Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Бишкек Жол кайгуул кызматынын жетекчиси кармалды


Зумрад Жанабаева
Зумрад Жанабаева

Бишкектин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева кармалды. "Азаттыкка" Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, ага карата кылмыш ишти Октябрь райондук прокуратурасы былтыр 17-декабрда Кылмыш кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык алдоо" беренелеринин негизинде козгогон.

Учурда Жанабаева шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, былтыр 18-декабрда жол кайгуулчу кызматкерлердин бири жасаган кылмыш факты боюнча текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада Жанабаева ал кызматкерге байланыштуу жасалма документке кол коюп, жазага тартылуусуна тоскоолдук жараткан деп шектелүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG