Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Максат Кунакуновдун Ак-Талаадагы "изи"


"Республика - Ата Журт" партиясынын Ак-Талаа районунда илинген шайлоо баннери (Билимбек Капарбек уулу менен Өмүрбек Бабанов)
"Республика - Ата Журт" партиясынын Ак-Талаа районунда илинген шайлоо баннери (Билимбек Капарбек уулу менен Өмүрбек Бабанов)

Быйыл жайында Бишкекте жок кылынган террорчул топко тиешеси бар деп шектелген Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Максат Кунакуновдун кылмыш иши боюнча тергөө аяктай элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экс-депутатты мындан толук эки ай мурун камакка алган болчу.

Ал арада Кунакуновдун байланыштары боюнча жаңы жагдайлар ачыкка чыгып жатат.

“Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын билдиришинче, Максат Кунакунов камакка алынардан эки-үч күн мурун Нарын облусунун Ак-Талаа районуна барып, Билимбек Капарбек уулу баштаган азыноолак адам менен жолуккан.

Такталбаган маалыматка караганда, анда Ак-Талаада сарай алып, мал багып, чогуу бизнес баштоо тууралуу сөз болгон. Ал ишкердик топко 16-июлда Бишкекте атайын операция маалында жок кылынган “Тоха” деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Тариэл Жумагулов дагы кирген. Капарбек уулу азыр “Республика – Ата-Журт” партиясы менен шайлоого баратат, тизмеде 123-орунда.

Максат Кунакунов
Максат Кунакунов

Ал “Азаттыкка” Максат Кунакунов менен жакшы тааныш экенин жана камалар алдында Ак-Талаага келип кеткенин тастыктады. Бирок курал-жарак берген, чогуу бизнес баштоо тууралуу кеп болгон деген маалыматты жокко чыгарды:

- Илгертен бери эле үй-бүлөбүз менен дос катары чай ичишебиз. Мындай эле келип, учурашып, чай-пай ичип, белинен баспай калган бир бала бар, ошого дуба кылып, жардам көрсөтүп кеткен. Андан башка деле максаты жок болчу. Бизнеске деле кызыкпайм. Анын камалышы саясатка байланыштуу го деп ойлойм. Андай деле ою жок болчу. Туура, беш маал намаз окучу. Жакшы сапаттарды гана айтчу. Андай жактары деле жок болчу. Эгер андай болсо мага айтмак эле. Илгертен бери эле катышабыз. Үч эркек баласы бар, аялынын аты Назира. Ал "шалман-шулман" балдарды да жаман көрөт. Андайлардан алыс жүрөт.

Билимбек Капарбек уулу, "Республика - Ата Журт" партиясынын Ак-Талаа районунда илинген шайлоо баннери
Билимбек Капарбек уулу, "Республика - Ата Журт" партиясынын Ак-Талаа районунда илинген шайлоо баннери

“Били” деген каймана ат менен таанымал 38 жаштагы Билимбек Капарбек уулу Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылындагы “Тайлак баатыр” деген спорт мектепти жетектейт. Эркин күрөш менен алектенет жана эл аралык даражадагы спорттун чебери. Айылдаштары “Били” айрыкча жаш кезинде “чоң муштум” болгонун, кылмыштуу топторго аралашып жүргөнүн кеп кылып жүрүшөт. Ага ылайык, “Били” Чүйдөгү Кара-Балта шаарындагы кылмыштуу топ менен катуу араздашкан, ошондуктан соңку беш-алты жылдан бери негизи такай Ак-Талаада болуп, Бишкекке, Чүйгө ачык келип кетүүдөн чочулайт деп айтышат.

Анткен менен, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Талантбек Кадыров Билимбек Капарбек уулу уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары күч органдардын тизмесинде жоктугун, соттолбогонун билдирди.

Бишкекте террорчул топту кармоо операциясы. 16-июль, 2015-жыл
Бишкекте террорчул топту кармоо операциясы. 16-июль, 2015-жыл

16-июлда Бишкектеги Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо учурунда төрт адам өлтүрүлүп, дагы жетөө колго түшкөн болчу. Окко учкандардын арасында ошол топтун ана башы делген, казак жараны Жанбулат Амиров, “Тоха” деген каймана ат менен таанымал уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү Тариэл Жумагулов болгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов 20-июлда таңга маал “Манас” аба майданынан чет өлкөгө учканы жаткан жеринен кармалган. УКМК экс-депутат ошол жок кылынган террорчул топко тиешеси бар жана ал топту каржылап турган, курал-жарак менен камсыздаган деп билдирген. Ошондой эле Кунакунов ал топту айрым банктарды жана айрым бир адамдарды карактоого шыкактап жаткан деп айтылган.

22-сентябрда Кунакуновдун ишинин эки айлык тергөө мөөнөтү бүттү. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов тергөөнүн мөөнөтү дагы узарганын, иш сотко жете электигин тастыктады.

УКМКнын мурдагы жетекчи орун басары Марат Иманкулов бул окуя боюнча жооптон да суроо көптүгүн белгиледи. Анын пикиринде, топтун террорчул деп аталышы жана алардын байланышы, каржыланышы тууралуу маалыматтар такталышы керек:

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

- Бул өтө татаал, өтө чоң коркунучтуу кылмыштарга кирген иш. Мамлекетке каршы кылмыштарга кирет. Ошондуктан муну кылдат текшерүү керек. Адистер чынында эки ай ичинде тергеп бүтө албайт. Анткени көптөгөн суроолор пайда болбодубу. Ошонун баарын тастыктоо зарыл. Мисалы, Кунакунов каржылаган деп айтылды. Ал маалымат каяктан алынган, Кунакунов анын баарын моюнуна алдыбы же жок кылынган террорчулар өлөр алдында айтып кетиштиби деген суроолор туулат. Ошонун баарын тактап берүү керек. Анткени бийлик террорчул топ экен, аларды булар каржылаган деген сөздөрдүн баарын сотто далилдеп бериши керек. Далилдей албаса, коомчулукка ошондой маалымат таратканы үчүн жооп бериши зарыл.

Максат Кунакунов колунда бар, аты элге таанымал үй-бүлөдөн чыккан. Ал 2007-2010-жылдары “Ак-жол” партиясынан эң жаш депутат болгон. Ага чейин, 2005-жылы “Либералдуу-прогрессивдүү жаштар” партиясын түптөгөн.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин эки-үч жылдай көмүскөдө жүргөн. Анын аты 2014-жылы “Жаштар өкмөтү” кыймылын түзүп, Бишкекте курултай өткөрүп, бийликти кескин айыптап чыкканда угулган эле.

XS
SM
MD
LG