Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Акыйкатчыны шайлоо акыйкат өтсө...


Учурда Кыргызстандын акыйкатчысы ким, кандай сапаттагы адам болушу керек деген суроо элдин талкуусунда.

Бийлик башкы укук коргоочуну "өз киши" болсун дейби? Фракцияларга көз карандылык барбы? Акыйкатчы институту адам укугун коргоодо өлкө ичинде, эл аралык кызматташтыкта кандай иштеши керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна Акыйкатчы аппаратынын бөлүм башчысы Алберт Көлөпов жана укук коргоочу Динара Ошурахунова катышты.

“Азаттык”: Динара айым, сиз жана бир нече укук коргоочулар, жарандык активисттер акыйкатчынын шайланышына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдогон экенсиздер. Негизги максат жана талабыңыздар кандай?

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Динара Ошурахунова: Биринчиси - акыйкатчы болом дегендердин арасынан эң татыктуусун тандап, мыйзамдуу шайланышына шарт түзүлсүн деп жатабыз. Анткени мурдагы акыйкатчы шайланып жатканда жабык добуш берүү болгонуна карабай мыйзам бузуу менен өткөнүн байкаганбыз. Добуш берип жаткан депутат кимге добуш берип жатканын көргөзүп, анан урнага таштап жатканына баарыбыз күбө болгонбуз. Ошондуктан Жогорку Кеңешти шайлоону мыйзамдуу өткөрүүгө чакырып жатабыз.

Акыйкатчынын шайлоосун акыйкат жасайлы деген тилек болууда. Ар бир депутат кимди акыйкатчы көрсө ошону өзү гана тандасын, ага кимдир бирөөнүн басым-кысымы болбош керек.

“Азаттык”: Депутаттарга кийлигишүүгө кимдер кызыкдар деп ойлойсуз?

Динара Ошурахунова: Бийлик үчүн акыйкатчы ким болору маанилүү экенин байкап жатабыз. Бийлик үчүн тил алчаак акыйкатчы ыңгайлуу окшойт. Ошондуктан бийлик талапкерлерди тандоону да көзөмөлдөп, өзүнө караштуу адамды өткөрүп алууга аракеттерди көрүп жатканын байкоого болот. Бийлик кимдир бирөөгө артыкчылык берип, аны шайланышына кызыкдар болуп жатканын сезип жатабыз.

“Азаттык”: Алберт мырза, сиз 13 жылдан бери Акыйкатчы институтунда эмгектенип келатасыз, төрт жетекчи менен иштешиптирсиз. Ар бир акыйкатчынын артыкчылыгы, кемчилиги болду. Ушунча жыл иштегенден кийин сизде Кыргызстандын биринчи укук коргоочусу кандай сапаттарга ээ болуш керек деген ой пикир топтолсо керек?

Альберт Көлөпов: Акыйкатчы институту боюнча тажрыйбаларды жалпылаштырганда акыйкатчы коомдо аброю бар, коомдун өкүлдөрү эсептешкен, сыйлаган адамдар болот.

Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө акыйкатчы боло турган адамда юридикалык билими барларга артыкчылык беришет. Анткени адам укугунун маселелери юриспруденция менен тыгыз байланышары белгилүү.

Акыйкатчы: аялдар менен балдарга түйшүк түштү

Акыйкатчы: аялдар менен балдарга түйшүк түштү

Акыйкатчы институту Кыргызстандагы аялдар жана жашы жете элек балдардын эмгекке болгон укуктары тууралуу атайын баяндаманы жарыялады.

Кыргызстандын бүгүнкү шартында деле акыйкатчы коомдо сөзү өтүмдүү, турмуштук тажрыйбасы чоң, абройлуу адам болуш керек. Тилекке каршы, Кыргызстанда биздин акыйкатчы менен көпчүлүк мамлекеттик органдар эсептешпей, тоготпой койгон учурлар көп эле болгон.

“Азаттык”: Анчалык эсептешпей коюуга эмне себеп болууда?

Альберт Көлөпов: Дүйнө жүзүндө Акыйкатчы институтуна тиешелүү “Париж принциби” деген документ бар, бардык мамлекеттер мыйзамдарын ага шайкеш келтиришет. Биздин мыйзамдын 7-беренесинде “эгерде акыйкатчынын доклады Жогорку Кеңештен колдоо таппаса кызматтан кетет” деп жазылып калган. Ал жобо акыйкатчынын кылчактабай иштөөсүнө, көз каранды эместигине кедергисин тийгизүүдө. Кайсы бир топтордун көзүн карап калууга аргасыз кылып жаткандай түр калтырат. Биздин 2016-2017-жылкы отчетторубуз Жогорку Кеңеште каралган жок.

Биздин милдет кайсы бир жерде укук бузулуп жатса айтып, тиешелүү органдарга жеткирип туруу керек. Ошол милдетин так аткарып, ачык айтып койгон акыйкатчылар кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетип калган көйгөйлөрдү көрүп жатабыз. Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун чыныгы табиятын түшүнгөндөр аз болуп жатат.

“Азаттык”: Динара айым, бул убакка чейинки акыйкатчылар мөөнөтү бүтө электе, Жогорку Кеңешке отчет бере электе эле кызматтан кеткен учурлар көп болду. Кайсы бир саясий күчтөрдүн же бийликтин басым-кысымы болот дегенге негиз барбы?

Динара Ошурахунова: Биринчи акыйкатчыны билбейм. Бирок экинчи, үчүнчү, төртүнчүсү акыйкатчылардын кызматтан кетишинде маселелер болгон.

Кыргызстанда саясий куугунтук жок деп айта албайм, ал бар. Биздин өлкөдө адам укугун коргоо – чоң көйгөй болууда. Ошол чоң көйгөйдү айта баштаганда акыйкатчыга да маселе жаралууда, кызматтан кетип калууга аргасыз болууда. Эгер үн катпаса анда жөн эле жүрө берсе болорун байкап жатабыз.

Сот органдарына ишеним аз, көйгөй көп, реформа жок деп келатабыз. Анан Акыйкатчы институтуна ишенип, адилеттик издеп баарыбыз кайрылып жатабыз. Анын сөзү кыска болууда.

Акыйкатчы институту маселени чечүү боюнча сунуш эле бере алат, анткени мыйзамда ошондой. Көбү укпай жатканы да ошондон. Ошондуктан акыйкатчынын айткандарын аткарууга милдеттендирип, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Көп өлкөлөрдө ушундай тажрыйба бар.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Акыйкатчынын табиятын түшүнгөндөр аз (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:17 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG