Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:57

Парламенттик демократия кыргызга жакын


Иллюстрациялык сүрөт.

Шайлоо жоболору, саясий партиялардын, фракциялардын жоопкерчилиги, дегеле толук парламенттик башкарууга өтүү маселеси жана келечеги кандай болушу керек? “Арай көз чарай” берүүбүздө ушул жана башка суроолорго жооп издейбиз.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жана саясатталдоочу Кубан Абдымен катышты.

“Азаттык”: Абдывахап мырза, президент Жээнбеков Жогорку Кеңеште “Кыргызстанда парламенттик демократия орношун көздөйм. Авторитаризмди орнотуу мүмкүнчүлүгүн жоюш керек» деп билдирди. Мамлекет башчынын бул сөзүн жакынкы жылдары президенттин ыйгарым укуктары азайып, бийликтин эки тизгин, бир чылбыры Жогорку Кеңешке өтөт деп жорусак болобу?

Абдывахаб Нурбаев.
Абдывахаб Нурбаев.

Абдывахап Нурбаев: Ошондой да түшүнсөк болот. Акыркы конституциялык өзгөртүүлөргө ылайык президенттин ыйгарым укуктары буга чейин да азайган.

Биздеги эки революция тең ошол авторитаризмдин күчөшүнөн, үй-бүлөлүк башкаруудан улам чыкты. Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн 80 пайызы парламенттик башкаруу менен жашап жатат. Биздин аймакта бул жолду Кыргызстан тандады. Толтура кемчиликтерибиз бар, ошол эле учурда кыйынчылык да жок эмес. Канткен күндө да биз туура жолдо баратабыз. Анткени бийликти бир колго алган адам бузуларын сездик.

Ошондуктан бийликтин негизги жоопкерчилиги 120 депутатка берилгени, бардык маселе анын көзөмөлүндө болгону - кандай болсо да бийликте тең салмак болору көрүнүп жатат. Биз "мурдагы президенттердин тушунда болгон, азыркыга чейин айрым элементтери сакталып келе жаткан авторитаризмге жол бербейли" деген президент Жээнбековдун позициясы туура деп ойлойм.

“Азаттык”: Кубан мырза, президент Жээнбеков “кыргыз коомунун кыртышына жана табиятына парламенттик демократия туура келет. Бул мамлекеттин туруктуу өнүгүп, коомдо туруктуулуктун бекем орношуна негиз болот» деп айтты. Тилекке каршы, көп сынчылар "дал ушул партиялык, парламенттик система туруксуздукка алып келди" деп сындап жүрүшөт...

Кубан Абдымен.
Кубан Абдымен.

Кубан Абдымен: Мындай көз караштарды мурдагы президенттер деле айтып келген, бирөө “кыргыздарга демократия тоодон түшкөн” деп айткан.

Кыргыз тарыхына, кийинки коомдук тажрыйбаларына таянсак, кыргыздар авторитаризмге караганда демократиялык баалуулуктарды өздөштүргөнгө жакын десек болот. Автократия совет мезгилинде биздин коомго катуу сиңип кеткендиктен күчтүү бийликти эңсеп жаткандар да бар.

Демократияга элди ынандыруунун бир жолу - бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмакты сактоону калыптандырыш керек. Башкарууну жаңы нукка, жаңы багытка буруу зарыл. Мында Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги, даярдыгы керек болот. Анткени тиешелүү мыйзамдык база түзүлүшү керек.

Ошондуктан президент “2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого тиешелүү мыйзамдык база, өзгөртүүлөр 2019-жылы бүтүшү керек” деп айтып жатат. Жогорку Кеңеш, өкмөт, башка мамлекеттик органдар шайлоонун ачык, адилеттүү өтүшүнө салым кошууга басым жасады, бул элге жагып жатат.

Ал эми коомчулуктун бир бөлүгүнүн парламенттик башкарууга каршы чыгып жатканы демократиялык баалуулуктар коомчулуктун калың катмарына али толук жете элек экенин айтып турат. Ошондон улам алар президенттик башкаруудагы бийликти эңсеп келатышат. Кыргызда илгертен айтылып келаткан “ийри отуруп түз чечүү” накыл сөзү биздин демократияга жакын экенибизди айтып турат.

“Азаттык”: Абдывахап мырза, мамлекет башчысы өз кайрылуусунда "саясий реформаларга Жогорку Кеӊеш өзү даяр болушу керек” деп айтты. Азыркы депутаттардын саясий өзгөрүүлөргө моралдык жактан ички даярдыгы даярбы?

Совет мезгилинде жашаган, ал доорду эңсеген муундар бар, "партия, өкмөт чечет" деп күтүп отургандар да көп.
Абдывахап Нурбаев.

Абдывахап Нурбаев: Жогорку Кеңеште да жаңыча ойлонгон күчтөр бар. Ага түрткү берген, күч берген - биздеги күчтүү жарандык коом.

Депутаттар коомдук пикирди дайыма угуп, ошого жараша маселелерди көтөрүп жатышат. Эл арасындагы идеяларды ойготуп, алдыга чыгарышыбыз керек.

Коомдогу прогрессивдүү демилгелерди колдоого парламент даяр. Бир нерсени түшүнүш керек - парламенттик башкаруу тажрыйбасында биз экинчи эле чакырылышта иштеп жатабыз. Анын өнүгүшүнө убакыт керек, дароо эле кетпейт экен.

Совет мезгилинде жашаган, ал доорду эңсеген муундар бар, "партия, өкмөт чечет" деп күтүп отургандар да көп. Эң негизгиси - бизде кулчулук сезимден кутулган, прогрессивдүү ойлонгон, эркин сүйлөгөн, күчтүү жаштар чыгып келатат. Аларга ишеним чоң, “көч бара-бара түзөлөт”...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Парламенттик демократиянын жолу татаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:06 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG