Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Абайла, адалсынган террорчу


УКМКнын операциясынан кийин, 16-июль, 2015-жыл
УКМКнын операциясынан кийин, 16-июль, 2015-жыл

16-июлда Бишкектин эки жеринде өткөн террорчуларга каршы операция көптөгөн суроолорду жаратты. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү күдүк жараткан жоромолдорго жооп издеди.

Башында УКМК контртеррористтик операциянын бир бөлүгү ГЭС – 5 конушунда болгонун жар салган. Маалымат каражаттары да эки жоочунун ушул аймакта жок кылынганын жазышкан. Коопсуздук комитети туура эмес айтканбы же журналисттер каңырыш укканбы, кыскасы иликтөөбүздүн жүрүшүндө террорист делген эки жаран ГЭС – 2 конушунда, Чоң-Чүй каналынын жээгинде көзү тазаланганы белгилүү болду.

УКМКнын маалыматы боюнча ГЭС – 2де Орунбасар Нурпазилов аттуу 28 жаштагы казак жараны жана 37 жаштагы нарындык Канатбек Усубалиев өлтүрүлгөн. Адегенде ГЭС – 2де жок кылынгандардын бири 1980-жылы туулган Арыстанов Аман Вальеревич экени тууралуу маалымат тарап кеткен. Бирок Аман Арыстанов тирүү, бажы тармагында иштейт. Болгону ал өзүнө таандык паспортун 2010-жылы жоготуп алган экен. Беш жыл мурда жоголгон паспорт ГЭС – 2де тындым кылынган Канатбек Усубалиевдин жанынан табылган. Демек ал ушу кезге чейин жасалма паспорт менен жашырынып жүргөн.

Абайла, адалсынган террорчу
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:05 0:00

УКМКнын маалыматына таянсак, өлтүрүлгөндөр “Ислам мамлекети” эл аралык террор тобунун мүчөлөрү болушкан. Алардын жанынан жарым тонна аммиак селитрасы, 7 Калашников автоматы, 5 Макаров тапанчасы жана көптөгөн гранаталар табылган. Атайын кызмат тараткан видеодон “Ислам мамлекети” согушкерлеринин желегин да көрүүгө болот. Террорчу делгендердин жанынан ири өлчөмдөгү акча табылганы айтылганы менен, УКМК бул маалыматты тастыктай элек.

Жок кылынган террористтер кимдер? Темиров-14 дарегиндеги эки кабат үйдө жок кылынган 27 жаштагы Жанболат Амиров казак жараны. Ал жатак абагынан качып кеткендигине байланыштуу шериги, 24 жаштагы Альберт Абхин экөө май айынан бери издөөдө жүргөн. Эки казак жараны чек арадан мыйзамсыз өтүү, жасалма документ жасоо беренелери боюнча 3-4 жылга соттолушкан болчу. Атайын кызмат 1-июлда аларды кармоого аракет кылганда Абхин өзүн-өзү жардырып өлгөн.

Абайла, адалсынган террорчу (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:29 0:00

“Альфачыларга” багынбай, куралдуу каршылыктан ажал тапкан атбашылык Тариэл Жумагулов мурда талап-тоноо, бейбаштык, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу беренелер боюнча 4-5 жолу соттолгон. Ал мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин уюшма кылмыштуу тобунда “Тоха” деген каймана ат менен активдүү мүчө катары белгилүү.

Коопсуздук комитети атайын операция учурунда террордук топко катыштыгы бар деген шек менен 7 жаран камакка алынганын билдирген. Көпчүлүк “альфачылардын” окуя болгон жерден чолок шымчан 5-6 кишини кармап баратканын көрүп шектүүлөр катары кабыл алышкан. Бирок Темиров-14 дарегинен кармалган жарандардын террордук топко тиешеси болгон эмес. Алар окуя болгон үйдүн жанындагы курулушта иштеп жатышкан.

Дагы бир тактоо: террордук топко тиешеси бар делген 7 жаран атайын операция өткөрүлгөн үйлөрдөн эмес, Бишкектин башка райондорунан кармалган. Террорчулар менен байланышы бар деп камалгандардын арасында Алтынбек Итибаев, Эркинбек Кадыров, Мирслан Бекмамат уулу, Адиманас Курбанбаев жана башка 3 жаран бар экени айтылууда.

Абайла, адалсынган террорчу (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:39 0:00

Дагы бир кызык жагдай террорчу деп өлтүрүлгөн Тариэл Жумагуловго акчалай жана курал-жарак жактан жардам берген деп "Ак-жолдун" экс-депутаты Максат Кунакуновдун кармалышы болду. Ал 20-июлда таңкы төрттө өлкөдөн чыгып бараткан жеринен "Манас" аба майданында колго түшүрүлгөн. Атайын кызматтын ишендиришинче, Кунакунов Тохага эки даана Калашников автоматын берген жана аталган куралдар атышуу болгон жерден табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, экс-депутат куралдуу топ менен тыгыз алакада болуп каржылык колдоо көрсөтүп турган. Ал арада "акжолчу" депутаттын кармалышын мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өлкөнү куралдуу топтор менен тополоң уюштуруу аракети менен байланыштыргандар да болбой койгон жок. Буга Кунакуновдун Бакиев түптөгөн партиядан болушу жана анын “Жаштар өкмөтү” кыймылы аркылуу азыркы бийликти сындап чыкканы себеп болду көрүнөт.

Азырынча тергөөнүн расмий жыйынтыгы качан чыгары белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча, террордук топ 17-июлда эски аянтта айт намазы окулуп жатканда жана Канттагы Орусиянын авибазасында теракт уюштурушмак. Жардыруучу заттын детонатору жок туруп согушкерлердин арам ою кантип ишке ашмак?

XS
SM
MD
LG