Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Оштогу тыгын жана тыйын


Оштогу тыгын.
Оштогу тыгын.

Өлкөнүн түштүгүндөгү бардык райондор менен шаарларда борбордук көчөлөр акы төлөнүүчү автотурукка (стоянкага) айланды. Мен буга караманча каршымын. Аны жергиликтүү бийликтин чала ойлонулган иши деп баалайм. Эмне үчүн? Анда четинен тизмектеп берейин.

Коомдук жалпы колдонуудагы жол - элдин мүлкү

Ыраматылык Союздун эмгегин менчиктеп алуу туура эмес. Ал мүлктү Совет бийлиги элдин эмгегинен пайда болгон акчага түзгөн. Эгерде азыркы бийлик жолду акы алынуучу автотурукка айлантууну көздөсө, жаңы шаар курсун да, каалаган жеринен акы ала берсин.

Анткени жол - элге тиешелүү. Соңку жылдары шаар ичинде кимдир бирөөлөрдүн акылы менен пайда болгон машине токтотуучу жайлар көбөйдү. Айрыкча мен жашаган Ош шаарында бул маселе курч.

Шаар бийлиги “автотыгынды азайтыш үчүн автотуругу ойлоп таптык” - деп айтып жүрөт. Бирок "Тыгынды азайтууну кааласаңар эмнеге эски жолдорду ондоп, жаңы жол салбайсыңар?" деп суроо берген киши жок.

Шаардык архитектура дүкөн, ресторандарды атайын автотуругу менен кошо курдурушу керек. Ал эми базарларды шаар сыртына чыгарышы абзел деп эсептейм. Тилекке каршы, экинчи борбордо мындай иштер байкалбайт.

"Баарын коюп Манасты айт" демекчи, Ош шаарын кеңейтүүгө уруксат берген мыйзамдын кабыл алынганына алты жыл болду. Ушул аралык ичинде эмне иш бүткөнү белгисиз.

Тыгын маселеси жолго акы төлөнүүчү автотурук уюштуруу менен чечилбейт

Ошто тыгын унаанын көптүгүнөн эмес, айдоочулар жол эрежесин сактабай, көрүнгөн жерге токтоп, каалаган жерден бурулганынан болуп жатканын жакшы билебиз.

Албетте, тыгынды көзөмөлдөө МАИнин негизги милдети. Шаар жетекчилиги ага толук эрк берип, жол эрежесин бузган ар бир айдоочуга чара көрө тургандай шарт түзүп бериш керек. Анын ордунда аткаминерлер МАИге түшүп калган жакындарын телефон аркылуу куткарган адатын көрүп, угуп, байкап жүрөбүз.

Эгерде шаар бийлиги тыгын маселесин чечүүнү чындап кааласа (коомдук транспортту өнүктүрүү тууралуу айтпай эле коёюн), жок дегенде адамдардын жөө жүрүшүнө шарт түзүшү керек.

Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Маселен, Ошто аргасы түгөнгөн адам гана жөө басат. Анткени шаарда ээн-эркин баса турган тротуар жок. Союздан калган тротуарларды короосуна кошуп кармап алгандар толтура. Тосулбай калганынын бир жери аң, бир жери дөң. Бир жери кимдир-бирөөнүн шагыл сактаган, көмүр саткан же отун жыйган кампасы.

Германиядан көрдүм эле. Велосипед тепкен жолго жөө киши баспайт экен. Ал эрежени бузууга болбойт дешти. Ал эми Ошто арка-мойну астында калып өлгүсү келген адам гана велосипед тебет. Анткени башта айткандай, велосипед тургай жөө басканга да шарт жок.

Тротуарлардын абалын болсо жогоруда айттык. Ушинтип элди машине менен жүрүүгө шаардык бийлик өзү аргасыз кылган.

Коомдук жолго акы төлөнүүчү автотурук уюштуруудан казынага жалчыткан акча түшпөйт

2013-жылы Ошто Мелис Мырзакматов мэр болуп турганда шаардагы жол боюна токтогон унаалардан акы алган көрүнүш пайда болгон. Мырзакматов ал кезде "көпүрө салам" деп кыздардын сөйкөсүнөн бери чогултуп жаткан кез эле.

Ошол себептүү анын автотуруктан акча чогултуу "идеясына" шаар тургундары түшүнүү менен караган. Тилекке каршы, мурдагы мэрдин иши өлкө түштүгүндөгү бардык райондор менен шаарларга жайылып кетти. Кесепетин баягы эле эл тартып жатат.

Ошол Мырзакматовдун тушунда автотуруктар үчүн атайын мекеме түзүлүп, шаардын казынасына бир жылда араң 500-600 миң төгүп жаткан.

Ал сумма азыр 2 миллион сомго жетти. Менин пикиримде, Ош шаарынын казынасы бул акчага көп деле муктаж эмес.

Эки миллион сомго Ош шаары бир күндүк жаңы жыл майрамын тосот. Бир аткаминер күтүрөгөн той берет. Эки миллион сом - Ош мэрин ташып жүргөн бир жолтандабастын жарым эле пулу.

Анан үй-бүлөсүн эптеп багып жаткан айдоочулардан он сомдон чогултуунун өзү уят. Шаарда казынаны толуктай турган башка булактар жетиштүү.

Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Мен өткөндө ижарага кеңсе издеп, Ош шаарын түрө кыдырдым. Жарнама боюнча таап барганымда көпчүлүк кеңселердин ээлери мамлекетке салык төкпөсүнө, аны өөн иш катары көргөнүнө күбө болдум.

Шаар бийлиги эмне үчүн ошол мүлкүн ижарага берип, ай сайын акы топтоп алгандан башка иши жоктордон салык чогултпайт? Батирин ижарага берип коюп, өздөрү башка жакта жашагандар канча дейсиңер?

Бирок аткаминерлердин айдоочулардын гана он сомун ойлогону бир чети күлкүңдү келтирет.

Коомдук жалпы колдонуудагы жолду акы алынуучу жайга айландыруу нааразылыктын жана күнүмдүк чатактардын гана булагы болот

Шаардын көчөлөрүн акы алынуучу жайга айлантуу эл арасына уруш-талаштын чогун ыргытууга барабар.

Негизи бир нече жолу улут аралык жаңжалды башынан өткөргөн аймак ушуга окшогон калпыс кадамдардан абайласа болот эле. Көпчүлүк жайлардын жол кароолдору улут аралык кастыкты козгой турган орой сөздөрдү айтып, айдоочуларды урушуп жатканын күн алыс көрүп жүрөм.

Ош мэриясы шаардын стратегиялык планына "калааны чейин маданий борбор кылабыз" деп жазып койгон. Калааны маданий борборго айлантуу боюнча бир нече сунушум бар. Ал тууралуу дагы сөз кылам. Ага чейин, урматтуу аткаминерлер, тепсе темирди үзө турган жигиттерибизге, неберелерге жомок айтып отура турган энелерибизге көчөдөн акча жыйнатканды токтотуңуздарчы.

P/S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG