Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Камактагы саясатчыларды бошотуу чакырыгы


Абактагы саясатчыларды колдогон акция. Архивдик сүрөт.
Абактагы саясатчыларды колдогон акция. Архивдик сүрөт.

Бишкекте мурдагы бийликтин тушунда соттолгон саясатчыларды боштондукка чыгаруунун саясий жана укуктук маселелери талкууланды.

Жарандык коом өкүлдөрү, укук коргоочулар жана саясатчылар чогулган "Демократия жана саясий туткундар: коошпогон көрүнүш" аттуу жарандык форумда президент Сооронбай Жээнбековго бул маселени чечүүнүн жолдорун караштыруу боюнча кайрылуу кабыл алынды.

Анда "саясий туткундар" боюнча атайын мыйзам кабыл алып, аларга мунапыс берүү, ырайым кылуу жана алардын иштерин жаңы жагдайлардын негизинде кайрадан кароо аркылуу сот адилеттүүлүгүн камсыз кылуу тууралуу сунуштар киргизилди.

Демократияга коошпогон көрүнүш

Жарандык форумда активисттер мурдагы бийликтин тушунда бир катар адамдар саясий мүнөздө соттолгонун белгилеп, алардын укуктарын калыбына келтирүү маселесин көтөрүштү.

"Саясий туткундарды" камакта кармоо демократиялык мамлекеттин беделине шек келтире турганы белгиленип, бул жагдай Саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыга каршы келери айтылды.

Бакыт Аманбаев.
Бакыт Аманбаев.

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев бул жарандык форумдун негизги максатына токтолду:

- Кайсы өлкөдө "саясий туткундардын" тобу болсо, ал мамлекеттин эл аралык кадыр-баркына көлөкө түшүрөт. Эл аралык коомчулук мындай терс көрүнүштү туура эмес кабыл алат. Эң башкысы - биздин президенттин эл аралык уюмдардын астында тилин кыска кылат. Ошондуктан биз президентти "саясий туткундарды" бошотууга үндөп, бул багытта пландуу иш алып барууну сунуш кылабыз. Ошондой эле президенттен журналисттерге каршы козголгон кылмыш иштерин токтотууга көмөктөшүүнү суранабыз. Жыйындын жүрүшүндө "саясий туткундарды" боштондукка чыгаруунун саясий жана укуктук жолдорун иштеп чыгып, ошонун негизинде президентке кайрылуу кабыл алабыз.

Осмонов: "Укукта "саясий туткун" түшүнүгү жок"

Анткен менен Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов ырайым кылуу же мунапыс жолдору менен саясий негизде соттолгондорду актоо мүмкүн эмес экенин айтты.

Ал жаңы ачылган жагдайлар гана ишти кайра кароого негиз бере турганын билдирди. Муну менен ал укукта "саясий туткун" деген түшүнүк жоктугун жана президенттен соттолгондорго саясий мунапыс талап кылуу мыйзамсыз экенин айтты:

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

- Президент Конституция боюнча "буларды актап, боштондукка чыгарып койгула" деп көрсөтмө бере албайт. Ал ырайым берген учурда да "соттолуучу ак жерден кесилип кетиптир. Ошон үчүн ага ырайым кылалы" дегендикке жатпайт. Мындай кырдаалдан чыгуунун кандай жолу бар? Бул жерде парламент атайын мыйзам кабыл алып, бекитиши керек. Ага чейин бул иштерди териштирүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүшү зарыл. Ошонун жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузуу - ал иштерди кайрадан кароого негиз боло турган жаңы жагдай болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда мурдагы коргоо министри, парламенттин экс-депутаты Исмаил Исаков Атамбаев бийликте турганда УКМК, Башкы прокуратура сыяктуу күч түзүмдөрүнүн жетекчилери биригип алып, жасалма кылмыш иштерин токуган же болбосо фактыларды бурмалаган жагдайларды иликтөө керек экенин айтты. Ал бул маселе Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимине да ылайык келерин мисал келтирди.

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.

Исмаил Исаков соттордо андай жагдайлар ишти кайра кароого негиз боло турганын билдирди:

- Мисалы, Текебаев менен Чотоновдун ишинде сот карабай калган жаңы жагдайлар эбегейсиз көп. Биз ошол кылмыш ишин демилге кылган жетекчинин үстүнөн кылмыш ишин козгоону талап кылышыбыз абзел. Анткени бир адамды алып келип, арыз жаздырганы, анын Текебаев эмес, башка адамдар отурган иш бөлмөлөрүн көрсөткөнү ишти кайра кароого негиз боло турган жаңы жагдай эмей эмне? Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду "төңкөрүшкө даярдык" деп айыптап, соттошту. Алардын төңкөрүшкө даярдык көргөн курал-жарактары табылдыбы? Жок. Алардын жанынан же ок же төңкөрүшкө керектүү бир далил зат табыштыбы? Жок. Канатбек Исаевди бийликти басып алуу боюнча айыптады. Өзү бийликте отуруп, ал жигит кайра бийликти басып алышы мүмкүнбү? Ушуга окшогон жаңы жагдайлар толтура.

Ал эми "Ар-Намыс" партиясынын төрагасы Феликс Кулов саясий мүнөздө соттолгондор күнөөсүн мойнуна албаса деле президент Сооронбай Жээнбеков аларга ырайым кылууга же мунапыс берүүгө Баш мыйзам жол бере турганын айтты. Муну менен ал жасалма кылмыш иштери боюнча камалгандарды бошотуунун айланасында саясий чайкоочулук жүрбөшү керек деген пикирин кошумчалады:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

- Баш мыйзамда "президент ырайым кылууга укуктуу" деп турат. Башка шарт же чектөөлөр болушу мүмкүн эмес. Анан соттолуучунун өзүнүн макулдугун сурап отуруштун кажети жок. Топчубек Тургуналиевге ырайым кылганда анын макулдугун сурашкан эмес. Бул саясий чечим. Анан андан башка дагы чечимдин эмне кереги бар? Президент Сооронбай Жээнбековго ошондой чечим кабыл алуу ыңгайлуу. Ошондуктан президент тарабынан саясий ырайым берүү гумандуулук актысы катары туура болмок.

Ошентип жарандык форумдун катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековго "саясий туткундарды" мыйзам чегинде боштондукка чыгарыш үчүн сот адилеттигин калыбына келтирүүгө жана ага шарт түзүүгө үндөгөн кайрылуу кабыл алышты.

Жыйында Атамбаевдин бийлигинин тушунда "саясий мүнөздө соттолгон" деп эсептелген адамдарды актоого шарт түзүш үчүн саясий жана укуктук негиздерди иштеп чыгуу маселеси көтөрүлдү. Иштелип чыккан сунуштар президентке жиберилген кайрылууга кошо тиркелмек болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG