Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Секелектин сабалышы иликтене баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте сегиз жаштагы кыздын катуу сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Баштапкы маалыматтарга караганда, ал өгөй энесинен запкы көргөн.

12-мартта Интернетте тараган видеодо башы, колу-буту көк ала болгон секелек кыз аны жакындары сабаганын айтып берип жатат.

- Эже, мага жардам бергилечи, апам коркутат. Колдорум аябай ооруп атат, буттарым, башым дагы...

Бул видеону ооруканада кыз менен чогуу жаткан башка бейтаптар тартып, Интернетке тараткан. Зээнди кейиткен тасманы тартып жаткандар сегиз жаштагы кыз аларга өгөй энесинен буга чейин да катуу токмок жеп келгенин, бул ирет отургуч менен чаап, башына чөмүч менен урганын айтып бергенин баяндайт.

Дарыгерлердин айтымында, сегиз жаштагы секелек денесинен жана башынан жараат алып, 11-мартка караган түнү Бишкектеги №3 балдар ооруканасына "Тез жардам" менен жеткирилген. Башкы дарыгердин орун басары Даниярбек Шайбеков кыздын абалы боюнча буларды билдирди:

- Келгенде абалы оор болчу. Бизге "өзүнүн эле туугандары уруп койду" деп алып келишкен. Ошол өздөрү жашаган жерге милиция барып, "Тез жардам" чакырып, анан бизге алып келишиптир. Келгенде мээси чайкалып, денеси көк ала болчу. Баланын азыркы абалын орто десек болот.

Аламүдүн райондук милициясы иликтөөнүн жүрүшүндө кыз Маевка айылынын тургуну экенин аныктап, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Денеге атайлап зыян келтирүү") боюнча кылмыш ишин козгоду. Териштирүү аяктагандан кийин кылмыш ишинин беренелери өзгөрүшү мүмкүн.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Назира Имангазиева кызды ургандар тууралуу тергөө бүткөндөн кийин маалымат берилерин айтты:

- Кыздын айтуусу боюнча өгөй энеси урганы айтылып жатат. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Жыйынтыгы менен кенен маалымат берилет. Азыр бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев бул окуяны өз көзөмөлүнө алганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Акыйкатчы институту сабалганы кабарланган кыз тууралуу маалыматтарды тактап жатат. Ага ылайык, кыздын үй-бүлөсү үч ай мурун Маевка конушуна көчүп келген экен. Үй-бүлөдө атасы, иниси, өгөй апасы жана эки аталаш сиңдиси жашайт. Кыздын атасы курулушта иштеп үй-бүлөсүн баккан. Ал эми кыздын өз энеси дайынсыз жоголуп кеткенине эки жыл болуптур.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматкери Элмира Мадиеванын айтымында, сегиз жаштан өтүп калган кыз мектепке бара элек:

- Биздин кызматкерибиз кыз менен сүйлөшүп келди. Денесинин баары көк ала, башында шишиктер бар экен дейт. "Өгөй энеси сабады" деп айтылып жатат. "Эмнеге сабады?" деп сураса, "нан уурдап жеген үчүн токмоктогон" дептир. Мектепке барбаптыр.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул үй-бүлө мурда кайда жашаганы тууралуу маалымат айтылган жок. Учурда сабалган кыз ооруканада жалгыз жатат. Анын мындан кийинки тагдырын Социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери колго алышты.

Соңку жылдары өз жакындарынан кордук көргөн өспүрүмдөр тууралуу маалыматтар көбөйдү. Башкы прокуратуранын эсебинде, 2016-жылы өлкөдө балдарга каршы 824 кылмыш жасалса, анын ичинен 106сы жыныстык мүнөздө болгон. Бирок эксперттер өспүрүмдөргө каршы зомбулук боюнча иштер аягына чыкпай жатканын айтып жүрүшөт.

Парламентте зомбулукка кабылган балдардын укугун коргош үчүн Кылмыш-жаза кодекси менен Кылмыш-процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору эки жылдан бери талкууланып келатат. Ага мындай кылмыштар үчүн жазаны күчөткөн жоболор кошулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG