Линктер

бейшемби, 22-февраль, 2018 Бишкек убактысы 07:17

“Коррупция менен күрөшүүгө саясий эрким жетет”, - деп билдирди 8-февралда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Мамлекет башчынын бул ирет айткан сөздөрү көпчүлүк элди жакшы өзгөрүүлөргө үмүттөндүрүп койду. Бийик мүдөө орундалышы үчүн реалдуу кайсы кадамдарды жасоо зарыл?

Кесипкөй команда

Эң кыйын кадам ушул. Эгер чын ыкластуу мыкты адистерден биримдиктүү команда түзбөсө, президент жалгыз өзү эч нерсе кыла албайт. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген жосундарга, ири өлчөмдөгү ысырапкорчулукка катышы бар жетекчилерди толугу менен кетирип, кайсы партиядан экендигине, буга чейинки жеке мамилесине карабай, колунан иш келер азаматтарды чакырыш керек. Албетте, бул оңой эмес, бирок мителерден арылбай туруп изги максатка жетиш мүмкүн эмес.

Президент менен премьер-министр турган турпаты, насили жегич болгон, дайыма мамлекетке зыян гана келтирип жүргөнү анык «кадрларды» түрмөгө отургузбаса да, кызматтан кетириши зарыл. Антпесе коррупцияга каршы күрөш урааны баягы эле куру кыйкырыктардын бири болуп кала берет.

Иштиктүү башкаруу

Башкаруу майнаптуу жүрүшү үчүн бир эле милдетти «аткарган» кайталама мекемелерди жана артыкбаш штаттарды кыскартып, үнөмдөлгөн каражатты мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга жумшаса болот. Башкаруу тутумуна мамлекеттик бюджеттин 30 пайыздайын короткон биздей ысырапкор өлкө дүйнөдө жок деп Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев айтты эле мындан бир топ жыл илгери...

МАМЛЕКЕТке кызмат кылгыла

“Тилекке каршы, коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик түзүмдөр өздөрү ага малынып, өз милдеттерин толук аткарбай жатат”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Акыйкатта, бул түзүмдөрдүн милдети – саясий жактан үстөмдүк кылган топко же жеке адамга эмес, МАМЛЕКЕТке кызмат кылуу. Мамлекеттин укуктук негизине доо кетире турган бир дагы жосун жазасыз калбашы үчүн булар дайыма АКЫЙКАТТЫН САКЧЫЛЫГЫНДА турушу керек.

Расмий даражасы, саясий салмагы, коомдогу кадыр-баркы кандай, кайсы партияга же жаатка таандык экендигине карабастан, мыйзам бузган жактардын баары токтоосуз түрдө тергелип, кылмышына (же жол берген жосунуна, катачылыгына) жараша бирдей жооп бериши зарыл. Сот адилеттиги тебеленип жатканын көрүп туруп көрмөксөн болгон тийиштүү кызматкер ошол жагдай үчүн жоопкерчиликти тең бөлүшүүгө тийиш. Т. а. бюджетке зыян келтирген жак мыйзам боюнча канчалык айып тартышы же канча жыл түрмөгө отургузулушу керек болсо, мыйзам сакчылыгындагы кызматкер да аны актагандыгы же эч кандай чара көрбөгөндүгү үчүн ошончолук жазаланышы кажет.

Сот адилеттигине кепилдик

Соттор саясий жана экономикалык жактан көз карандысыз болуп, алардын мыйзам алдындагы жоопкерчилиги күчөтүлүшү керек.

Иштерди ары-бери «тебе» берип алты жылга созгон «футболчу» судьяларды тизмелеп чыгуу зарыл. Ошол убарагерчиликке корогон убакыт, материалдык чыгым, моралдык зыян үчүн аларды жоопко тартып, чыгашаны чөнтөгүнөн төлөтүү керек.

Судьяга аткаруу бийлигинин каалагандай даражадагы өкүлү кысым көрсөтө албагыдай шарт камсыздалбаса, «сот адилеттиги» деген түшүнүк акыйкатты тебелеп-тепсеген мазактуу керкакшык гана бойдон кала берери бештен белгилүү.

Судьялардын (башка мамлекеттик кызматкерлердин да) эмгек акысы ишкер чөйрөсүндөгү орточо кирешеден кем болбоого тийиш. Булардын да эң калыс иштегендерин гана калтырып, мителерин текши кетириш керек, ошондо таза иштегендердин эмгек акысын арттырууга кошумча мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Судьялардын катарын тазалоо үчүн акыркы эле 5-10 жыл аралыгындагы алар чыгарган чечимдерди карап көрсө болот. Баш-аягы 60 мүнөттөн ашпаган убакытта биротоло тактап чечсе болгудай – кимдин канчалык күнөөлүү экендиги алаканга салгандай даана болуп турган иштерди ары-бери «тебе» берип алты жылга созгон «футболчу» судьяларды тизмелеп чыгуу зарыл. Ошол убарагерчиликке корогон убакыт, материалдык чыгым, моралдык зыян үчүн аларды жоопко тартып, чыгашаны чөнтөгүнөн төлөтүү керек.

Мыйзам бузгандыгы сокур көзгө да көрүнүп турган «жактарды» коргоп, формалдуу шылтоолор менен ишти атайылап создуктурууга далбаса кылган адвокаттардын да жоопкерчилигин ушундай жол менен күчөтүү кажет.

Тескери «тендерчилер» качан жоопко тартылат?

Дегеле зарылдыгы жок, орточо баасы 300 доллардай болгон планшеттерди тескери «тендер» аркылуу бир жарым миң долларга баалап, мамлекеттин акчасын ысырап кылган бир министрликтин жоругу ушундай зыянкечтиктин кадыресе эле мисалы эмес беле? Бюджетти коромжу кылгандар ортомчулугу үчүн пара алары баарыбызга белгилүү. Эң акыркы мисал – Бишкек ЖЭБдин жаңыртылышына 386 миллион доллар коротулгандыгы! Мындан аз суммага башка республикалар жапжаңы ЖЭБ куруп жатыптыр, биздикилердин «оңдогону» бир суукка чыдабай бузулуп калды…

Совет доорунун акыркы жыйырма беш жылында калыптанган: «Мамлекеттикиби? Демек, эч кимдики эмес!» - деген көз караш азыркы башкаруу тутумундагы мителердин аң-сезимине биротоло сиңген. Бюджеттин акчасын жарыша ысыраптаган мекемелердин жетекчилерин жоопко тартууга биздин бийликтин саясий эрки жетеби?..

Эгер бюджеттеги ар бир сомдун каяктан түшүп, кайсы максатка бөлүнүп, иш жүзүндө каякка жумшалгандыгы интернетте дайыма чагылдырылып турса, талоончулук токтомок (эч болбосо азаймак). Ошондо тышкы карыздардан төрт-беш жылда толугу менен кутулуп, жолдорду оңдоого, чакан ГЭСтерди курууга жана эң пайдалуу, зарыл ишканаларды ачууга, мугалимдер менен догдурлардын айлыгын, пенсия, жөлөк пулдарды бир нече эсе көтөрүүгө өбөлгө түзүлмөк.

Сөз эркиндиги

Президенттин демилгесин жалпы эл колдошу үчүн маалымат алуу жана таратуу эркиндигин камсыздоо зарыл. Мыйзам бузуулар жөнүндөгү ар бир жарыяланган фактыны прокуратура, АКК, финансы полициясы, ички иштер органдары ж.б. түзүмдөр убагында териштирип, күнөөлүүлөрдү тез арада жоопко тартышы же журналисттин калпын ашкерелеп, атайылап жалаа жапкан болсо, акылга сыярлык өлчөмдө айып салышы керек.

Мамлекеттик машина мыйзамдуулуктун сакталышына иштетилиши зарыл. Болбосо ал өзү бузулат, эчтекеге жарабай калат. Мыйзам диктатурасы орногондо гана демократия жөнүндө сөз кылсак жарашат.

ЖМКда ачык айтылган же расмий арызда көрсөтүлгөн факты боюнча эч кандай териштирүү жүргүзбөгөндүгү, мыйзамдуу чараны өз убагында көрбөгөндүгү үчүн тийиштүү органдар автоматтык түрдө жоопко тартылышы кажет.

Мамлекеттик машина мыйзамдуулуктун сакталышына иштетилиши зарыл. Болбосо ал өзү бузулат, эчтекеге жарабай калат. Мыйзам диктатурасы орногондо гана демократия жөнүндө сөз кылсак жарашат. Ага чейин демократиянын каррикатурасы – клептократия (уурулардын, талоончулардын бийлиги) менен охлократия (караламан топтун бийлиги) гана болушу мүмкүн.

Тазарууга моюн жар береби?

Чындыгында атайын кызматтар (АКК, УКМК, Баш прокуратура ж.б.) эле эмес, жалпы коомчулук жемкорлукка каршы чечкиндүү турушу керек. Бул үчүн бийлик жар салган ураандары элди алаксыткан же алдаган куру кыйкырык эмес экенине бизди ынандырышы зарыл. Биз дагы – кылган ишибиз, ээлеген макамыбыз кандай экендигине карабастан, ар бирибиз, баарыбыз – кана, колунан эмне келер экен (же тирешкен тараптардын кимиси жеңип чыгар экен) деп көрүүчү гана болуп тура бербей, мамлекетибиздин келечеги үчүн чечкиндүү өзгөрүүлөргө кол кабыш кылууга милдеттүүбүз.

Күнүмдүк турмушта, салыштырмалуу чакан эле маселелерди чечкенге эркибиз, намысыбыз жетпей жатса да, жалпы мамлекеттик масштабда түркүн кызыкчылыктар чиеленише кесилишкен жагдайларды жөнгө салбайт деп президентти сындайбыз. Эгер биз ар кадамыбызда өзүбүзгө да, башкаларга (мисалы, мамлекеттик кызматкерлерге) да талапты катуу коюп, тазалыкка, калыстыкка умтулсак, коомдук атмосферада «көмүртек» басымдуулук кылбай, «кычкылтек» көбөйөт. Ошондо саясатты тазартуу да оңоюраак болот.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, публицист

P/S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG