Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Түптөгү куугундун арты кырсык болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

14-апрелде Түп районунун Балбай айылындагы жол кырсыгынан улам чыккан чыр боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Балбай айылынын жоон топ тургундары "эки инспекторду сабап, денесине залал келтирди" деп айыпталышууда. Катуу ылдамдыкта келатып кырсыкка кабылган автоунаадагы төрт кишинин бири каза болуп, "айылдыктардын ур-токмогуна кабылды" деп айтылып жаткан эки кызматкер ооруканага түштү.

Сабалган эки инспектор Ички иштер министрлигинин Бишкектеги госпиталында дарыланып жатат. Ал эми кырсыкка кабылган төрт кишинин бири Санжар Бостериев каза болуп, эки адам Түп райондук ооруканасына жаткырылган. Алардын абалы канааттандырарлык. Дагы бир адамдын абалы оор, ал Каракол шаарындагы облустук ооруканага которулган.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, азырынча милиция кызматкерлерин сабоо фактысы боюнча гана кылмыш иши козголду:

- Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлерин уруп, сабоо боюнча Түп райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси ("Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү") менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ошол жерден инспекторлорго денесине залал келтирген адамдардын тек-жайы такталып жатат.

Ооруканага түшкөндөрдүн бири, айдоочу Максат Жанышбек уулу кырсыктын келип чыгышына да, андан кийинки окуяга да милиция кызматкерлерин айыптады:

- Бизди инспекторлор Балбай айылына 300-400 метр калганда талаадан тосту. Машинени мен айдап бараткам. МАИ бекетинен тоспосо мен эмнеге токтошум керек? Айыл ичинен тоссо макулмун. Ошон үчүн мен токтобой айдап кеттим. Газ тептим, ал да тепти, менин машинемдин кыймылдаткыч күчү бир аз көбүрөөк болуп калды окшойт, ары өткөндөн кийин эле дөңдөн секирип, анан башкарууну жоготуп алдым.

Райондук милиция болсо айдоочу жол эрежесин бузганынын кесепети ушундай болгонун ырастайт. Түп райондук жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Жумабаев күзөттөгү милиция кызматкерлеринин айткандарына таянып, буларды билдирди:

- Бизде Түптүн чыга беришинде мурунку стационардык бекеттин имараты бар. Ошол жерден күндүз саат үчтөрдө катуу келаткан унааны инспекторлор тоссо, ал токтобой коёт. Терезеден колдорун көрсөтүп өтүп кетишет. Ошондон кийин инспекторлор кубалайт. Артынан ээрчип барат, бирок жетпей калат. Анан көз алдында тоголонуп кетиптир.

Жумабаевдин айтымында, кийинчерээк кырсыктагандардын жакындары эки кызматкерди сабап салышкан:

- Анан ошол жерге туугандары келиптир. 20-30дай киши келип сабаптыр.

Мындай дооматты кырсыктагандар жана алардын жакындары төгүндөп жатышат. Маркум Санжар Бостериевдин агасы Нурлан Бостериев буларды айтты:

- Ал жакта туугандар болгон эмес. Бир туугандар моргдо жүрдүк. Кырсык болгон жерге айылдын эли чогулуп, анан түшүнбөстүктөр болгон го.

Кырсыкка күбө болгондордун бири Кубандык Молдошев жаңжал тууралуу буларды айтып берди:

- Инспекторлорду жаштар, каза болгондун теңтуштары сабашты. Күрмөнтүдөн келишти. Катуу деле сабаган жок. Жулмалаган, анан инспекторлор машинесине кирип чыкпай койбодубу. Милициялар бар болчу, кармаган жок эч кимисин. Бир МАИ кызматкери качып кетти. Мен жол тоскону чыктым. Турдум, эч ким жок болчу. Тиги машина чыкты, катуу ылдамдык менен, ошол жерден эле ала салып кетти. Анан ыргып барып бирөөнүн короосуна түштү. Артынан бир мүнөткө жетпей эле МАИ келди. Кубалап келаткан окшойт да. Анан туш тараптан кишилер жайнап кетишти.

Балбай айылынын дагы бир тургуну Роза Шаймолдоева кырсыкка кабылган балдардын өздөрүн айыптады:

- Авария болгон балдар, айдоочусу баш болуп эле кызуу экенин көрдүк. Машинени 200 ылдамдык менен кандай киши айдайт? Машине токтогондон кийин спидометр 200дү көрсөтүп туруптур. Анан айылдын ичинде, ошол кезде мектептен келаткан балдар бар. Соо киши байкап, айылдын ичине келгенде ылдамдыкты азайтат да. "МАИ кубалады" деп атат, эгер соо болсо токтойт эле да.

14-апрелде Балыкчы-Каракол жолунун 183-чакырымындагы кырсыкта жабыркаган төрт киши Түп районунун Күрмөнтү айылынын 23 жаштагы тургундары болушкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG