Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:46

Экс-депутаттын кызы МАИчи менен чырдашты


Видеодон алынган сүрөт.31-май, 2018-жыл.
Видеодон алынган сүрөт.31-май, 2018-жыл.

Экс-депутаттын кызы МАИ кызматкерин тебелетип кете жаздаган окуя коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Айдоочу мурда милицияда жогорку кызматта иштеген жарандын аялы экени да белгилүү болду.

31-майда Интернетте тараган видеодо “Lexus 570” үлгүсүндөгү автоунаа жол коопсуздугун тескеген кызматкерди бир нече метрге чейин жөөлөп баратканы тартылган. Окуя Бөкөнбаев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде болгон. Учурда айдоочуга карата Кылмыш-жаза кодексинин "Бийлик адамына зомбулук көрсөтүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов иш тергелип жатканын билдирди.

- Кылмыш иши 341-берененин 1-бөлүгү боюнча козголду. Айыпталуучунун тек-жайы такталган, азыр тергөө жүрүп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, жол кайгуул кызматкери жабыр тарткан эмес. Рулда парламенттин экс-депутаты Ташболот Балтабаевдин кызы, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы башкармалыгынын мурдагы башчысы Алымжан Козубаевдин аялы Нургүл Ташболотова болгон.

Нургүл Ташболотова аны токтоткон МАИчи машиненин капотуна өзү жармашканын, ал жолдун четине токтоого аракет кылганын айтып чыкты. Ташболотова эч кандай мыйзам бузбаганын билдирүүдө.

- Мен жай ылдамдыкта бараткандыктан эмнеге токтотконун да түшүнгөн жокмун. Мен токтодум, кызматкер келип өзүн тааныштырган жок. Мен кайсы мыйзамды бузганымды сурадым. Ал “коопсуздук курун тагынбай келатасыңар” деди. Менде коопсуздук куру тагылган болчу. Жанымдагы келинимдин тогуз айлык боюнда болгондуктан тагынган эмес. Ал тагынбаса деле мен билгенден айдоочу жүргүнчү үчүн жооп бербейт болуш керек. Кызматкер “протокол толтурам” деди. Бирок кайсы мыйзамдын негизинде толтураарын түшүндүргөн жок. Жол коопсуздугун тескеген документин сурадым, көрсөткөн жок. Убакыт өтүп кетти, биз ооруканага шашып баратканбыз. Анын колунда менин айдоочулук күбөлүгүм бар болчу. Мага ал элдин көзүнө көрүнгүсү келип жаткандай сезилди. Ал “өмүрүмө коркунуч туулду” деп атпайбы. Андай болгон эмес, Интернеттеги видео шашылыш монтаждалган.

Ошондой эле Ташболотова жогорудагы сөздөрдү далилдөөчү жеке тасмасы бар экенин жана жанында отурган кош бойлуу келинине ошол жердеги бейтааныш адам кол көтөргөнүн кошумчалады.

Ал эми анын күйөөсү Алымжан Козубаев ошол жерде түзүлгөн жагдайга бир жактуу карабаш керек экенин айтты:

Алымжан Козубаев.
Алымжан Козубаев.

- Ал менин келинчегим болоорун элдин баары эле билет. Ал жерде ошондой жагдай түзүлүп калыптыр. Бир жактуу карабаш керек. Роликтин кичине үзүндүсүн койсо башка киши, толук койгондо башкасы күнөөлүү болот.

Ал эми мурдагы парламент депутаты Ташболот Балтабаев кызына байланышкан окуя боюнча мындай комментарий берди:

- Айдоочу менен МАИчинин чырын бүт Кыргызстандын саясатына айландырган массалык маалымат каражаттарына таң калам. Менин кызым болсо - ал деле адам, балким кызуу кандуулукка алдыргандыр? Мүмкүн МАИчи аны кемсинткендир? Мен аны билбейм да. Мен сүйлөшкөн, териштирген жокмун. Ал үчүн тийиштүү органдар, акыры сот бар. Туура эмес кылса өз жоопкерчилигин тартсын.

Айдоочу менен МАИчинин окуясы социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. Айрыкча анын мурда-кийин жогорку кызматтарда иштеп жүргөн жакындарын белгилешип, "көпчүлүк учурда колунда бийлиги, байлыгы бар адамдар жол эрежелерин сактабайт" деген сындарды күчөттү.

Журналист Турат Акимов мындай көрүнүштөр көп катталаарын белгилеп, бул окуя деле калыс иликтенээрине ишенбейт.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- Бул бизде көнүмүш эле нерсе. Башкарма болуп алып, чоңураак машине алышы керек. Анан элди тоготпой калышы керек. Улук башчылар мыйзамды тоготпогондон кийин албетте, балдары-кыздары, аялдары ошого өтөт. Өзүнө чиренип таянганы - маданий чоң кылмыш. Негизи укуктук баа берсе болот, кылмыш же жарандык берене менен. Бирок бул "кыргызча" бүтөт го дейм. Күйөөсү чоң милиция болсо, байкуш сержантты коркутуп-үркүтүп, тосмо арыз жаздырганга аракет кылат.

Адистер мындай көрүнүштөргө милициянын катарында мыйзамдарды так билген кесипкөй кызматкерлердин аздыгы себеп болуп жатканын айтышат. Жол эрежелери, жол коопсуздук кызматкерлери боюнча иш алып барган активист Болот Ибрагимов бүгүнкү күндө милициянын кадыр-баркы төмөндөп кетти деп эсептейт. Ибрагимовдун айтымында, көп учурда "ала таякчандар" өздөрү мыйзам чегинде иштебей, жең ичинен маселе чечүүгө барышат.

Болот Ибрагимов.
Болот Ибрагимов.

- Эки тарапта тең күнөө бар. Бирөө байлыгынабы же атасынабы, ишенип атпайбы. Ал эми МАИчилер мыйзамды билбейт, билими жетишпейт, коркок. Мыйзам жолунда иш алып барса телефон чалгандар болот, корко беришет. Эгерде ошондой болсо коомчулукка айтышы керек. Алар өздөрү эч нерсе кылбайт, анан аларды урматташпайт.

Бул Кыргызстандын жолдорунда белгилүү адамдардын өздөрү же жакындары жол коопсуздук кызматкерлери менен чатакташкан алгачкы окуя эмес. Жол коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерге эстрада жылдыздары, спортчулар кол көтөргөн учурлар да белгилүү. Байкоочулар мындай окуялар милиция реформага муктаж экенин дагы бир жолу көрсөткөнүн айтып жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG