Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

МАИчилер өз машинеси менен ишке чыкмай болду


Бишкек, МАИ
Бишкек, МАИ

МАИ инспекторлорунун жеке автоунааларын кызматтык машинеге айландыруу демилгесин коомчулук катуу сынга алууда.

Жарандык активисттер мындай кадам жол кайгуул кызматынын аброюн мурдагыдан да төмөн түшүрөрүн айтышууда. ИИМ мындай чечим жол кайгуул кызматындагы унаа жетишсиздигинен улам кабыл алынганын айтууда.

Туура бир айдан кийин жол кайгуул кызматкерлери жеке автоунаалары менен кызматка чыга баштайт. ИИМ өкүлү Бакыт Сейитов инспекторлордун автоунааларын кызматтык унаа катары жабдуу буйругунун маанисин мындайча түшүндүрдү:

- Жол кайгуул кызматкерлеринин саны шаар боюнча 200гө жакын болсо, аларга болгону 30-40 унаа гана туура келүүдө. Мындан сырткары алар 24 саат бою шаар аралап, жол кыймылын көзөмөлдөп жатышат. Бирок кээде автоунаанын аздыгынан көздөгөн жерге барбай же кечигип калышат. Ушундан улам жол кайгуул кызматындагы унаа жетишсиздигинен уруксат берилди.

Кызмат маалында пайдаланган менчик автоунаага атайын токтомго ылайык кенемте да төлөнөт. Тактап айтканда, унаанын чыккан жылы жана көлөмүнө жараша болжол менен 400 сомдун тегерегинде акча берилет. Ошондой эле автоунаа бийик тоолуу аймактарга чыкса, кенемте көлөмү 10% жогорулайт. Мындан сырткары жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов маалымдагандай, инспектордун машинасына атайы жарык берүүчү жана үн чыгаруучу белгилер коюлат.

- Жол кайгуул кызматынын ар бир кызматкери келишим түзөт. Келишимдин негизинде анын менчик автоунаасына атайын белгилер коюлуп, ИИМдин сериясындагы номуру берилет. Керектүү шаймандар бекитилип, атайын белгилер жармаштырылган соң кадимкидей эле жол кайгуул кызматынын кызматтык унаасына окшоп калат.

Анткен менен айрымдар инспекторлордун жеке унаасын кызмат учурунда пайдалануусу башаламандыкка алып келет деген пикирде. Жарандык активист Айбек Бараталиев бул чечим Жол кайгуул кызматынын ансыз да начар беделине ого бетер доо кетирет деген ойдо:

- Мен муну өкмөттүн эң макоо чечими деп баалайт элем. Ансыз да араң турган ИИМдин жана Жол кайгуул кызматынын имиджине доо кетирип жатат. Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко айдоочулардын МАИчилерге болгон агрессивдүү маанайын күчөтөрүн өзү түшүнүп атты бекен? Айтып жатат ИИМден атайын номур берилет деп. Демек, бул жерден кол тийбестик деген түшүнүк пайда болууда. Ушундан улам МАИчилер каалаганын жасап көбөт.

Бирок азырынча катардагы айдоочулардын пикирин эске алган киши көрүнбөйт. Эмитен эле менчик автоунаасын кызматтык унаага айлантууну каалаган ыктыярчылар менен келишим түзүү караштырыла баштады. Октябрь айынан баштап 30 миң сомдун тегерегинде тийиштүү жабдыктар сатылып алынган соң, инспекторлор ишке киришери маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG