Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:20

Террорго айыпталгандар БУУга кайрылат


Террорго каршы операция. 16-июль, 2015-жыл

Мындан үч жыл мурда Бишкекте террорчулукка айыпталган мурдагы депутат Максат Кунакунов баш болгон сегиз адамдын жакындары эл аралык коомчулукка кайрыла турганын билдиришти.

Камалгандардын жакындары соттун чечими менен толук тааныштырууну өтүнүп жатышат.

Мындан үч жыл мурда Бишкекте террорго шектелип кармалгандардын жакындары соттун чечими менен тааныша албай, балдары эмне себептен, кандай күнөөсү үчүн абакка кесилгенин билбей жатканын айтып, "Азаттыкка" кайрылышкан. Алар кылмыш иши жабык каралып, аны ачыкка чыгарбоо чектөөсү коюлгандыктан сот качан, кандай шартта өтүп жатканын билүү мүмкүн болбой жатканын билдиришти.

Соттолгондордун бири Бактыбек Жуматаевдин 80 жаштагы энеси Турганбүбү Абдраманова президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон мамлекет жетекчилерине кайрылып, аларды кабыл алуусун суранып жатат.

- Моюнуна жасабаган иштерди коюп, ток менен урдуруптур. Караган балам эле ушул Бактыбек болчу. Сотко киргизбейт, жакын жолотпой эле "болбойт" деп турушат. Башына ток коюп, ийиндери көгала экен. Аны адвокат айтпайт да чиркин. Бакыттын эти кичине көгөрүптүр деп коёт. Эмнеге көгала болот? Кайрылбаган жерибиз калбады. Баары эле "сот чечет" дейт. Же бир соту ачык болсочу... Кышта келген бойдон кете элекмин, башым баткан жерде жүрөм. Биздин дагы бир талабыбыз айтылбай жатат. Президент менен бетме-бет жолугуп, арманыбызды айтсак жакшы болмок...

Турганбүбү Абдраманова
Турганбүбү Абдраманова

Ал ортодо Жогорку сот террордук чабуулга даярданган деген шек менен мындан эки жыл мурда кармалган сегиз адамдын кылмыш ишин карап, райондук жана шаардык соттун өкүмдөрүн күчүндө калтырганы белгилүү болду. Жогорку соттун маалымат кызматы иш каралганын ырастап, анын чоо-жайына токтолгон жок.

2015-жылы 16-июлда Бишкекте жана анын чекесинде жүргүзүлгөн антитеррористтик операциялардын натыйжасында жалпысынан алты адам жок кылынган. Мына ошол каршылык көрсөткөн жоочулар менен байланышта болгон деген негизде кийин сегиз адам кармалган.

Алар:

Абдиманас Курбанбаев — 28 жылга;
Алтынбек Жумагазиев — 27 жылга;
Эркинбек Кадыров — 27 жылга;
Бакытбек Батырканов — 20 жылга;
Советбек Ибраев — 25 жылга;
Бактыбек Жуматаев — 18 жылга;
Санжар Эркин уулу — 17 жылга эркинен ажыратылган.
Уланбек Ниязбеков - кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, мунапыска туш болгон.
Максат Кунакунов - 10 жылга соттолгон.

Бул топту каржылаган деген негизде парламенттин мурдагы депутаты Максат Кунакунов да аэропорттон кармалган. УКМК бул ишти жихадчы террорчул топ түзүү жана конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирүү аракети катары карайт.

Тергөө ал кылмыштуу топ курал-жарак, ок-дары сатып алып, Бишкекте террордук акт жасоого даярданган деп эсептейт. Бул иште мамлекеттик сыр камтылган маалыматтар бар деген негизде ал баштапкы сотто дагы жабык каралган.

Көз жашын төккөн Советбек Ибраевдин жубайы Кундуз Күрөңкеева башына түшкөн мындай тагдырдан төрт баласы менен батирлеп жүргөнүн билдирди.

Кундуз Күрөңкеева
Кундуз Күрөңкеева

- "Менин катыштыгым жок" дегенди эч ким уккан жок, болбой эле "сен террористсиң" деп күйөөмдү 25 жылга соттошту. Мурда-кийин башыбыздан мындай өтпөсө кайда барып, кимге кайрыларды деле билбей калдык. Кайненем да өтүп кетти. Менин ата-энем жок. Төрт балам менен жалгыз батирде жашайм. Мамлекеттен эч кандай жардам албайм.

Роза Асиппаеванын баласы Бакытбек Батырканов Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турат. Эне-бала үч жылдан бери көрүшө элек.

- Кандай кылганын биз да билели, эл уксун. Жөн эле камалып жатат. Мен баламды эмне себептен камалганын деле билбейм. Балам Бишкекте иштеп жүргөн. Кармалганын бир айдан соң уктум. "Баланча күнөө кылыптыр" деп айтпайбы, сотко катыштырбайбы бизди. Күнөөсүн уксак "ии" дейт элек да. Жок, бизди жанына жолотпойт такыр.

Роза Асиппаева
Роза Асиппаева

"Азаттыкка" арманын айтып келгендер терроризм менен соттолгон сегиз кишинин ишин кайрадан карап чыгууну өтүнүп жатышат.

"Кылым шамы" укук коргоо борбору терроризмге шектелгендердин соту укук бузуулар менен өткөнүн айтып келет. Жогорку соттун чечиминен соң аталган уюм Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетине арыз жаза турганын укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди.

- Жогорку соттун чечиминен кийин бул ишти кайра тергөөгө жөнөтүү мүмкүн эмес. Бирок биз Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары комитетине кайрылабыз. Булар биринчи кармалган күндөн баштап бардык мыйзамды бузуу жолу менен суракка алган. Ар кимиси ар кайсы датада кармалып, бири-бирин тааныбайт. Ар кайсы жерден терип келип, уруп-сабоо, кыйноо жолу менен ишти бири-бирине илишкен. Буларды каржылады деп айыпталып жаткан Максат Кунакунов бирин дагы тааныбайт экен. Өтө одоно жасалма иш болгон. Сот жабык өтөт деп койгон, адвокаттардын бири да иш канча том экенин билбейт. Бир дагы адвокат иш менен толук таанышкан эмес. Кызыгы, дүйнөлүк практикада мындай акмакчылык жок, адвокаттар эле эмес, соттолуучулардан да "ачыкка чыгарбайбыз" деп тилкат жаздырып алышкан. Бардыгы тең кыйноонун эң жаман түрүнө кабылган. Акыркы аракетим БУУнун комитетине жеке арыз менен кайрылабыз.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

Буга чейин террорчулукка айыпталган сегиз соттолуучунун төртөөнүн адвокаты жок экени белгилүү болгон. Аларга мамлекет эсебинен адвокаттар жалданган. Сотто каралган ишти сыртка чыгарбоо, купуя сактоо боюнча тилкат берүүдөн баш тарткан адвокат Динара Медетова ошол кезде сот залынан чыгарылган.

Бул иш боюнча ошол кезде соттук коллегияга төрагалык кылган Бишкек шаардык сотунун судьясы Адис Момуналиев ишти кароонун тартибине төмөндөгүчө токтолгон:

- Кылмыш ишинин бардыгы жашыруун. Биз эксперт болбогондон кийин анын кайсы бөлүгүндө мамлекеттик сыр бар же кайсы бөлүгүндө сыр жок деп отура албайбыз да. Бул жашыруун иш. Биз адвокатты сотко катыштырбай койгон жокпуз. Болгону анын мазмунун ачыкка чыгарбоо боюнча тилкат берүүнү гана сурадык. Ал жерде башка адвокаттар да тилкат беришкен.

УКМКнын мурдагы орун басары Токон Мамытов бул олуттуу ишти бир гана атайын кызмат же прокуратура, сот органдары чече албай турганын билдирип жатат.

Токон Мамытов
Токон Мамытов

- Өзгөчө мындай оор иш менен күнөөлөнгөндөр дайым эле ушинтет, бул тажрыйба болуп калды. "Биз момунбуз, жакшы жүрчүбүз, биз эч кимди аткан жокпуз, уурдаган жокпуз", - дешет. Бирок алар эл аралык террористтик, экстремисттик уюмдарда мүчө болуп жүрүштү да. "Мени кыйноого алышканы үчүн ушинтип айттым, моюнума алдым" деген көп эле болот. Ошол жагын да эске алыш керек. Эгер укугу бузулуп жатса адвокатка айтып, прокуратура органдарын чакырышат.

Буга чейин укук коргоочулар кылмышты моюнга алдыруу үчун кармалгандар кыйноонун ар түрдүү ыкмасына туш болгонун айтып, тиешелүү органдарга кайрылышкан. Башкы прокуратура бул боюнча иш козгоодон баш тарткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG