Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Көчөт кыздар, кечиргиле


Каза тапкан кыздардын бири - Топчиева Алина, 1994-жылы Ош облусунда туулган
Каза тапкан кыздардын бири - Топчиева Алина, 1994-жылы Ош облусунда туулган

Москвада өрт кырсыгынан он жети адам каза тапты, анын он төртү кыргызстандык. Каргаша кыргыз коомчулугун нес кылып, кырчын курагында жарыкчылык менен кош айтышкан кыздардын тагдыры кейитти.

Кыргыздын периштедей 14 кызы учуп кетти. Бейкапар үйлөргө эшик кагып алаамат кирип, кан жутуп отуруп калышты. Бийликтин бийик мунарасында болсо башка кеп... Көңүл айтууга да жарытылуу сөз чыкпай... Анан кол алдындагылары жазган ары супсак, ары кургак жана кадыресе пресс-релиздери кечигип жарыяланды.

Периштедей 14 кызды тентитип ийип, анан жандарын учуруп ийип, эгемендиктин 25 жылдыгын кантип майрамдайбыз? Аянтта кантип ыр-бий кылабыз?! Ыйлап майрамдайлы, жоктоп майрамдайлы. Себеби мигранттын ыйы менен арманы биздин эгемендиктин символундай болуп калбадыбы! Канчанчы табыт деги? Дагы канча табыт келет ким билет...

Көчөт кыздар, татынакайлар десе, силердин жазмыш ошол беле? Мамлекетиңерге да ишене албай, окуу жайга да, диплом дегенге да ишене албай, ата-энеңерге да ишене албай, үлбүрөгөн жаныңарды оозунарга бекем тиштеп алып иштегени жөнөдүңөрбү?... Ата-журт болсо үмүт бербей силерге... эч жылчык бербей силерге..., арга жок анан тентип кеттиңерби? Таарынган бойдон периштедей учуп кеттиңерби?

Араңарда 17 жаш, 18 жаш, 21 жаш...Силердин тагдырыңар мигрант болуу эмес, силердин тагдырыңар студент болуу болчу. Студент болуп татыктуу билим алып, сессияңарды ийгиликтүү тапшырып, силердин тагдырыңар каникул сайын айылга баруу болчу жаркылдап. Апаңар жапкан нанды жеп, атаңардын төрүндө эркелеп, каникулда бой керип эс алуу болчу силердин тагдырыңар. «Окуу деп атып кызым бир ичеги болуптур» деп атаңар козусун союп, апаңар болсо тамактын түрүн жасап... Ага-жеңелер улам бири конокко чакырып, белегин берип... Жайкы каникул деген ого бетер керемет да. Эртең менен турсаңар апаңар самоорго ысык чайын кайнатып, каймагын коюп астыңарга. Атаңар болсо бакта бышып калган жер-жемиштен терип келип... Ушинтип ата-эненин төрүндө эркелеген каникулдагы студент болчу эле го тагдырыңар. Канакей ошол тагдыр? Ким уурдады? Тагдырыңар университетти жаркылдап бүтүп, бир дипломду кучактап, анан бир үстөлдү кучактап, тыкылдаган така кийип, койкоюп иштеш болчу. Ким уурдады ал тагдырды?

Өрт болгон жерде боздоп турган мигрант кыздын ыйы тартылган тасма көргөндүн баарын ыйлатты. Дал ошол кыздын ыйы - азыркы эгемендигибиздин портрети. Биздин улуттук трагедия ошол 45 секунддун ичинде экен. Кыргызстанды митедей соруп бутуп, дагы деле жулуңдап жүргөн карт саясатчылар, анан так өзүн тарткан балдары, туугандары, жек жааты үстөл кучактап отурушат тырышып. Бир эшиктен кууп чыкса, башка тешиктен киришет алар. Бир маскасын сыйрып, башкасын тагынып отура калышат шып этип. Анан калса балдары шудуңдап коррупционер атасын жазбай тартканычы?!

«Силер болбосоңор тентибейт болчубуз» деди мигрант кыз. Чындык ушул. Улуттук трагедиябызды андап-билип, бүтүндөй кыргыз эли муунуп ыйлады. Себеби, улуттук масштабдагы трагедиябыз ошол экенин аңдап туйдук. 25 жылдагы эгемендигибиздин негизги жыйынтыгы мигранттын боздогон ыйы экенин түшүнүп дендароо болуп отурабыз. Чыркыраган чындыкты кенедей кыз айтканда карапайым калк зээни кейип ыйлады. Бирок 25 жыл бою саясаттан кетпей, айланчыктап жүргөн карт бөрү саясатчыларды ыйлата алды бекен!? Кыргызстанды талап-тоноп, элдин үмүтүнө улам суу сээп, элдин тагдыры менен оюнчуктай ойноп келаткандарды акыры мигранттардын ыйы жөн калтырбастыр!

Мигранттар азыр өлкөнүн экономикасынын тиреги. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча мигранттар салып аткан акча ички дүң продукциянын 31% түзүп атат. Мамлекет мындан уялышы керек. Улуттук банк болсо жыл сайын мигранттар 1 млрд 600 миллоин тегерегинде акча салганын айтып келет. Коомчулук социалдык тармактар аркылуу жок дегенде бир күнгө аза күтүү жарыяланышын талап кылууда. 14 мигрант каза тапса, ордуна Орусияга дагы элүүсү, керек болсо жүзү барат, эчтеке эмес дейлиби? Президент дароо үн катып, кыргыз элинин мүңкүрөп турганын айтат го деп күткөнбүз. Үн каткан жок негедир. Фондунан акча которду. Өлгөндө анан которулган акчанын кереги жок эле, ал кыздарга болгону татыктуу жумуш керек болчу.

Кечээ болсо президент Атамбаев Ак үйдө коопсуздук боюнча жыйын өткөрүптүр. Коопсуздук боюнча министрлер келип, чек ара маселеси боюнча отчет берип, «чек ара маселесин айрым саясатчылар өздөрүнүн жаман максаттарына пайдаланган атат» деп билдиришиптир. Душман издемей, өз элин аңдымай, камамай жана соттошмой деген токтобос болду го. Акаев деле, Бакиев деле жалаң оппозициядан, укук коргоочулардан жана журналисттерден коркуп жашаган. Себеби иштери таза эмес болчу. Акыркы беш жылда «жылт» эткен айрым жакшы иштер гана болбосо, жалпысынан кырдаал азыр деле ошол. Качанкыга чейин башкалардан эмес, кыргыздардан коркуп, эл ичинен душман издеп жашайсыңар?

Томолонуп шайлоодон шайлоого чейин жашайбыз. Башмыйзамды күчкө салып нары-бери тарткыламай, кызмат талаш, мансап талаш... А аңгыча Орусиядан табыт келет... Бөтөн элге жумуш издеп кеткен бойдон жандары учуп...

Көчөт кыздар, орундалбай калган кыялдарыңар үчүн кечиргиле. Кечиргиле, баарыбызды...

Чолпон Орозобекова, конфликтолог жана журналист

P/S. "Өзгөчө пикир" рубрикасына чыккан макалалар "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.​

XS
SM
MD
LG