Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Милицияга аялдарды тартуу заман талабы


Акыркы жылдары милицияда иштеп жаткан аялдардын саны кыскарган.
Акыркы жылдары милицияда иштеп жаткан аялдардын саны кыскарган.

Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында укук коргоо органдарындагы аялдардын санын көбөйтүү аракети көрүлүүдө.

Соңку байкоолор көрсөткөндөй, Кыргызстанда милицияда иштеп жаткан аялдардын саны кыскарып, 12 пайызды түзгөн. Алардын 6% погон тагынат. Адистердин пикиринде, өспүрүмдөр, кылмыш иликтөө, тергөө бөлүмдөрүнө кыз-келиндерди көбүрөөк тартуу менен үй-бүлөдөгү зомбулук, балдарга жасалган кылмыштарды кыскартууга болот деп ишенүүдө.

Элмира Меңдибаева ички иштер органында 1993-жылдан бери иштейт. Атасы, агалары бул тармакта иштегендиктен, иштин канчалык оор жана татаал экенин билип туруп, кайыл болгон. Катуу тартипти, иштөө убактысы да бир кылка эмес жумушка баруу каалоосун агалары “аял кишиге бул иш болбойт, ылайык эмес” деп башта жактырышкан эмес. Бирок үйдөн апасы анын сөзүн сүйлөп, колдогону ишеним тартуулаган. Азыр ал Ички иштер министрлигинде 2-атайын бөлүмүндө башкы инспектор болуп иштейт. Эркектер менен теңтайлашып, ишенген адамдарын жер каратуудан корккон Элмира айым быйыл полковник наамын алды.

Адистер милицияда аялдар көбүрөөк иштесе үй-бүлө зомбулугу азаят деген үмүттө.
Адистер милицияда аялдар көбүрөөк иштесе үй-бүлө зомбулугу азаят деген үмүттө.

- Бул тармакта үч агам иштеп жүрдү ошол убакта. Алар менен кеңешип, атамдын жолун жолдогум келет десем “жетишет, биз жүрбөйбүзбү, аял кишиге милицияда эмне бар, мугалимдик кесибиңди эле аркалай бербейсиңби” деп жактырбай коюшту. Мен ага карабай өзүмдүн энем менен кеңешип, ошонун колдоосунан кийин бир чечимге келдим.

Аял деген бир чети эне. Бул системага келген аялдар эне катары дагы тарбиялык иштер менен алектенип, мектептеги балдар, мугалимдер менен бирге иштеп, кылмыштуулуктун алдын алууга салымын кошот беле. Аял киши жасай албаган же жетишпеген иш жок. Балдарга көңүл буруп, кир жууганга дем алыш күндөр бар. Кесибин сүйгөн адам баарына жетишет. Эгер кыздарым бул тармакта иштейт элем десе колдомокмун, тыйбайт элем.

Бүгүнкү күндө тартип коргоо органдарында иштеген кыз-келиндердин саны 12 пайыздан бир аз ашат. Милицияда иштегендердин алты пайызы аттестациядан өтүп, погон тагынгандар. Ал эми өткөн жылга салыштырмалуу быйыл ИИМ академиясына тапшырган кыздардын саны үч пайызга азайган.

Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында укук коргоо органдарындагы аялдардын санын көбөйтүү аракети жүрүүдө. Ушул максатта “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду “Устат-3” долбоорун ишке ашырууда. Сентябрда башталган долбоордун алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоодо өлкөнүн жети облусунан беш жүздөн ашуун кыз милиционер болууну кааларын билдиришкен. Алардын арасынан 120сы тандалып алынып, милициядагы түйшүктөр, ийгиликтер тууралуу окутууларга катышты.

Кыргыз милициясы
Кыргыз милициясы

Аталган фонддун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева коомдун милицияга ишенимин арттыруу, элдин мамилесин өзгөртүү максатында ушундай демилге көтөрүлүп жатканын белгиледи. Мунун алдында аялдарга карата жасалган кылмыштар көп катталган жана тескерисинче аялдардын укугу корголгон өлкөлөрдүн тажрыйбалары эске алынган.

- Акыркы статистиканы карап көрсөк, бардык жерде аялдарга жана балдарга жасалган зордук-зомбулуктун өсүп жатканын көрөбүз. Керек болсо Сирияга чейин кетип жаткандар көбөйдү. Кордук көргөн аялды аялдан артык ким түшүнөт? Эркек милициянын көз карашы башка, ал иликтеген учурда аялга ишенбей да коюшу мүмкүн. Органда иштеген айымдар болсо ага болгон ишеним жогорулайт. Эне, аял катары дагы балдардын зомбулугунда, алар эмнеге мындай запкы көрүп жаткандыгын абдан жакшы түшүнөт. Ошондуктан кылмыштын алдын алуу, анын бетин ачууда сөзсүз аялдардын катышуусу жардам берет.

Кыз-келиндерди милицияга тартуудан же ушул тармакта аялдардын катарынын көбөйүшү эмне берет? Бул тууралуу милиция аялдар ассоциациясынын президенти Каана Айдаркул “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди:

- Аялдарды милицияга тартуу бүгүнкү күндүн талабы. Өлкөдө аялдардын саны көбүрөөк, 50% ашат. Кээде аялдар оор акыбылга туш болуп, зомбулукка кабылганда эркекке айта албаган нерселер болот. Тартынат, уялат. Кылмыштын ачылышына бул жакшы таасирин берет деп ойлойм. Биз Маңзат жана кылмыштуулукка каршы фонду менен иштешебиз. Ошонун негизинде аялдарды тартуу боюнча долбоор иштеп атат. Анын алкагында эки районго, Жети-Өгүз (Ысык-Көл облусу – авт.) менен Кара-Кулжа (Ош обл. – авт.) машина бөлүнүп берилип жатат. Анда ИИМдин аймактык тескөөчүлөрү бир аял, бир эркек болуп чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Кордук көргөн аялды аялдан артык ким түшүнөт? Эркек милициянын көз карашы башка, ал иликтеген учурда аялга ишенбей да коюшу мүмкүн. Органда иштеген айымдар болсо ага болгон ишеним жогорулайт.
Догдургүл Кендирбаева

Эң кызыгы, аялдар арасында ички иштер органдарына иштегиси келген жана академияда окугусу келген кыздар өтө көп экен. “Устат-3” долбоорунун алкагында бүт облустарда жолугушуулар өтүп, кыздарга анкеталар таратылган. Ошондо кыздар жана улуттук азчылыктын өкүлдөрү өз каалоосун жазышкан.

Айрым адистер Индиянын тажрыйбасын мисал келтирүүдө. Анткени бул өлкөнүн бийлиги аялдар, балдарга зомбулук-зордуктоо күчөгөн аймактардагы полицияга кыз-келиндерди көбүрөөк тартышкан. Бул кылмыштуулуктун кыскарышына же кылмыштын бетин ачууга жардам берди, деген анализдер бар. Биз Индияда он жылдан ашуун убакыт иштеп, жашап келген Нурдин Капаровду кепке тартып, полициядагы айымдар туурасында сурадык.

- Эгер кылмышкер, жапа чегүүчү аял киши болсо аны колтуктап алып кеткендер дагы аял кишилер болот. Эркектин күчү менен аны каккылап, тарткылаганга укуктары жок. Милиция аймагына алып барганда дагы анын жанында сөзсүз аял милиция жанында болот. Экинчиден, чоң милиция бөлүмдөрүндө атайын бөлмөлөр бар. Ал жерде аял кылмышкерди угуп, аларга жардам берген аял милиционерлер отурат. Мурда жол кайгуул кызматкерлери жана митинг учурунда көбүнчө эркектер жүрсө, азыр айымдарды да көрүүгө болот. Милицияны сыйлашат жана коркушат.

2010-жылы 1-октябрда экс-президент Роза Отунбаеванын колдоосу менен ички иштер органдарында гендердик теңчиликти орнотуу максатында кыргыз милиция айымдарынын ассоциациясы түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG