды кайын журтум түшүнчү эмес. Мага майлуу эмес же атайын азыктардан тамак жасап жеш керек. Кара жумушту да көп жасоого болбойт. Талаага чыгып иштеп келген күндөрү колум жарылып, кадимкидей кыйналып калчумун. Тигүү цехин тапкан дагы оор болду. Алар 4-5 сааттан кийин чарчап калам десем түшүнбөй, "иш ордуңду бошот" деп айтышчу. Убагында тамактанбасам алсырап, кыйнала баштайм, аны кесиптештерим жакшы түшүнбөйт. Ошентип жүрүп, азыр жакшы цехте иштеп атам. Күнүнө азыраак убакыт иштегенге мени түшүнүп, уруксат беришти. Аябай ыраазымын".

Элнура Турдакунованын кыялдары абдан көп. Ал жогорку окуу жайга тапшырууну самайт. Үй алып, акчалуу болуп башка колунда жокторго жардам бергиси келет:

"Кайрымдуу адам болсом деп тилейм. Анда мага окшогон кыйналган адамдарга жардам бермекмин. Ага чейин окушум керек. Дизайнер-модельер болуу тилегим бар. Кардарды көрүп эле өлчөмүн аныктап, кийим тигип берсем деп ойлойм. Кыялдарым чынында аябай көп. Аларды ишке ашырууга болгон күчүмдү жумшайм".



Кыргызстанда кант диабетинин тигил же бул түрүнө чалдыккандар 240 миң адамдын тегерегинде. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, кант диабети менен расмий каттоодо 60 миңдей адам турат, бул сан 3-4 эсе көп болушу ыктымал.

2021-жылдын 1-январына карата майыптыгы үчүн пенсия жана жөлөк пул алган адамдардын саны 198 миңден ашты.

Мүмкүнчүлүгү чектелген үчүн пенсия же жөлөк пул алган адамдардын 47% аялдар. Алардын саны акыркы беш жылда 11,6% өскөн.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG