Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Акыйкатчы: өрт кырсыгын кылдат иликтөө керек


Кырсыктан кийин.
Кырсыктан кийин.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Москвадагы 17 кишинин өмүрүн алган өрт боюнча кылдат иликтөө жүрүшү керектигин билдирүүдө. Акыйкатчы бул иш боюнча Москвага барып келген.

“Азаттык”: Кубат мырза, он жети кишинин өмүрүн алган кырсык боюнча кандай иликтөөлөр жүрүшү күтүлүүдө? Өрттөн набыт кеткен он төрт кыз-келиндин жакындарынын көксөөсүн суута тургандай кабарлар барбы?

Оторбаев: Биринчиден, мен кыздардын ата-энелерине, жакындарына өзүмдүн атымдан, Акыйкатчы институтунун атынан көңүл айтам. Экинчиден, мен ошол Кыргызстандын он төрт кыз-келиндин өмүрүн алган өрт болгон басмаканага бардым. Ал жерден ошол ишканада иштеген башка мекендештерибиз менен да жолугуп, сүйлөштүм. Мурда ошол басмаканада иштеп кеткен Нурия Өмүрзакова, азыр да басмаканада иштеп жаткан Сайкал Өмүрбек кызы жана Максат Талантбеков менен да сүйлөштүм. Алардын айтуусунда, төрт-беш жыл аралыгында бир да жолу өрт коопсуздугу боюнча тренинг болгон эмес. Өрт коопсуздугуна байланыштуу эрежелер да сакталган эмес. Өрт чыккан күнү болсо, эч ким аларды “өрт чыкты, чыккыла” деп эскерткен эмес. Менимче, өрт болгондо эч ким маани бербей, капыстан чыккан өрт тез тарап, түтүнүнө уугуп калышкан. Дагы бир көп айтылып жаткан нерсе, чакырылган өрт өчүрүүчүлөр деле ыкчам аракет кылышпаптыр. Мен маектешкен кыздардын айтуусунда, өрт өчүргүчтөр кимдир-бирөөдөн кандайдыр бир буйрук күткөнсүп, өтө жай кыймылдашыптыр. Аларга караганда, Юрий аттуу орус жигит менен өзүбүздүн мигрант жигиттер жардамдашып, кыздарды алып чыгууга жардам беришиптир.

“Азаттык”: Социалдык тармактарда да бул маалымат кызуу талкууланып жатат. Сиз кечээ Москвадагы адам укуктары боюнча өкүлү менен жолуккан экенсиз, бул маселени иликтеп көрүүсүн сурана аласызбы?

Оторбаев: Ооба, мен кечээ Москва шаарынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Потяева менен жолугуп, бул иштин иликтенүүсүн өз көзөмөлүнө алуусун өтүндүм. Орусиянын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен жолуктум. Ошондо да бул маселени айтам. Менимче, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Орусиянын тийиштүү тергөө органдары биргелешип, жумушчу топ түзүүсү керек. Муну жакшылап иликтөө зарыл. Анткени, муну жакшылап иликтебесе болбойт. Сиздер билесиздер, жарым жыл мурда Чыгыш аймактагы Старомынкада өрт чыгып, анда да кыргызстандык алты жаран набыт кеткен. Ал иштин да эмне болгону белгисиз.

“Азаттык”: Акыркы маалыматтар боюнча, басмаканадагы өрттү иликтөө боюнча атайын тергөө тобу түзүлүп, кылмыш иши козголуптур. Сиз акыйкатчы катары бул иштин тыкыр иликтенүүсүн талап кылсаңыз болобу?

Оторбаев: Биз колдон келгенин жасайбыз. Акыйкатчы институтунун ыйгарым укугу Башкы прокуратураныкындай күчтүү эмес. Ошондуктан, биз да Орусиядагы кесиптештер аркылуу иштейбиз. Бирок мен тергөө органдары жакшы иштөөсү үчүн Башкы прокуратура, өкмөт, президенттик аппарат да киришип, көзөмөлүнө алуусу керек деп эсептейм. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, басмаканадагы өрттөн ал жерде иштеген биздин мекендештерибиздин документтери өрттөнүп кетиптир. Мына ошол документтерди калыбына келтирүүгө жардам беришибиз керек. Эң негизгиси –компенсация төлөп берүү маселеси. Өрт чыккан басмакана “Печатный экспресс” ишканасы компенсация төлөп береби-жокпу, ушул маселеге да катуу киришүү зарыл.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG