Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Москвада ок атуудан үч адам каза тапты


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Москванын түштүгүндөгү Рязанский көп функционалдуу борборунда белгисиз адам ок чыгарган. Алдын ала маалыматтар боюнча үч адам октон көз жумду. Алар - борбордун бир кызматкери, имаратка келген бир киши жана 10 жаштагы секелек кыз болгон.

Бул тууралуу Москвадагы “112” куткаруу кызматынын телеграмм- каналы билдирди.

Орусиянын баш калаасындагы куралдуу кол салуу фактысы болгонун Москванын мэри Сергей Собянин да ырастады.

Ар кайсы булактардан алынган маалымат боюнча, каза тапкан үч кишиден тышкары үч же төрт адам жарадар болгон. Алар азыр ооруканада. Адам өлтүрүү жана мыйзамсыз курал сактоо боюнча кылмыш иши козголду.

РБК телеканалынын полициядагы булагы борбордун ичиндегилерге карай ок чыгарган кишинин ысымы Сергей Глазов экенин билдирди.

Редовка телеграмм-каналы ал мурдагы аскер чалгынчысы экенин жазды. Анын тек жайын тактоо учурунда Глазовдун мурда тышкы чалгында кызмат өтөгөнү такталганы аныкталган.

Сергей Глазов бул көп функционалдуу борбордун ичине акыл-эси жайында эмес абалда келип, андан беткап тагынууну талап кылган учурда жаңжал чыгарган. Ал тапанчасынан туш келди ок чыгарып жатканда Федералдык миграция кызматынын бир ыкчам офицери кармап, полицияга өткөрүп берип, аны окуя болгон жерден алып кетишкен.

Глазновдун жанында кадимки ок атууга ылайыкташып жасалган травматикалык тапанча жана ар кандай зымдар салынган баштык болгон. Аны эксперттер изилдеп жатышат.

Москвадагы "112" куткаруу кызматы кармалган киши кылмышка баруу себебин ачык түшүндүрбөй, тергөөчүлөргө пандемия жана дүйнөлүк кутум тууралуу сүйлөп жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG