Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:40

"Демократия менен автократиянын кармашы"


Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков, "Ата-Бейит" комплекси, 7-ноябрь 2017-жыл.

Жогорку Кеңеш “экс-президенттер оор кылмышка шектелген учурда алардын кол тийбестигин алуу механизмдерин иштеп чыгуу” сунушун колдоду. Бул демилге коомчулукта учурдагы жана мурдагы президенттердин мамилеси талкууланып жаткан учурда көтөрүлүп жатат.

Кыргызстандагы окуяларга көз салып келе жаткан Британиядагы Эксетер университетинин профессору Жон Хезершоу кыргыз саясатындагы соңку өзгөрүүлөр тууралуу “Азаттыкка” пикирин билдирди.

“Азаттык”: Кыргызстанда мамлекет башчысы алмашкандан бери бир катар өзгөрүүлөр болуп кетти. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын ордун баскан Сооронбай Жээнбековдун ортосунда кайчы пикир бар экени маалым болду. Өлкөдө болуп жаткан окуяларга саясат таануу илиминин көз карашынан кандай баа берет элеңиз?

Жон Хезершоу: Саясат таануу илиминин көз карашынан алып караганда Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды жаңы бийликтин консолидациясы деп атасак болот. Авторитардык бийлик болобу же жарым-жартылай авторитардык бийлик болобу, ал алдыда белгилүү болот.

Себеби жагдай бул киши Атамбаевге ыктаган адамдардын артынан канчалык сая түшөрүнө жараша болот. Бирок Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосунда бийлик күрөшү жүрүп жатканы анык.

Менимче, мындай жагдай демократия толук калыптана элек өлкөдө эки президенттин ортосунда бийликти өткөрүп берүү жараяны жүрүп жаткан учурга мүнөздүү көрүнүш.

Профессор Жон Хезершоу
Профессор Жон Хезершоу

“Азаттык”: Демек, сиздин оюңузча Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр демократиянын белгиси эмеспи?

Жон Хезершоу: Менимче, бул демократия менен автократиянын күрөшү. Жээнбеков үчүн Атамбаевдин сары изине толук түшүп алуу акылмандыкка жатпай калат деп ойлойм. Себеби мындай аракет “эгер сен тынч жол менен бийликтен кетсең, баарынан айрылып калышың мүмкүн" деген прецедент түзүп коёт.

Адатта демократияда бийлик тынч жол менен алмашат жана эгер президент кызматын тапшырса, ал бардык нерсесинен, акчасынан же эркиндигинен ажырабайт.

Мурдагы президент канчалык коррупцияга же кылмышка аралашкан болбосун, (бул жерде Атамбаев жөнүндө оюмду айткан жокмун) балким ага тынч жашоого уруксат берилгени акылмандыкка жатаар. Тынч жол менен бийликти алмаштыруу принцибинин ишке ашуусуна мүмкүнчүлүк берилиши керек.

“Азаттык”: Ошол эле учурда мурдагы президент Атамбаев да шайлоодо утуп чыккан президент Жээнбековго өлкөнү башкарууга жол бериши керек эмеспи?

Президент Сооронбай Жээнбековдун инагурациясы, 24-ноябрь 2017-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбековдун инагурациясы, 24-ноябрь 2017-жыл.

Жон Хезершоу: Ооба, менимче, Атамбаев Жээнбековдун өз системасын бекемдешине жана мурдагы президенттин кийлигишүүсүз өз кишилерин алып келишине жол бериши керек.

Ооба, Атамбаев учурда канчалык тобокелчилиги чоң оюн ойноп жатканын сезиши зарыл. Ал Жээнбековго жаңы лидер болууга мүмкүнчүлүк бергени туура.

“Азаттык”: Учурдагы жана мурдагы президенттер кепке келип, мунаса таба албаса, кандай өзгөрүүлөрдү күтүүгө болот?

Жон Хезершоу: Мунун тобокелдиги бар. Мындай жагдай туруктуулукка шек келтириши ыктымал. Туруктуу өкмөттү түзүү сыяктуу маселелерде кыйынчылык жаралышы мүмкүн.

Бирок мен көрүп жаткан окуялар Жээнбековдун колунда кандайдыр бир деңгээлде бийлиги бар экенин көрсөтүп турат. Ал азыр президенттик кеңседе отурган жаңы лидер. Андыктан алдыдагы бир канча айда Жээнбеков күчтүү болуп чыга келет деп ойлойм. Бирок саясатта бир нерсенин алдын ала айтуу кыйын эмеспи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG