Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:57

Мындан эки жыл мурда Бишкекте террорчулукка шектелип кармалган мурдагы депутат Максат Кунакунов баш болгон сегиз адамдын сот ишин Бишкек шаардык соту жабык кароого киришти.

Бирок соттолуучулардын айрымдары сотто адвокатсыз көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Анткени тергөө 15 томдук бул кылмыш ишин мамлекеттик сырды камтыган материалдар катары ачыкка чыгарбоо белгисин койгон.

Буга байланыштуу адвокаттардын бири Динара Медетова ага тил кат берүүдөн баш тарткан. Анын ишти бөлүп, жашыруун эмес деген материалдар менен гана таанышууга мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү сот тарабынан четке кагылган.

Сотко төрагалык кылуучу адвокат тил кат берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу аны жараяндан четтетүү боюнча соттук аныктама чыкканын айтты.

Адвокат укугу бузулганын жарыялады

17-апрель күнү Бишкек шаардык соту террордук чабуулга даярданган шек менен мындан эки жыл мурун кармалган сегиз адамдын кылмыш ишин апелляциялык негизде кароого киришти.

Соттолуучулар Алтынбек Жумагазиев менен Эркинбек Кадыровдун адвокаты Динара Медетова иш менен таанышып, коргоо чараларын колдонуу үчүн толук мүмкүнчүлүк берүүнү сураган. Анткени кылмыш иши жабык каралып, аны ачыкка чыгарбоо чектөөсү коюлгандыктан адвокаттан тил кат берүү талап кылынган. Адвокат тил кат берсе, коргоо ыкмаларын колдоно албай каларын айтып андан баш тарткан.

Максат Кунакунов
Максат Кунакунов

Ошол эле кезде адвокат иштин жашыруун эмес бөлүгү менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүнү сурап, сотко өтүнүч келтирген. Бирок сот андан баш тарткан. Адвокат Динара Медетова буга чейин мындай соттук практика болбогонун айтты:

- Биздин практикада мурда сырды камтыган материалдарды өзүнчө бөлүп койчу. Аны менен тааныштыруунун алдында ошол материалдарды ачыкка чыгарбоо боюнча гана тил кат алышчу. Азыр болсо кылмыш ишинин бардыгы жашыруун деп, жараян жабык болуп жатат. Анан мен иштин жашыруун эмес бөлүгү менен таанышууга уруксат берүүнү сурап, "калган мамлекеттик сырды камтыган материалдарды мага көргөзбөй эле койгула" дедим. Бирок андай болбоду. Бул мыйзамга туура келбейт. Кылмыш-жазык-процессуалдык кодексинде мына ушундай иштер толук жабык каралсын деген жери жок. Мамлекеттик же кызматтык сырды камтыган жерлери болсо, аларды бөлүп туруп, калганы менен мени тааныштырышса болмок. Мен тил кат берүүдөн баш тарттым. Анткени тил кат берип алып, анан коргоо чараларын колдонууга болбойт экен. Анда мен соттолуучунун укугун кантип коргойм? Мен сотто прокурор менен судьянын гана айтканын угуп, башымды ийкеп отура албайм.

Кылмыш ишинин таржымалы

2015-жылы 16-июлда Бишкекте жана анын чекесинде жүргүзүлгөн антитеррористтик операциялардын натыйжасында жалпысынан алты адам жок кылынган. Мына ошол каршылык көрсөткөн жоочулар менен байланышта болгон деген негизде кийин сегиз адам кармалган.

Бул топту каржылаган деген негизде парламенттин мурдагы депутаты Максат Кунакунов да аэропорттон колго түшкөн. УКМК бул ишти жихадчы террорчул топ түзүү жана конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирүү аракети катары карайт. Тергөө ал кылмыштуу топ курал-жарак, ок-дары сатып алып, Бишкекте террордук акт жасоого даярданган деп эсептейт. Мунун бетин ачуудагы иште мамлекеттик сыр камтылган маалыматтар бар деген негизде ал баштапкы сотто дагы жабык каралган.

Бул иш боюнча соттук коллегияга төрагалык кылуучу Бишкек шаардык сотунун судьясы Адис Момуналиев ишти кароонун тартибине төмөндөгүчө токтолду:

- Мына ошол кылмыш ишинин бардыгы жашыруун. Биз эксперт болбогондон кийин анын кайсы бөлүгүндө мамлекеттик сыр бар же кайсы бөлүгүндө сыр жок деп отура албайбыз да. Бул жашыруун иш. Биз адвокатты сотко катыштырбай койгон жокпуз. Болгону анын мазмунун ачыкка чыгарбоо боюнча тил кат берүүнү гана сурадык. Ал жерде башка адвокаттар тил кат беришкен. Ошондой эле бул ишти кароого мына ошондой мамлекеттик сырлар тууралуу маалыматтарды алууга уруксаты бар гана соттор менен прокурорлор тартылган. Бул өтө жашыруун материал болгондуктан аны кароонун тартиби ошондой. Жашыруундуулук белгисин коюуну УКМК аныктайт. Бул кылмыш ишине тергөө убагында эле мына ошондой чектөө коюлган.

УКМКдагы кыйноо: Кунакуновдун арызы

“Бийликти күч менен алууга даярданган” деген айып менен соттолуп жатышкан Максат Кунакунов жана Алтынбек Жумагазиев атайын кызматтын тергөө абагында кыйноого дуушар болушканын айтып, акыйкатчыга даттанышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет терроризмге байланыштуу кылмыш иштерин тергөө жана соттук кароо жабык жүргүзүлө турганын жарыялаган. Анткени анда мамлекеттин коопсуздугуна каршы аракеттер жана алардын алдын алуу чараларына байланыштуу атайын кызматтын ыкмаларын ачыкка чыгарбоо зарылдыгы турганы белгиленген. Ардагер чекист Токон Мамытов бул жагдай тууралуу буга чейин буларды айткан:

- Ал атайын операция болчу. Анда мамлекеттин коопсуздугун сактоого байланыштуу өзүнүн жашыруун эрежелери бар. Ошондуктан атайын кызматты жана өкмөттү буга байланыштуу айыптоо негизсиз. Бул жөн эле “имиш-имиш” сыяктуу ушак сөздөр. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке ишеним көргөзбөө үчүн негиздер болушу керек. Мына ошондой негиздер азыр жок. Негизи эле биздин улуттук коопсуздукту караган атайын кызматка ишенүүбүз керек. Ошол иште уюшма террордук топторго караштуу адамдар болгону жетишерлик далилдер аркылуу ырасталып жатпайбы. Шек саноого эч кандай негиз жок. Мунун бардыгы мына ошол соттолгон адамдардын эле өзүн-өзү коргоо аргасы.

Кызматтык сырдын жобосу

Анткен менен башка бир коопсуздук органдарынын ардагерлери тыңчылыкка жана чыккынчылыкка байланыштуу кылмыш иштери гана мамлекеттик сырды ичине камтышы мүмкүн экенин белгилешти. Бирок тергелген 15 томдук иштин баарында мамлекеттик же кызматтык сырлар болушу мүмкүн эмес дешет алар.

Атайын кызматтын антитеррористтик борборунун мурдагы жетекчиси Марат Иманкулов бул багытта атайын кабыл алынган жобо бар экенин билдирди:

- Терроризмге байланыштуу кылмыш иштеринде жашыра турган нерселер жок. Алардын жардырып кетип, атып кетип жатканын эл-журт деле көрүп эле жатпайбы. Бирок мына ошол иштердин бетин ачуудагы атайын кызматтардын ыкмалары жана иш алып барган оперативдүү кызматтардын, маалымат берген адамдардын аты-жөнү жашыруун кызматтык сырга кирет. Мына ошондой кошумча маалыматтар өзүнчө бөлүнүп, ишти караган судьяга жана адвокатка тааныштырылат. Бул боюнча алардан ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат алынат. Кылмыш ишинде мындан башка мамлекеттик же кызматтык сырлар болушу мүмкүн эмес. Мамлекеттик жана кызматтык сырларды камтыган маалыматтарды сактоо боюнча жана алардын соттук жараяндар учурунда сыртка чыгып кетпөөсүн камсыздоо тууралуу атайын жобо бар. Мына ошону жетекчиликке алуу менен иш жүрөт.

Бул иш боюнча террорчулукка айыпталган сегиз соттолуучунун төртөөнүн адвокаты жок экени белгилүү болгон. Мына ошондуктан аларга мамлекеттин эсебинен адвокаттар жалданган. Бирок тил кат берүүдөн баш тартып, сот залынан чыгарылган адвокат Медетованын коргоосундагы эки соттолуучу сотко көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Кийинки соттук жараян 25-апрелде улантыла турганы жарыяланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG