Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

"Тилазар" маичинин сабалышы иликтенүүдө


Мухаммед Караев
Мухаммед Караев

Ошто дагы бир жол кайгуул милициясы токмок жеп, ооруканага жатты. Жабырланган милиция өзүн ИИМдин ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкери урганын айтууда.

Буга кошумча Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын жетекчиси кызматтык тартипти сактаган эмес деген айып менен камакка алынды. Укук коргоочулар болсо бул окуяларды ИИМдеги тартипсиздиктин дагы бир далили катары баалашууда. Ош шаардык жол кайгуул милициясы Мухаммед Караев "Азаттыкка" буларды айтты:

- Мени ИИМдин ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери "сенин үстүңдөн арыз түштү" деп кабинетине чакырып алып сабашты. Суу ичип келейин десем чыгарышкан жок. Муунтуп алып тепкилешти. Азыр абалым начар, бүт денем ооруп жатат.

Караев азыр Ош шаардык ооруканасынын баш-мээ хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат. Мухаммеддин айтымында, аны ИИМдин ички коопсуздук кызматкери кабинетине чакырып алып сабаган.

Жол кайгуулчу токмок жеген себебин коопсуздук кызматында иштеген адамдын тилин албай койгону менен түшүндүрдү. Анын айтымында, мындан бир апта мурун терезеси караңгылатылган айдоочуну токтотуп, 2000 сом айып жазган. Ошол учурда “ИИМдин ички коопсуздук кызматынанмын” деп бир адам телефон чалган. Маичи аны укпай койгон экен.

Шаардык оорукананын дарыгери Курсанбек Калыев сабалган милициянын абалы азыр орто экенин билдирди:

- Жол кайгуул кызматкери Мухаммед Караев кечки саат 6:40та түшкөн. Аны нөөмөтчү дарыгер кабыл алып, керектүү жардамды көрсөткөн. Өзүнүн кесиптештери сабаганын айткан эле. Мээси чайкалган, эрини айрылган, моюнунда жана бөйрөк тушунда көгала так бар. Азыр жабырлануучунун абалы орто.

Учурда Ош милициясынын жетекчилиги да, жабырланган жол кайгуулчу да коопсуздук башкармалыгынын чоң муштум кызматкеринин атын атай элек. Бирок ал окуя боюнча тергөө материалдары Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилгени кабарланды.

Ош шаардык ИИБнын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев буларга токтолду:

- Мухаммед Караев ИИМдин ички коопсуздук кызматкери тарабынан сабалганын айтып жатат. Бул билдирүүдөн кийин текшерүү иши башталды. Азыр Ош шаардык прокуратурасы жана ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан териштириле баштады. Кызматтык тартип эрежелери жана мыйзамдуулуктун аткарылышы кандай деңгээлде болгондугуна укуктук баа берилет. Экинчи тараптын жүйөсүн да угуп жатабыз.

Эртең менен Ош милициясы тараткан маалыматка удаа ИИМ да билдирүү таратты. Анда “жол кайгуулчу Караевди пара менен кармоо учурунда терезеден качууга аракеттенген, пара катары сунуштап алып келген миң сомдун беш жүз сомун жок кылууга, операцияны тасмага түшүрүп жаткан видео камераны сындырууга үлгүргөн” деп жазылат.

Чындыгында ИИМдин Ички коопсуздук башкармалыгы милициядагы мыйзамсыз аракеттерди ичинен аныктап жок кыла турган көзөмөл орган болуп эсептелет. Бирок кадимки паракорлук, жек-жааттык сыяктуу илдеттерден бул кызмат да кур эмес экенин милиция кызматкерлери өздөрү айтып жүрүшөт. Ал тургай ИИМдин Ички коопсуздук кызматын "мачилердин рекети" деп да атап алышкан.

Укук коргоочу Валериян Вахидов коопсуздук кызматкери кызматтык милдетин так аткарганы үчүн жол кайгуул милициясын токмоктогону чын чыкса, ага эң катаал жаза колдонулушу шарт деп эсептейт.

- Тергөөнүн жыйынтыгы чыксын. Эгерде жол кайгуулчунун айтканы чын болсо, ИИМдин коопсуздук кызматкеринин аракетине өтө катаал баа берилиши керек. Керек болсо ал адамды коопсуздук кызматына ким ишке алганына да баа берилиши зарыл. Анткени бул өтө олуттуу нерсе. Ал адам кандай иштеди? Кайдан келди? Баары тыкыр иликтениши керек. Дагы айтам, эгерде бул чын болсо ИИМдеги тартиптин жоктугун, андагы башаламандыктын кандай даражада экенин көрсөтөт. Буга баа бербей туруп ИИМди реформалоо тууралуу сөз кылбай койсо болот.

Жол кайгуулчулар таасирдүү чиновниктерден же жөн эле чоң муштум кесиптештеринен сабалган учурлар маал-маалы менен катталып келатат. Өткөн айда да Ош шаардык жол кайгуулчу милицияны ыкчам аракеттенүүчү топтун кызматкерлери токмоктогону кабарланган. Анда жабырланган милиция окуянын эртеси тайып жыгылдым деп көрсөтмөсүн өзгөрткөндөн кийин иш жабылып калган болчу.

Бул окуяга улай бүгүн Бишкектин жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева былтыр 18-декабрда кылмыш кылган жол кайгуулчуну жазалоого тоскоол болгондугу үчүн кармалганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG