Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Тартип сакчыларынын талкууга түшкөн жоругу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда тартип сакчылары катышкан жаңжалдар боюнча кызматтык териштирүү башталды.

Баш калаадагы Ош базарында жана Боом капчыгайындагы кафелердин биринде болгон чыр тартип сакчыларынын дарегине сынды күчөттү.

Коомчулукта милиция кызматкерлерин "кызмат абалынан аша чаап, укук бузууга барат" деп айыптагандар арбын. Ошол эле учурда "жарандар өздөрү да эрежеге баш ийбей, жыйынтыгында күч органдарын жаман көрсөтөт" дегендер жок эмес.

16-июнда Бишкектеги Ош базарында кайыр сурап отурган майып баланын апасы милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп жатканы тартылган видео Интернетке тараган.

Анда форма кийген беш-алты адам арабада өткөн-кеткенден акча сурап отурган баланы ал жерден кетирүүгө аракет кылганы, буга анын апасы жана айланасындагы адамдар нааразылык билдирип жатканын көрүүгө болот.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, милицияга базардын жетекчилиги кайрылып, тилемчилик кылгандарды соода жайынын четине чыгарып, тартипке салып берүүнү суранган. Ушундан улам атайын рейд уюштурулган.

- Алар жөн-жай түшүндүрүп жатканда апасы ыйлап, нааразы боло баштаган. Ага айланадагы сатуучулар да кошулган. Кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Эгер милиция кызматкери орой мамиле кылганы аныкталса, ага жараша жаза колдонулат, - деди Оморов.

Бул окуядан эки күндөн кийин Ысык-Көлдө Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерине байланыштуу видео тарады.

Ал кафеде тамактанып жатып "ичкен идишине таштанды салып, аны официантка көрсөтүп урушкан" видеосу Интернетке тарады. Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы окуя Ысык-Көлгө бараткан жолдогу "Футзон" кафесинде болгонун бышыктап, кызматтык териштирүү башталганын, тартип сакчысы жеген тамагына акча төлөгөнүн ырастаган чек бар экенин билдирди.

Бул окуялар кыргыз милициясынын кесиптик маданиятына карата сынды күчөтүп, социалдык тармакта күч кызматкерлерин айыптагандар көбөйдү. Буга чейин да формачандар катышкан ушул сыяктуу көрүнүштөр талкууга түшүп, тартип сакчыларынын жарандарга кылган мамилеси нааразылык жаратып келген. "Кылым шамы" сыяктуу укук коргоо уюмдары милициянын жарандарга өкүмзорлук мамилеси, адам укугун бузган аракеттери көп болорун улам айтып турушат.

Медиа талдоочу Толкунбек Турдубаев кай бир жагдайга эки тараптын жүйөсүн укпай туруп, бир жактуу жыйынтык чыгарып, пикир билдирүү туура эмес экенин айтты. Ошол эле кезде тартип сакчылары мыйзамдын чегинен чыкпастан, жарандарды урматтоого тийиш экенин белгиледи:

Толкунбек Турдубаев.
Толкунбек Турдубаев.

- Милиция кызматкериби же башка органда иштейби, ошондой абалга туш болбоого аракет кылышы керек. Карама-каршы көз караштар болсо, маселенин чоо-жайы аныктала элек болсо, албетте, күпүлдөп сындап чыгуунун кажети жок. Күч тармагында иштегендер, дегеле бийлик өкүлдөрү жарандардын укуктарын сыйлап, ошол эле кезде өзүнүн кызматына сый мамиле кылууга тийиш.

Коомчулукта карапайым калкка, туристтерге орой мамиле кылып, өлкөнүн аброюна шек келтирген формачандар тууралуу көп эле айтылып жүрөт. Ошол эле маалда погончондор арасында өз милдетин мыкты аткаргандар да бар экенин белгилегендер чыгат.

Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Эркинбек Ирискулбеков милициянын жобосунда кесиптик этика так жазылганын айтып, кээ бирде эрежелер одоно бузуларын, бир тараптуу каралоо да болуп турарын билдирди:

Эркинбек Ирискулбеков.
Эркинбек Ирискулбеков.

​- Эки тараптын пикирин укпай эле, кырдаалды түшүнбөй эле сындап чыккандар болот. Айрым учурларда жарандар өздөрү да аша чаап кеткен учурлар бар. Интернет доору бизге чоң жардам берди. Жарандар жанданды, андай учурларды дароо тасмага тартышат. Чындыкты билүүгө шарт, мүмкүнчүлүк бар.

“Ички иштер органдары жөнүндө" мыйзамдын үчүнчү беренесине ылайык, Кыргызстанда тартип сакчысы жарандардын укугун урматтоого, аларды коргоого милдеттүү. Ал эми жарандар укуктары жана эркиндиктери чектелген учурда ички иштер органдарынын кызматкерлеринен түшүнүк алууга акысы бар. Эгер тартип сакчысы адам укуктарына шек келтирсе, жарандар сотко, прокуратурага даттанса болот.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG