Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 22:02

Акыйкатчы шайлоонун "оюндары"


Иллюстрация.

Парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтан кеткен Токон Мамытовдун ордуна акыйкатчыны тандоо жараяны башталды. Ал 2021-жылдын 20-октябрында кызматтан кеткен. Мыйзам боюнча, акыйкатчынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда жаңы омбудсменди шайлоо 30 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.

Азыркы учурда бул кызматты көздөгөндөрдүн аты-жөнү белгилүү боло баштады. Арасында бийликтин "көзү түшкөн" талапкерлер бар экени айтыла баштады.

"Шайлоо өткөн жумада эле болмок"

Мыйзам боюнча, акыйкатчы кызмат ордуна талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар сунуштап, аны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жалпы жыйынга алып чыгат. Депутаттардын көпчүлүгүнүн добушун алган талапкер акыйкатчы болуп шайланат. Эгерде алар жетиштүү добуш албай калса, анда эң көп добуш алган эки талапкер үчүн добуш берүүнүн экинчи туру жарыяланат.

"Биз фракцияларга кат жолдогонбуз. Эми алардан сунуштар келип түшүшү керек. Азыр үч-төрт талапкер боюнча маалымат келген. Анын үстүнө комитетте кворум да жок болуп жатат. Фракциялар сунуштарды жиберсе эле карайбыз. Азыр толук маалымат бере албайм",-дейт парламенттеги тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Таабалды Тиллаев.

Акыйкатчы болгусу келгендердин катарында Жогорку Кеңештин депутаты Аманкул Токтомамбетов, мурда акыйткачынын орун басары болуп иштеген Маматурайым Момунов, Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Аскат Азарбеков бар экени белгилүү болду. Ал эми Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун баласы Руслан Бекназаров керектүү документтерди 7-декабрда тапшырганын билдирди. Мындан тышкары 2008-2013-жылдары акыйкатчы болгон Турсунбек Акундун ысымы аталып жатат.

Буга чейин прокурор, судья болуп иштеп, 28-апрелден бери Жогорку Кеңештин депутаты болуп отурган Аманкул Токтомамбетов акыйкатчы өткөн жумада эле шайланмагын айтып, добуш берүүнүн жылып кетишин мындай түшүндүрдү:

Аманкул Токтомамбетов
Аманкул Токтомамбетов

"Шайлоо өткөн жумада эле болмок. Ак үй тараптан Турсунбек Акунду түртүп жатканы айтылып, добуш берүү ошол үчүн токтоп калды көрүнөт. Алардын талапкерлиги болсо фракциядан өтпөй кармалып турат. Алардын документтери комитетте жок. Эч бир фракция көрсөтпөй жатат. Тармактык комитеттен менин, Аскар Азарбековдун жана Маматурайым Момуновдун талапкерлиги өткөн. Эми башкаларды дагы кошкону жатышат".

Турсунбек Акун 11-апрелде кабыл алынган президенттик башкарууга негизделген жаңы Баш мыйзамды даярдаган Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон. Ал 31-августта Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Садыр Жапаров менен Турсунбек Акун
Садыр Жапаров менен Турсунбек Акун

Турсунбек Акун комментарий берүүдөн баш тартып жатат. Ал НТС телеканалына курган маегинде мындай деген:

“Акыйкатчы болуп укук коргоочу келиш керек. Көп жыл бою күрөшкөн, камалган, сабалган, өзү азап тарткан, митингге катышкан, ачкачылык жарыялаган кыздарыбыз жана балдарыбыз бар. Менден башкалары да бар. Акыйкатчы десе эле 40-50сү талапкер болуп алат. Мамлекеттик майлуу кызмат катары көрүшөт”.

Турсунбек Акун 2008-жылы акыйткатчы болуп шайланып, беш жылдан кийин кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кызматтан кеткен. Жогорку Кеңеш акыйкатчыны мөөнөтүнөн эрте бошотуу чечимине добуш берүүнүн алдында Турсунбек Акун эс-учун жоготуп жыгылып, ооруканага жатып калган. Ал учурда Батукаевдин абактан бошоп кетүүсүнө жалгыз Турсунбек Акундун айыпталып жатышын сынга алгандар көп болгон.

Сын менен коштолгон шайлоо

Кыргызстанда Акыйкатчы институту түзүлгөн 2002-жылдан бери бул кызматты беш адам (Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев, Кубат Оторбаев, Токон Мамытов) аркалады . Башкы укук коргоочуну Жогорку Кеңеш шайлаганы менен, соңку үч талапкерди тандоого сын-пикирлер арбын.

2013-жылы Бакыт Аманбаев шайланган учурда, анын укук коргоо тармагында иштебегени, болгону “Ата-Журт” фракциясынын колдоосу менен өтүп кеткени айтылган.

2015-жылы болсо депутаттар Кубат Оторбаевди акыйкатчы кылып шайлаган. Анда дагы шайлоонун эрежелери бузулганына басым жасалган. Анткени добуш берген эл өкүлдөрү шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөп жаткан депутаттарга бюллетендерди көрсөтүп, андан кийин гана урнага салышкан болчу. Мурда УКМКда жетекчилик кызматты аркалаган Токон Мамытовдун акыйкатчы болуп шайланышы да сын менен коштолгон.

Акыйкатчы кызмат ордуна үч жолу талапкер болгон укук коргоочу Рита Карасартова мындай деди:

Рита Карасартова
Рита Карасартова

“Акыйкатчынын ыйгарым укуктары кенен. Ал Кыргызстандагы абактарга эч тоскоолдуксуз кире алат. Ошон үчүн бийлик өз адамын койгусу келе берет. Эгер акыйкатчыны мөөнөтү бүтүп бара жаткан Жогорку Кеңеш шайлай турган болсо, анда бийликтин адамы шыр өтөт. Эгерде шайлоо жетинчи чакырылышка кала турган болсо, анда жаңы депутаттардын эркин сынайбыз. Биринчи шайлоодон эле алардын абалы так билинет. Бирок президенттик башкаруу учурунда депутаттар өз алдынча иш кылат дегенге ишениш кыйын”.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгышы керек. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы 20-декабрдан кийин ишин баштай турганы айтылып жатат. Эгерде ушул же келерки жумада акыйкатчы шайланбаса, анда омбудсменди жетинчи чакырылыштын депутаттары тандайт.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова акыйкатчы бийликтен көз карандысыз болуш үчүн мыйзамдарды өзгөртүш керек деп эсептейт.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

“Азыркы мыйзам боюнча акыйкатчы бийлик менен Жогорку Кеңештин көзүн карап өтөт. Анткени акыйкатчы жылына бир жолу депутаттарга отчет берет. Эгер анын отчету кабыл алынбаса, анда кызматтан кетиш керек болот. Мындан тышкары мурда акыйкатчы кызматына талапкерди жарандык коом, коомдук уюмдар сунуштай алчу. Же болбосо талапкер өзүн өзү сунуштаганга мүмкүнчүлүк бар болчу. Кийин бул жобо жоюлуп, акыйкатчыны шайлоого коомчулуктун катышуусу чектелип калган. Болбосо акыйкатчы деген коом, карапайым калк менен иштеше турган адам да".

Азыркы мыйзамдар боюнча акыйкатчы 5 жылга шайланат. Мамлекеттик жана расмий тилдерде сүйлөгөн, 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан ашпаган, жогорку билимдүү, мурда соттолбогон жаран акыйкатчы болуп шайлана алат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG