Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

БУУ: Кыргызстанда акыйкатчы ачык-айкын шайланышы керек


Кыргызстан акыйкатчы кызматына ачык-айкын тандоону камсыздашы керек. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (АУЖКБ) регионалдык бөлүмү тараткан билдирүүдө айтылат. Бөлүмдүн жетекчиси Ришард Коменда Жогорку Кеңешти акыйкатчыны тандоодо талапкерлердин адам укуктары жаатындагы квалификациясы менен иш тажрыйбасын эске алууга чакырган.

“Акыйкатчы кандай жол менен тандала турганы мекеменин болочок багыты менен күчүн аныктоодо мааниси чоң болот. Кыргызстан бул олуттуу учурду акыйкатчыны бардык кызыккан тараптардын катышуусу менен, кеңири жана ачык-айкын процесстин алкагында шайлап алуу үчүн колдонуп алышы керек”, - деди Ришард Коменда.

Мындан сырткары Париж принциптерине ылайык бардык дараметтүү талапкерлерди, анын ичинде аялдар менен азчылыктардын өкүлдөрүн толук камтып, вакансияларды кеңири чагылдыруу зарылчылыгы айтылган. Коменда “мындай процесс Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун көз карандысыз болушуна жана адамдардын ага ишеним артышына көмөкчү болот”, - деп белгилеген.

Буга чейинки акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Мыйзам боюнча акыйкатчыны шайлоо мурункусунун ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин бир айлык мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш. Акыйкатчылыкка талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүп, жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен тандап алышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG