Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Казак президенти кыргыз МАИчилерине капа


Кыргызстанда жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы эң коррупциялашкан тармак экени айтылып келет.
Кыргызстанда жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы эң коррупциялашкан тармак экени айтылып келет.

Казакстандын президенти Кыргызстандын МАИчилери барган туристтерди жүдөтүшөрүн айтып чыкты.

Эксперттер болсо өлкөдөгү реформалар дал ушул тармактан башталышы керектигин эскертишүүдө.

Мамлекеттин беделин түшүргөн МАИчилер

МАИ кызматкерлери бак-шактын аркасына жашынып, байкоосуздан таягын булгалап чыга калчу көрүнүшкө Кыргызстанда бардык айдоочулар көнүп бүтүшкөн. Айдоочулар да андай учурда унаасынан чуркап чыгып, кер-мур айтышып убактысын коротуп отурбай көбү 100-150 сом бере сала кутулат. МАИчилер коңшу Казакстандын номуру тагылган унааларды басып калышары деле жашыруун эмес. Өзгөчө жайкы туристтик сезон башталганда андай учурлар көбөйөрү айтылат. Кыргызстандык айдоочулар да Казакстанга барып калганда ал жактын МАИчилеринен запкы жешерин айтып калышат.
Кыргыз МАИчилеринин жорук-жосундары чет элдик конокторду да чочулатып, өлкөнүн эл аралык аброюна шек келүүдө.

Президент Роза Отунбаева жакында эле Ысык-Көл, Нарын облустарынын жетекчилери менен жолугушкан маалда бул маселеге кайрылып, коңшу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак айдоочуларын Кыргызстанда жөнү жок токтотуп, жең алдынан акча өндүрүшөрүн айтканын баса белгиледи. Президент айымдын айтымында, МАИчилер бак-шактын аркасында жашынып, машине аңдып отурган маалда жол кырсыктары көбөйүп, көптөгөн жарандар каза табышууда жана мындай көрүнүштөр туристтердин келүүсүнө тоскоол болууда. Бул жагдай чет элдик конокторду да чочулатып, өлкөнүн эл аралык аброюна шек келүүдө.

Ар кыл иликтөөлөрдө Кыргыз мамлекетиндеги эң эле коррупциялашкан тармактардын башында Ички иштер министрлиги, анын тутумундагы Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы (МАИ) турары айтылып келет.

ИИМди түп-тамырынан реформалоо демилгесин көтөрүп чыккан “Илбирс” коомдук бирикмесинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 60 миңдей адам ички иштер министрлигинде эмгектенет. Булардын 15-20 миңдейи МАИ кызматкерлери. Бирок ИИМде жалпы канча адам иштей турганы эч качан так айтылган эмес. Сураганыбызда, ИИМдин жооптуу кызматкерлери ар качан “бул жашыруун мамлекеттик сыр” деп жооп беришет.

Грузиядай боло алабызбы?

“Илбирс” коомдук бирикмесинин түптөөчүлөрүнүн бири Азамат Акелеевдин пикиринде, милиция, өзгөчө МАИ кызматы - мамлекеттин күзгүсү. Анын айтымында, Кыргызстанда ИИМ тармагы СССРден калган эски, замандан артта калган системадан кете албай, коррупциянын деңгээли мурдагыдай кала берүүдө:

- Эң биринчи адамдар, кадрлар маселеси бар да МАИде. МАИнин башындагылардан баштап баарын алмаштырып, жаңы кадрларды даярдаш керек. Мисалы Грузияда ушундай болгон. Алар бир күндүн ичинде 14 миң МАИчини кызматтан алып салышкан. Элдин баары өздөрүн-өздөрү уюштуруп, 2 айча жолдо эч кандай проблемасыз кыймыл-аракеттер болгон да. Бирок ал убакыттын ичинде грузиялык өкмөт жаңы кадрларды топтоп, аларга жаңыча мамиле кылып, маяналарын көбөйтүп, аларды окутуп, тренинг өткөрүп, анан полиция жаңыча иштей баштаган. Бул комплекстүү түрдө башталып, абдан радикалдуу түрдө болушу керек.

Негизинен чет өлкөлөрдөн окуп келген жаштардан, бизнесмендерден, коомдук ишмерлерден турган “Илбирс” уюму МАИ тармагындагы кемчиликтерди беш баскычка бөлөт. Биринчиси, айдоочулардан жең алдынан алынган акчалар МАИнин жогорку жетекчилерине чейин жетип, алардын чөнтөгүн толтурган системага ар дайым “жашыл жарык” күйүп турат. МАИчилердин профессионалдык деңгээли начар, этика дегенди билишпейт. Алар техникалык жактан начар жабдылган. Айдоочунун күбөлүктөрү иш жүзүндө сатылат. Жол кыймылын өнүктүрүү жана аны калыбына келтирүү стратегиясы жок жана эң акыркысы МАИ кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуунун ордуна жазалоо ыкмасын колдонушат.
Грузияда 2004-жылы бир күн ичинде 14 миң МАИчини кызматтан кетирип, бул кызматты жоюп салган. Азыр Грузияда унааларды жөнү жок токтотуу, пара алуу, унааларды уурдоо сыяктуу көрүнүштөр жокко эсе.

Ошону менен бул уюм МАИни реформалоодо Балтика боюндагы өлкөлөрдүн, Грузия, Швеция сыяктуу мамлекеттердин тажрыйбаларын колдонууну сунуштоодо. Ал үчүн МАИ кызматында дээрлик кадрдык тазалоолорду жүргүзүү, жаңы адамдарды даярдап алып келүү, алардын айлык-акыларын көбөйтүү, жаңы Полиция Академиясын түптөө сыяктуу сунуштар жасалды.

Ички иштер министрлигинин Илимий изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров эл аралык уюмдардын көмөгү астында аталган органды реформалоо долбоорлорун аткарып келет. Анын айтымында, ИИМде, анын тутумундагы МАИ кызматында кемчиликтер бар. Ушул тапта Грузиянын тажрыйбасын үйрөнүп келүү үчүн ИИМде атайын топ түзүлүүдө:

- МАИ кызматкерлери биздин ИИМдин такай көзөмөлүндө. Себеби булар эл менен эң тыгыз иштеген биздин бөлүмчө болуп атпайбы. Казакстандын президенти Назарбаев өзүнүн оюн, сунушун “ушундай болуп атат” деп айтса керек. Анан эми бул боюнча атайын айтылып кеткенден кийин бизде атайын иш-чара кабыл алынып атат. Бүгүн Ички иштер министрлигинде бул боюнча катуу сөз болду. Дегеле ошол МАИ маселесин натыйжалуу чечүү, кемчиликтерин кайталатпоо жаатында иш-чаралар белгиленип атат.

Эксперттердин баамында, МАИдеги коррупцияны азайтуу үчүн оболу мамлекет жетекчилеринде саясий эрк болушу керек. “КирТАГ” агенттигинин башкы директору Улан Исаков Грузияда бир канча жыл жүрүп келген. Анын айтымында, мамлекет башына олуттуу реформаларды жасоого ниети бар бирдиктүү команда келгенде, алар парламентте басымдуу көпчүлүктү түзгөндө гана Грузиядагыдай өзгөрүүлөргө жетишсе болот. Бири-биринен кескин айырмаланган, ынтымагы байкалбаган коалициялык өкмөт андай эрктүүлүк кылышы күмөн.

Ошентсе да президент, премьер-министр баш болуп коррупцияны ооздуктоо чаралары көрүлүп атканын, криминалдык топтор жана аларга катыштыгы аныкталган айрым бийлик адамдары бара-бара тазаланарын айтышууда.

Айта кетсек, Грузия күч структураларын, анын ичинде МАИни кыска мөөнөттө түп-тамырынан өзгөртүү боюнча өрнөк өлкө катары таанылып калды. Түстүү ыңкылаптан кийин бийликке келген Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өз командасы менен кыска аралыкта ири реформаларды жасап, өлкөсүн өнүгүү жолуна коё алды. 2004-жылы алар бир күн ичинде 14 миң МАИчини кызматтан кетирип, МАИ кызматын жоюп салышкан. Тбилисиде толук жаңыртылган Полиция Академиясында жаңы полиция кызматкерлери даярдалып, 3 ай аралыгында заманбап жабдылган полициячылар жумушка чыгышкан. Азыр Грузияда унааларды жөнү жок токтотуу, пара алуу, унааларды уурдоо сыяктуу көрүнүштөр жокко эсе.

XS
SM
MD
LG