Линктер

шейшемби, 18-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:27

Акыйкатчынын ролу аныктала элек


Бишкекте аялдардын укуктарына арналган акция.

Кыргызстандын акыйкатчысынын бош турган ордуна жаңы адам качан шайланары азырынча белгисиз.

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев кызматынан өз каалоосу менен кеткенин 26-июнда жарыялаган. Мыйзам боюнча акыйкатчыны шайлоо мурункусунун ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин бир айлык мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш. Акыйкатчылыкка талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүп, жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен тандап алышат.

Азырынча Жогорку Кеңештеги беш фракциянын ичинен "Республика - Ата Журт" фракциясы гана акыйкатчылык орунга сунуштарды кабыл алып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу фракциянын мүчөсү, депутат Мирлан Жээнчороев билдирди:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Мен жаңылбасам мыйзамга ылайык отуз күндө сунуштар берилип бүтөт. Андан кийин парламент кезексиз жыйынга чогулат же күзгө калтырууну чечиши керек. Жок дегенде тийиштүү комитет чогулуп талкуулайт го дейм.

Коалициялык көпчүлүктүн башында турган КСДП фракциясы акыйкатчылыкка талапкер көрсөтүү боюнча сүйлөшө элек. Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов акыйкатчыны тандоо күзүндө болорун белгилеп, мыйзам буга жол берерин айтты:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Өз ыктыяры менен кетти. Анын милдетин аткаруучу болуп орун басары калды. Ошондуктан акыйкатчыда эки орун басар болот. Ал эми шайлоо күзүндө өтөт. Бирок талапкерлер документтерин бир айдын ичинде тапшырышы керек.

Жарандык активисттер менен укук коргоочулардын арасында акыйкатчылык кызматты аркалагысы келген талапкерлердин алды өз сунуштарын Жогорку кеңешке жиберип жатышат. Алардын бири, жарандык активист Рита Карасартова акыйкатчылык кызматка баруу ниетин институттун аброюн көтөрүү максаты менен байланыштырды. Карасартованын пикиринде, Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун аброю төмөндөп, өз милдетин аткара албай жатат:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Азыр мекеме жөнөкөй эле өкмөттүк эмес уюмдай позицияны кармап алды. Чынын айтканда акыйкатчы президентке түз кирип, парламентке барып маселе коюшу керек. Даярдалган анализдер менен айына отчет берип, депутаттарга сунуш киргизиши керек. "Мына мындай шартта адамдардын укугун тегиз коргой алабыз" деп айтышы керек.

2015-жылы омбудсмен болууга талапкерлиги көрсөтүлгөн юрист Атыр Абдрахматова акыйкатчынын кадыр-баркын жогорулатуунун жолун минтип түшүндүрдү:

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

- Каалайбызбы же жокпу, бул саясий орган. Андыктан ал жерге саясий эрки бар, адам укуктары боюнча тажрыйбасы чоң, коомдук кызыкчылык деген түшүнүгү бар адам келмейинче институттун кадыры жогорулабайт. Азыр бизде белгиленген чек менен гана иш алып барышат. Ал эркин болушу керек. Бизде андай болбой жатат.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева акыйкатчынын саясатка аралашуусу, тескерисинче, кадырын кетирет деп эсептейт:

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

- Бизде акыйкатчылар көбүрөөк саясатка кирип кетип, бул институт туура эмес багытта бараткандай болуп жатат. Кийинки акыйкатчылар адам укуктары, аялдардын, балдардын укуктары, мигранттардын маселеси боюнча иштеши керек. Парламент да ушуга көңүл бурушу зарыл.

Кубат Оторбаевге чейинки эки акыйкатчы Турсунбек Акун менен Бакыт Аманбаевдин ишин парламент "канааттандыралык эмес" деп мөөнөтүнөн мурда кетирген. Кызматынан өз каалоосу менен кеткен акыйкатчы Оторбаевге карата да парламент ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүп, ошол бойдон токтоп калган.

​Ушундан улам акыйкатчы бийликтин “кол жоолугуна айланды" деген сындар күчөп, “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоору да иштелип чыккан. Азыр долбоор парламенттин кароосунда турат. Анда акыйкатчыны шайлоо жана кызматтан бошотуу тартибин, анын укуктук статусун, ыйгарым укуктарын, ишин уюштурууну жана тартибин тактаган редакциялык түзөтүүлөр киргизилип жатат.

Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда акыйкатчы менен президент жолугуп, адам укуктарына байланыштуу маселелер талкууланганы жөнүндө маалымат жок. Ал эми парламент үч жылдан бери ар кандай себептерден улам акыйкатчынын баяндамасын уга элек болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG