Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Жаңы "маичилерге" сын көп


Бишкек, Ысык-Көл, Чүй аймактарында жол кайгуул, күзөт кайгуул кызматтарынан түзүлгөн патрулдук милиция иштей баштаганына беш күн болду.

Бул аралыкта аталган кызматтын жумушуна баа берүү мүмкүн болбогон менен, алардын ишиндеги айрым алешемдиктер ачыкка чыга баштады. Айдоочулардын айтымында, "погончондор" мурдагыдай эле пара алып жатса, кээ бирлери кызматкерлердин оройлугуна нааразы болушууда.

Бишкек шаарынын көчөлөрүндө патрулдук милиция кызматкерлери 1-апрелден тарта жолдун жээгинде турбай, тынымсыз ары-бери кыдырып жүрүшүүдө. ИИМдин алдындагы кайгуул-күзөт кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторовдун айтуусунда, алар эки багытта иш алып барууда:

- Патрулдук милициянын жол коопсуздугун кароодон тышкары жарандардын 102 кызматына түшкөн арыздарын, чакырууларын камсыздандыруу милдетин да өзүнө алган. Кайсы райондо талап-тоноо, карактоо же ушул сыяктуу кылмыштар болгону тууралуу кабар келсе, так ошол айланада турган патрулдук милиция кызматкерлери окуя болгон жерге жетип барышат. Ошондуктан ушул кезде жол жээгинде турбай, алар эки милдетти тең аркалап жатышат.

Оторовдун айтуусунда, патрулдук кызматтын иши жемишин берип, акыркы беш күн ичинде республика ичинде үч миңге жакын жол эрежесин бузуу катталган. Мунун ичинен 63 айдоочу мас абалда жүргөнү үчүн кармалып, 115 машине атайын айып жайына киргизилген. Ушул аралыкта 102 кызматына түшкөн 150дөй иш жеринен иликтенген. Ошол эле кезде Оторов бул сандардын канчасы Патрулдук милиция ишке кирген аймакта экенин айткан жок.

Бирок жол коопсуздугун карагандар менен коомдук тартипти көзөмөлдөгөндөрдү кошуп салууну жактырбай тургандар да бар. Бишкек шаарындагы айдоочу Николай Лосевдин айтышынча, мунун кесепеттери эми эле байкала баштады:

- Бул эки кызматтын милдеттери таптакыр бири-бирине окшошпосо, алардын иши кантип жемиш берет? Азыр маселен 102ге келген чалуунун артынан бул жакта жүргөн патрулдук милиция бир үйгө кирип кетишти. Алар кеткенден кийин эле ушул айланадагы кесилиштерде, айдоочулар жол эрежелерин ачык эле буза башташты. Алар турса жок дегенде сүр болмок. Экинчиден, алар бири-биринин ишин канчалык деңгээлде билет? Маселен МАИчи менен жүргөн милиция кызматкери айдоочуга кандай мамиле кылышты билбей, корсулдап жатат. Айдоочу менен инспектордун ортосундагы мамилени көзгө илбей эле, шоопурларга алар айдоочуларга өтө орой мамиле жасап атышат.

Учурда атайын аймактарды кыдырып жаткан унаада үч милиция кызматкери, экөө коомдук тынчтыкты сактоочу милиция, бир жол эрежелерин көзөмөлдөөчү инспектор бар. Жол инспекторунун көкүрөгүндө ар дайым видео камера иштеп турат. Ал видеокаттоо аркылуу ар бир иш кадамын тартып турат. Кызматкер өз алдынча аны өчүрүп же сакталган флеш картаны ала албайт. Эгерде антчү болсо дисциплинардык жазага тартылат. Тартылган видео серверге көчүрүлөт. Үч аймактагы кызматкерлерде учурда 500дөй камера бар. Кызматтын жетекчилиги муну паракорчулукту алдын алуу үчүн киргизгенин айтууда.

Бирок алар мунун да айласын тапканын айдоочулар белгилешүүдө. Бишкек шаарындагы байкоочулардын бири Таалай Беккожоев буларга токтолду:

- Машинени МАИ кызматкери кармайт, ал эми документтерди болсо анын шериктери, коомдук тынчтыкты сактоочу милиция кызматкери карап жатат. Биринчиден, унаанын документин текшерүүгө анын укугу жок, экинчиден, бул мыйзамсыз. Менимче, муну көп мезгилде, айдоочудан акча алуу камерага түшүп калбаш үчүн жасап жатышкандай. Акыркы эки-үч күн ичинде так ушул жол практикалана баштады. Демек коррупцияны алдагы камералар менен тыйып салууга мүмкүн эмес экен.

Патрулдук милициянын иштегенине бир апта боло элек жатып, ушундай жол менен паракорчулукка барганы тууралуу 5-апрелде интернетте видео да тарады. 24.kg маалымат агенттиги жарыялаган тасмада Бишкекте эреже бузган айдоочудан милиция кызматкери акча алып жатканы, ал кезде жол испектору унаада отургандыгы тартылган.

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, бардык патруль кызматкерлери POS-терминалдар менен жабдылган. Андыктан жеринен айыпты төлөп кете берсе болот. ИИМ ошондой эле патрулдук кызмат, аймактарды кыдырып жүргөндүктөн окуя болгон жерге 10 мүнөткө жетпей жетип барарын да убадалашууда.

Бирок буга чейин You Tube да жарыяланган видеодо 1-апрель Кайгуул милициясы расмий ишке кирген күнү иштебей калган жол чырактарды көрсө да ага патрул кызматкери маани бербей кетип калганы көрсөтүлгөн. Анда Бишкектин Ахунбаев менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинде бир жаран кол чатыр менен унааларды башкарып турганы, дал ушул маалда төрт кайгуул машинасы жанынан жөн гана өтүп кеткени тартылган.

ИИМ болсо окуяга эч кандай реакция кылбаган Кайгуул милициясынын үч кызматкери жумуштан бошотулганын кабарлады.

Бирок адистер бул кызматтын ишине кеминде бир айда баа берүүгө болоорун айтышууда. Ушул аралыкта анын иши жемиштүү болсо, кызмат жалпы республикада 1-июлдан тарта ишке кирет.

Учурда жол коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоого Бишкекте 800, Чүйдө 400, ал эми Ысык-Көл облусунда 160 милиционер тартылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG