Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Оторбаевди ордунан козгогон жагдайлар


Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырды.

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин кызматтан кетиши институттун жамааты үчүн да күтүүсүз болгон.

Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева Оторбаев жамаатка өз каалоосу менен кетип жатканын, бул чечимди бир жылдан бери ойлонуп жүргөнүн айткан. Оторбаевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал коомчулукка тараткан билдирүүсүндө кызматын тапшыруу чечимин мындайча түшүндүргөн.

- Акыйкатчы катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим. Ар бир адамдын, анын ичинде мамлекеттик кызматкердин турмушунда анын билими менен иш билгилиги башка жаатта, башка жерлерге керек болгон учур келет, ал чөйрөлөрдө адам мамлекетке жана коомго көбүрөөк салымын кошушу ыктымал. Мындай учур мага да келди. Бул алдын-ала жакшылап ойлонулган чечим, ал өз ыктыярым менен кабыл алынды.

Оторбаев акыйкатчы катары иштеген 2,5 жыл ичинде адам укуктарын коргоо жаатында аткарган иштерин тизмектеген. Ал жетишкендиги катары институттун беш жылдык стратегиясын иштеп чыкканын, эки жылда 19 атайын баяндама даярдаганын жана башка иштерди санаган.

Оторбаев Сахароводогу мигранттар борборунда.
Оторбаев Сахароводогу мигранттар борборунда.

Анткен менен Оторбаевдин өз ыктыяры менен кеткенинен күмөн санагандар да жок эмес. КСДП фракциясынын атын атагысы келбеген депутаты Оторбаевдин ишинде саясий жүйө бар экенин айтты. Анын ырасташынча КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов акыйкатчынын алмашуусуна кызыкдар болгон. Анткени буга чейин аталган фракция Өмүркуловдун демилгеси менен Оторбаевдин жылдык ишин канааттандырарлык эмес деп тапкан. Бул боюнча фракция лидеринен пикир алууга мүмкүн болгон жок.

Акыйкатчы: аялдар менен балдарга түйшүк түштү

Акыйкатчы: аялдар менен балдарга түйшүк түштү

Акыйкатчы институту Кыргызстандагы аялдар жана жашы жете элек балдардын эмгекке болгон укуктары тууралуу атайын баяндаманы жарыялады.

КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров Оторбаевдин кетишине фракциянын чечими таасир эткенин четке какпайт. Анын ырасташынча акыйкатчы 2,5 жылдан бери парламентке отчет бере элек болчу.

- Фракция Оторбаевдин иши боюнча буга чейин терс чечим чыгарган. Эгерде акыйкатчынын ишмердигине фракция же комитет канааттанбаса мыйзам боюнча ага ишеним көрсөтпөө маселесин комиссия түзбөй эле көтөрүүгө мүмкүн эле. Акыйкатчынын баяндамасы ар кандай себептерден улам 2016-жылдан бери жылып келген. 2017-жылкы баяндамасын апрелде эле угушубуз керек эле. Ошондо баа берилмек. Менимче кетишине ошол баяндама себеп болуп калды окшойт.

Анткен менен КСДПнын ичинде Оторбаевге оң баа берген депутаттар да жок эмес. Алардын бири - Жылдыз Мусабекова.

- Оторбаев мурдагы акыйкатчыларга караганда натыйжалуу иш алып барды деп ойлойм. Ал адам укугун коргоо боюнча эл аралык донорлор менен жакшы иштешти. Ал жаштыгы, менеджерлиги менен көп иштерди жасады. Эми кызматка келгенден кийин кеткенди да билиш керек деп ойлойм. Кубат Оторбаевдей кадрлар жерде калбайт.

Кубат Оторбаев акыркы учурларда саясий негизде камалды делген саясатчылар боюнча кескин билдирүүлөрдү тараткан. Ал Өмүрбек Текебаев, Карганбек Самаков өңдүү саясатчылардын соттолушун адилетсиздик катары баалап, алардын акталышын бийликтен талап кылган.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова буга чейинки акыйкатчылардын да тагдырын эске салып, бул институт парламентке көз каранды болуп калганын белгилейт. Анын пикири боюнча Акыйкатчы институту тууралуу мыйзамды оңдомоюн Оторбаевдин ордуна келчү адам деле ээн-эркин акыйкат сөздү айта албайт.

- Президент алмашкандан кийин гана Оторбаевдин билдирүүлөрү катуурак чыга баштады. Ал эми Атамбаевдин убагында көп көйгөйлөр боюнча үн каткан эмес. Бирок парламент өзү акыйкатчынын ишин түшүнбөйт. Дайым эле көзөмөлдөп, отчет алып тургусу келет. Негизи "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзамды өзгөртүш керек. Бул көз карандысыз институт болушу керек.

Мыйзам боюнча акыйкатчыны Жогорку Кеңеш шайлайт жана парламентте жылдык баяндамасы "канааттандырарлык эмес" деп табылса мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетет. Оторбаев 2015-жылдан бери ар кандай себептерден улам баяндама жасай элек болчу. Жогорку Кеңеш Оторбаевди акыйкатчы кылып 2015-жылдын 30-декабрында шайлаган. 45 жаштагы Оторбаев акыйкатчылыкка чейин КТРКда, "Азаттыкта" жетекчи болуп иштеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG