Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Рита Карасартова акыйкатчылыкка талапкерлигин коёт


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Жарандык активист Рита Карасартова акыйкатчылык кызматка талапкерлигинин көрсөтөт. Бул тууралуу Карасартова өзү “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тиешелүү документтерди топтоп, парламенттеги алты фракцияга кайрылууга камынууда.

Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинден депутаттар добуш берүү менен бирин тандашы керек.

- “Акыйкатчы жөнүндө" мыйзамдын 7-беренесинде эгерде акыйкатчы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, бул орунга бир айдын ичинде башка адам шайланышы керек экени жазылган. Бирок Жогорку Кеңештин регламентине ылайык алар бул убакта каникулда болуп калып жатат. Ошондуктан парламент бул маселени карап көрүп, чечим кабыл алышы керек. Буга чейин Жогорку соттун судьяларын кезексиз жыйынга чогулуу менен шайлашкан эле, - деди Карасартова.

Буга чейинки акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.(BkA)

XS
SM
MD
LG