Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Маичи менен чырдашкан балбан бошотулду


Руслан Түмөнбаев
Руслан Түмөнбаев

Жол кайгуул кызматкерлери менен болгон чатактан кийин Олимпиада оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча коло байгесинин ээси Руслан Түмөнбаевге иш козголду.

22-январь күнү кечинде Октябрь райондук соту Руслан Түмөнбаевди эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына чыгарууга чечим чыгарды. Маалыматтарга караганда, мындай өтүнүчтү сотко Түмөнбаевдин ишин иликтеп жаткан тергөөчү келтирген. Сот чечимине ылайык Олимпиадалык жеңүүчү сот залынан бошотулду.

Түмөнбаевге 20-январдан 21-январга караган түнү жол кайгуул кызматкерлери менен болгон чатактан соң иш козголуп, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган эле.

Милициянын маалыматында 21-январь түнү Жол кайгуул кызматы жүргүзгөн рейд учурунда Аалы Токомбаев көчөсүнөн "Лексус" унаасы токтотулган. Текшерүүдө унааны айдап жүргөн Руслан Түмөнбаевдин айдоочулук күбөлүгү жок болгон. Унаасы камакка алынган соң, ал уруксаты жок алып жүргөн газ-травматикалык тапанчасы менен милиция кызматкерлерин коркуткан. Жол кайгуулчулар ошол замат аны Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Айгүл Давлетбаева учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди:

Жол кайгуул кызматкерлери. Бишкек
Жол кайгуул кызматкерлери. Бишкек

- Түмөнбаевдин унаасы камалгандан кийин ал кызматкерлерди коркутуп кеткен. Бир аз убакыт өткөндөн соң кайра келип, документи жок газ-травматикалык тапанчасы менен милиция кызматкерлерин коркута баштаган. Ошол жерден Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Кармоо учурунда ал кызматкерлерге каршылык көрсөткөн. Наркологиялык экспертизадан ичимдик ичкени аныкталып, азыр тергөө амалдары жүрүп жатат.

Спорт чеберинин камалышы социалдык тармактарда кызыл чеке талаш жаратты. Айрымдары спортчунун кылыгын сындаса, экинчи тарап өлкө намысын бийик көтөргөн жигитти маичилер атайын чагымга түрттү деген ойдо.

Ала таякчандардын мыйзамсыз иштери менен күрөшүп келаткан активист Болот Ибрагимов Түмөнбаевдин мыйзам чегинде жооп берүүсүн колдойт. Бирок спортчунун кан жалаган кебетесин тасмага түшүрүп, суракка алууну жол кайгуул кызматкерлеринин белгилүү адамды атайын шылдың кылганы деп баалайт:

- Мен кармалган учурдагы кыскача видео тууралуу айтсам. Кримтөбөлдү кармагансып сурак кылышты. “Атың ким, соттолдуң беле?” дешип. Анын белгилүү спортчу экенин өздөрү деле билет бирок, атайын камерага айттырып, басынтып, уят болсун деп жатпайбы. Ал мыйзам бузса, тийиштүү жазасын алсын. Бирок Олимпиадага катышкан спортчуну минтип шылдыңдоо туура эмес.

Бул белгилүүлөр катышып тартип бузган биринчи окуя эмес. 2014-жылы бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев мас абалында маичилер менен чатакташкан. Ошондой эле бир-эки ыры менен белгилүү ырчылар да жол кайгуул кызматкерлерине кол көтөргөн учурлар болгон. Журналист Кален Сыдыкова элге таанымал адамдар биринчи кезекте башкаларга үлгү болушу керектигин белгилейт.

- Элге белгилүү үлгү болуш керек. Ал эми чектен чыккандарды коомчулук деле жактырбайт. Эгер мыйзам бузса, мейли президент болсун жооп бериши керек. Чемпион же жазуучу болгон үчүн ага карата мыйзам жумшартылганы туура эмес. Баары бирдей жооп берсин.

Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев

Оор атлетика боюнча Олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев спортчуларга көлөкө түшүргөн бул окуя боюнча мындай деди:

- Биз түз жүрүшүбүз керек. Мени деле көп токтотушат. Жакшы мамиле кылганга аракет кылам. Белгилүү адамдарга маичилер жаман мамиле кылат деп айта албайм. Ар бир адамдын өзүнөн болот да. Ал эми Русланды билем. Улуу-кичүүнү сыйлай билген жакшы бала. Эми ал жакта эмне болгонун ким билет?

Спорт чебери Руслан Түмөнбаев 2008-жылы президент белек кылган унаа менен кырсыкка учураган. 2011-жылы Каржы полициясынын кызматкерлери менен мушташкан деген кептер тараган. Түмөнбаев 2008-жылы кримтөбөл Камчы Көлбаевден Олимпиада оюндарында байгелүү келгендиги үчүн автоунааны белекке алганын жашырбайт.

Руслан Түмөнбаев 2008-жылы Бээжинде өткөн жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн коло медаль тагынган. Учурда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясында директордун орун басары кызматын аркалайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG