Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

ЖЭБ кызматкерлери: күнөөнү директорго оодаруу адилетсиз


Нурлан Өмүркул уулу.
Нурлан Өмүркул уулу.

Бишкек Жылуулук электр борборунун эмгек жамаатынын өкүлдөрү өткөн аптада түзүлгөн кырдаал үчүн күнөөнүн баарын кызматынан убактылуу четтеген жетекчиге жана персоналга оодаруу адилетсиз болорун айтып чыгышты. Бул тууралуу алар 2-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиришти. Аталган ишкананын кезмет бөлүмүнүн башчысы Калысбек Жаманкулов ЖЭБдеги кырдаал жетекчи менен кызматкерлерден көз каранды эместигин, Кытай насыясына оңдолгон жаңы блокту тез арада ишке киргизүүгө мүмкүн болбогонун жана буга байланышкан маселе өз учурунда чечилбей калганын белгиледи:

- Кытай блогунун кубаттуулугу 150 МВт. Анын буу казандарын толтуруш үчүн эле 200 тоннадай суу керек. Резервдик бактарга дагы 200 тонна суу керек. Жалпысынан эки блокту толтуруш үчүн эле 800 тоннадай суу керектелет. Тузу алынган суу ылдыйлаганда иштеген буу казандары өчүп калды. Бактардын баарын толтурганча эле бир топ убакыт кетмек. Ошол үчүн биз кичине буу казандарды иштете берүүнү эп көрдүк. Эгер аны иштетип кармап турбасак, сырттагы жылуулук тармагы тоңуп калмак. Биз эң эле аз зыян алып келе турган вариантты тандадык.

1-февралда "Улуттук энергохолдинг" Бишкек шаардык жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулу авариянын себептери иликтенип бүтмөйүнчө кызматынан убактылуу четтетилгенин жарыялаган. Анын милдетин аткаруу ГЭСтерди куруу ишканаларынын башкы инженери Таалай Бектеновго жүктөлгөн.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январда иштен чыккан. Абоненттерге жылуулук жетиштүү барбай, 1-февралда гана өтө ысык болбосо да калыбына келди.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчисинин биринчи орун басары Бердибек Боркоев менен Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулунун ээлеген кызматына байланышкан маселени карап чыгууну «Улуттук энергохолдинг» компаниясына тапшырган. Боркоевдин кызматы боюнча чечим кабыл алына элек. (KJ/NT)

XS
SM
MD
LG