Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:14

"Погончондор" кримчөйрөдөн оолак болсо...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эгер өзбекстандык "Салимбай байбача" кримтөбөл деген сөз чын болсо, анда аны менен чай ичкен орган кызматкерин эмне десек болот?

Мен адатта коомдук мончого көп барам. "Мончодо генерал болбойт" дегендей эч кимдин статусу байкалбайт. Көптөн бери көрө элек тааныштарыңа ошол жерден жолугасың. Анан албетте, түркүн кептерди кулагың чалат.

Бир ирет буудан чыгып, жаңы демделген чайдан уурттап отургам. Менин жанымдан орун алган эки бейтааныш жигит кызуу маектешип жатышты.

"Түрмөдө конвой болуп иштегенде “Водолазды” сотко алпарып жүрдүм", - деди бири.​ "Водолаз" аюудай эле бар. Башы дарбыздай чоң. Желкеси буканыкындай. Бою менден эки эсе чоң. Эшиктен эңкейип кирет", - деп Эр Манаска теңеп сүрөттөп жатты.

Анын сөзүн угуп отуруп, аргасыз баш чайкадым. Погончондор өздөрү кылмыштуу топтун мүчөлөрүн мактап атса, башкалары кайда барат?

Оштогу мончолордо мындан жарым ай мурун "Раим миллионду" кызуу талкуулашкан эле.

Италиялык режиссер Жузеппе Торнаторенин “Малена” аттуу киносун көрсөңүздөр керек. Анда айдай сулуу келинге баары суктанып, баары ашык болот эмеспи. "Раим миллион" дагы ошол каармандай эл оозунан түшпөйт. Ашка барсаң да, базарга барсаң да, үтүктү сайсаң да "Раим миллионду" угасың.

“Раим кеткенден кийин акча мынча эсе көп түшүптүр дейби?”, “Раимдин үйүн тинтсе үч "КамАЗ" акча чыгат болушу керек”, “Ченебей жеген экен”, “Качып кетиптир го”, “Жакында камалат экен”, “Жок, ал камалбайт, Сокенин шайлоосун ошол каржылады” ж.б. дегендей сөздөр.

Өткөн айда мончодо ушул тема кызуу талкууланып жаткан. Аңгыча жашы 25тин тегерегиндеги, милицияда иштеген толмоч жигит сөзгө кошулуп "Раим азамат экен. Эбин тапкан эки ичет. Кимиң ошентип эптей аласың? Мен ошол Раимдин ордунда болсом кана?" - деп агынан жарылды.

Бир-экөө ага каяша айтмакчы болду эле, “ака, заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол. Бажыны ал жебесе, башкасы жемек. Мен, мисалы, парадан баш тартпайм. Берсе алам. Анткени айлыгым 12 миң сом. Баары алат. Антпесең иштей албайсың” деп отургандардын жаагын жап кылды. Үнү да өктөм чыгат экен. Дуулдап жаткандардын баары күңк-мыңк этип кала беришти.

Учурда Ошто "Салимбай" темасы катуу талкууланып жатат. Чайканага кирсең эле "Салимбай", "Сүмбүл", "Шаки", "Жали" дегендерди угасың.

Кызыгы, ошол "Салимбай байбача" тууралуу тасмада кезинде түштүктөгү бир райондун милициясын башкарган, полковник чини бар киши тартылганы да айтылууда.

Эгер өзбекстандык "Салимбай байбача" кримтөбөл экени чын болсо, анда аны менен чай ичкен орган кызматкерин эмне десек болот? Же ал киши милициядан кеткенден кийин орган кызматкерлеринин принциптерин унутуп калды бекен? Анда кыргыз милициясына чинди иштеп жүргөндө гана берип, иштен кеткен күнү кайтарып алыш керекпи?

Блогду чиймелеп отуруп, мурда милицияда иштеп кеткен эски таанышымдан уккан окуя эске түштү.

Ал таанышым милициядан кеткенден кийин айылдык кеңештин депутаты болот. Бир күнү айыл өкмөткө талапкерлердин бири анын үйүнө келип, өзүнө добуш берүүсүн сураныптыр. Анда таанышым “Башкасына барсаң да мага келбе. Сага добуш бере албайм. Анткени милицияда иштеп жүргөндө сенин "Издөөдө" деген сүрөттөрүңдү өз колум менен зым карагайларга чаптап жүргөм" дептир.

Биздин коомдо азыр ушундай чынчыл милиция кызматкерлери азайып кеткенсийт. Грузиядагы реформа дал ушул күч органдарын тазалоодон башталган экен. Бул жагын эске алсак, биз дагы далай ашууну басат окшойбуз.

Балким качандыр бир кезде криминалды жектеп, мончодо китеп окуп, шахмат ойноп отурган күнгө да жетербиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG