Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Ибрагимов: МАИ кызматкерлерин видеого тартууга тыюу жок


Болот Ибрагимов
Болот Ибрагимов

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы алардын кызматкерлери тартылган видеолорду уруксатсыз Интернетке жайгаштырууга тыюу салганы коомчулукта кызуу пикирлерге жем таштады. Мекеме жетекчилиги муну кызматкерлердин укугу менен байланыштырууда. “Сафари” кыймылынын өкүлү, активист Болот Ибрагимов "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркулов жол коопсуздугун караган кызматкерлерди видеого тартып, Интернетке жарыялоого тыюу салынганын билдирип чыкты. Саркулов муну мыйзамда жарандын өз уруксаты болмоюнча ал катышкан тасманы коомчулукка жарыялоого тыюу салынганы менен түшүндүрдү. Сиз мындай билдирүүнү кандай бааладыңыз?

Болот Ибрагимов: Албетте, бул абсурд. Ыманалы Саркулов болбогон нерсени айтып жатат. Кыргызстандын эч бир мыйзамында “Жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерин видеого тартууга, жарыялоого тыюу салынат" деген чектөө жок.

Саркулов мырза мыйзамда бар дегени менен, кайсы мыйзам экенин айта алган жок. Ал “тасмаларды уруксаты жок жарыялагандар болсо, биз бул укуктан пайдаланып, сотко доо арыз менен кайрылышыбыз мүмкүн” деп айтканы менен эч бир мыйзамга шилтеме келтирген жок. Жолду тескегендерди видеодо тартууга тыюу салуу Кыргызстандын Баш мыйзамына да каршы келет.

“Азаттык”: Былтыр декабрда өкмөт башчы Сапар Исаков сиздердин "Safari" кыймылынын активисттеринин жол коопсуздук кызматкери менен жол эрежеси боюнча талашып жатканы көрсөтүлгөн тасманы сынга алып чыккан болчу. Ошондо да видео тартууга тыюу салынары айтылып, тастыкталбай калган. Бул эми ошондон кийинки чечим болушу мүмкүнбү?

Болот Ибрагимов: Ооба, премьер-министр Сапар Исаков биздин видео боюнча сөздөрдү айткандан кийин жогорудагы аракеттер башталды. Инспекторлор да жолдо туруп алып, айдоочуларга “болду, силерге видео тартканга болбойт” дегенге өтүштү. Бирок дагы бир жолу айтам, аларды тартканга эч бир мыйзам, ал тургай Баш мыйзам да тыюу салган эмес.

Менимче Жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жол эрежелерин бузуп же эрежелерди өздөрү билбей калган видеолору Интернетке чыгып кетип, уят болуп жатканы үчүн алар ушундай чектөө киргизүүгө аргасыз болуп жатышат. Кызматкерлердин сапатын көтөргөндүн ордуна, квалификациясын жогорулаткандын ордуна “видео тартканга тыюу салабыз” деп чыгууда. Бул туура эмес. Мындай тыюу элдин ичинде кайра көп нааразылыктарды жаратат.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

“Азаттык”: Негизи башка мамлекеттерде жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерди видеого тартууга жана жарыялоого тыюу салган практика бар бекен?

Болот Ибрагимов: Чынын айтсам башка өлкөлөрдө практикасын кенен изилдеп көрбөптүрмүн. Бирок азыр социалдык тармактарда кээ бир депутаттардын жардамчылары, ал тургай айрым генералдар да жазып жатышпайбы, “АКШда, Казакстанда видео тарткан балдарды полиция колу-бутуна кишен салып, жерге жаткырып камак салмак” деп. Бул туура эмес маалымат. Алар "Ютубдагы" ошол өлкөлөрдүн полициялары тартылган видеолорду көрүп алып эле ошентип жазып жатышат. АКШнын полициясы наркобарондорду, маңзат саткандарды гана ошентип кармайт. Ал эми бизге окшогон, тартип сактаган кишилерди АКШда да, Казакстанда да полицияны видеого тартса да эч качан андай мамиле жасабайт. Ал жакта полицияны видеого тартууга тыюу салынган эмес.

Инспекторлор да жолдо туруп алып, айдоочуларга “болду, силерге видео тартканга болбойт” дегенге өтүштү.

“Азаттык”: Премьер-министр Сапар Исаков өзү сунуш кылган пилоттук долбоордун алкагында жол коопсуздугун караган кызматкерлер жаз айларында толук планшет менен камсыз болоорун билдиргени эсиңизде да. Ал планшеттердеги маалымат базасында айдоочу, автоунаа, жол эрежеси бузулган учурлар, төлөнгөн жана төлөнбөгөн айыппулдар тууралуу маалыматтар сакталарын айтты. Ушуга окшогон чаралар жол коопсуздугун тескеген инспекторлордун ишин жакшыртабы?

Болот Ибрагимов: Мамлекеттик автоинспекция дешти, кийин Патрулдук милиция деп өзгөртүштү, эми болсо Жол коопсуздугун камсыздоо кызматы деп түздү. Кыскасы, атын эле өзгөртүп жатат же формасын алмаштырып коюшат. Камера алышты, эми планшет алабыз деп жатышат. Анан ошону реформа деп коюшат. Мындай аракеттер эч нерсени өзгөртпөйт, бул реформа эмес.

Буларга эч ким “велосипедди ойлоп тапкыла” деп айткан жок да. Бул жаатта ийгиликке жеткен башка мамлекеттердин мисалдары толтура. Реформа жасаш үчүн ошолордон үлгү алып, кызматкерлердин сапатын оңдош керек. Керек болсо Жол коопсуздугун камсыздоо кызматындагы азыркы кызматкерлердин баарын иштен кетириш керек. Кайра сынак менен жаңы кызматкерлерди жумушка алыш керек. Реформа үчүн мындан башка да толтура реалдуу иштерди жасаса болот.

Кайгуул кызматы: "форма" өзгөртүү реформабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:57 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG