Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Майор аралашкан жол кырсыгында суроо көп


Төлөн Камчыбек уулу (оңдо) жабыркаган тарап менен. 4-январь, 2018-жыл.
Төлөн Камчыбек уулу (оңдо) жабыркаган тарап менен. 4-январь, 2018-жыл.

4-январда жол кырсыгына себепчи болгон милициянын майору Төлөн Камчыбек уулунун жана анын кесиптештеринин аракети коомчулуктун талкуусуна кабылды.

Интернетте тараган видеодо тергөөчүнүн кесиптештери аны наркологиялык экспертизадан өткөрбөй, ооруканага жаткырууну көздөп, айдоочу менен тартышып жатканын көрүүгө болот. Ал эми автоунаанын айдоочусу кырсыкта төрт баласы жабыр тартканын айтып, "милициянын майору жоопкерчиликтен кутулууга аракет кылып жатат" деп айыптоодо.

Майорго көрүлгөн камкордук башкасына болгон жок

Бир жума мурун болгон бул окуяны НТС телеканалынын журналисттери тартып алышкан. "Тoyota camry" автомашинасын башкарып бараткан майор Төлөн Камчыбек уулу жол чырактын кызыл жарыгына карабай өтүп барып, "Toyota avensis" унаасын сүзгөн.

Кырсыктан жабыркаган айдоочу Улан Орозалиевдин билдиргени боюнча, аларды сүзгөн милиция кызматкери качып кетүүгө аракет кылган, бирок көп алыстабай машинеси өчүп калган. Тасмада формачан жүргөн милициянын майору рулда отурбаганын айтып актанганын көрүүгө болот.

"Toyota avensis" машинесинин ээси Улан Орозалиев "Азаттыкка" кырсыкта төрт баласы ар кандай жаракат алып, өзүнүн мээси чайкалып, азыркыга чейин ооруканада экенин билдирди.

Анын айтымында, милиция мас абалында экендигин бир нече күбө ырастаганы менен окуя болгон жерге келген майордун кесиптештери аны ооруканага алып барып жаткырып, ал эми жабыркаган экинчи тарапка көңүл бурган эмес.

Улан Орозалиев.
Улан Орозалиев.

- Ушу маалга чейин милициядан эч ким басып келген жок. Эки баламдын буттарына гипс салынды, бир кызымдын ийини чыгып кетиптир, экинчи кызымдын денеси көгөрүп, кокустап калгандыктан ар кандай таңмаларды ороп беришти. Кудай чоң сактады. Бул жерде адамдык мамиле да жок болуп жатканына өкүнүп турам.

Майор: мен күнөөлүмүн, бирок...

Ал эми 15-январь күнү ооруканадан чыккан майор Төлөн Камчыбек уулу менен байланышканыбызда ал окуяда күнөөсү бар экенин айтып, кырсыкка чейин бир күн мурун ичкилик ичкенин мойнуна алды. Бирок ал коомчулукта бир тараптуу каралоо болуп жатканын, кырсык болгондон кийин экинчи тарап ага кол көтөрүп, мээси чайкалганын, чөнтөгүндөгү 12 миң сом акчасын алдырганын айтууда.

Төлөн Камчыбек уулу.
Төлөн Камчыбек уулу.

- Мен бир күн мурун ичкеним чын, бирок ал күнү алкоголь колдонгон эмесмин. Мен ал машинаны төлөп берем, ал жерде маселе жок. Ошол эле учурда мага кол көтөрүп, чөнтөгүмдөн күбөлүк, 12 миң сом акчамды алып коюшканы үчүн жооп бериши керек. Видеодон көрдүңөр го, менин оозу-башым кан болуп жүргөнүн. Эгерде авария учурунда болгон болсо, машинамдын ичи да кан болмок, бул андан кийин мага кол көтөргөндө мээм чайкалып, мурдум сынды. Муну соттук-медициналык экспертиза да далилдеди.

Кырсыктын чоо-жайын Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы териштирүүдө. Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова иликтөө ушул аптада жыйынтыкталарын билдирди.

- Иликтөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин эч кандай маалымат бере албайбыз. Биз да иликтөөнүн маалыматын күтүп жатабыз. Бул маселе жетекчиликтин да көзөмөлүндө турат.

Анткен менен жабыркаган тарап адилеттүү иликтөө болоорунан күмөн санап жатат. "Toyota avensis" унаасынын айдоочусу Улан Орозалиев ишти бурмалоо кырсык болгон мүнөттөн тартып башталып, авариянын картасы туура эмес чийилип, тергөөчүлөр ишке көңүлкош мамиле кылышкан деп эсептейт.

Окуяга жеринде күбө болгон журналист Азият Жекшеев кайсы бир учурларда күч органдары кандайдыр бир кылыгы үчүн жоопкерчиликтен жеңил кутулган көрүнүш көндүм адатка айланып баратканын белгилейт.

Азият Жекшеев.
Азият Жекшеев.

- Мен көп эле жол кырсыгын камерага тартып келем, ошондо абалы майордукунан да жаман адамдарды наркологияга сөзсүз алып барышчу. Керек болсо бутуна араң турган адамды милиция наркологияга сүйрөп барат. Бул жерде салыштырмалуу майор Камчыбек уулу эки буттап, жакшы эле басып жүрдү, бирок атайылап канында алкоголь бар-жогун кесиптештери текшертпей койду деп ойлойм. Себеби ал мас абалында болгону такталган болсо, бул жалпы милицияга көө сыйпап, экинчиден, майордун мындан аркы тагдырын өзгөртүп коюшу мүмкүн эле.

Мас экендигин дарыгер гана аныктайт

Республикалык жол көзөмөлдөө кызматынын мурдагы башчысы Темир Керимбев жол кырсыгы катталган учурда айдоочулар милдеттүү түрдө наркологиялык текшерүүдөн өтүшү керек деп эсептейт. Ал эми айдоочу ага жетпей ооруканага жатып калса, ал канды текшерүүнүн башка жолдору бар экенин эске салды.

- Эгерде доктурлар айдоочуну ооруканага жаткырса, МАИ кызматкерлери аны күчтөп ал жактан наркологияга алып бара албайт. Себеби жолдон ал адам кайтыш болуп же дагы бир нерсе болуп кетсе, жоопкерчиликти ошол милиция алышы керек болуп калат. Андыктан кандын анализин оорукананын өзүндө эле доктурлар чыгарып бериши керек. Эгерде айдоочунун анализин өткөрүүгө атайылап тоскоолдук жасалган болсо, анда тийиштүү адамдар жоопкерчиликке тартылат.

Керимбаев дарыгерлердин бүтүмү болмоюнча айдоочунун мас абалында болгонун далилдөө мүмкүн эмес экенин кошумчалады. Натыйжада милициянын майору Төлөн Камчыбек уулу унааны мас абалында башкарганбы же жокпу, азыркыга чейин расмий далилдене элек.

Бирок майор өзү кырсыкка чейин бир күн мурун ичкилик ичкенин, арадан 24 саат өтө электе эле машине айдаганын “Азаттыкка” айтып, кандын курамында алкоголь болушу мүмкүн экенин жокко чыгарган жок.

Ал эми экинчи айдоочу Улан Орозалиев наркологиялык текшерүүдөн өтүп, кандын курамы таза чыккан. Орозалиев учурда акыйкаттык издеп, окуя боюнча премьер-министр менен президентке кайрылуу даярдап жүргөн кези.

Жол коопсуздук кызматкерлери өткөн бир жума ичинде өлкө боюнча 200дөн ашык мас абалында машине башкарган айдоочуну аныктаган. Өтүп кеткен 2017-жылы 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, мурдагы жылга салыштырмалуу 9,9% көбөйгөн, кырсыкта кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG