Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Саясий ачкачылыкка көңүл бургандар көбөйдү


Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков.
Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенди" деп соттолгон абактагы саясатчылар ачкачылык акциясын улантууда. Алардын жакындары ачкачылык кармагандардын абалы начарлап кеткенин билдирип жатышат. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абактагы саясатчылар дарыгерлердин көзөмөлүндө, саламаттыгы канааттандыраарлык экенин билдирип жатат.

14 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров менен эксперт Эрнест Карыбековдун саламаттыгы тууралуу акыркы маалыматты алардын жубайлары айтып чыгышты. Эки айдан бери жолугушууга уруксат берилбей келген саясатчылардын жубайлары өткөн жуманын соңунда абакка кирип чыгышты.

Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаеванын айтымында, абактагы саясатчылардын абалы начарлап, айрымдары өз алдынча басууга дарманы келбей калган:

- Абалы оор экен. Бектур өз алдынча баса албай, эки адам жөлөп-таяп келип жолуктурду. Биз ачкачылыкты токтотуп, саламаттыгын ойлоого чакырдык. Бирок алар баш тартып жатышат.

Бирок бул маалыматты ЖАМК ошол замат төгүндөдү. Мекеменин өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, ачкачылык кармагандардын абалы канааттандырарлык жана №47 абактын дарыгерлеринин көзөмөлүндө.

Кызматтын расмий өкүлү Александр Никсдорфдун айтымында, акцияга катышкандардын бири Кубанычбек Кадыров суу иче баштады:

- Алар ачкачылыкты улантып жатышат. Бүгүн эртең менен ачкачылык кармагандардын бири Кубанычбек Кадыров суу жана чай иче баштады. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баарынын абалы канааттандырарлык.

Тамактын бардык түрүнөн баш тарткан үч саясатчыга азыр тамыры аркылуу глюкоза куюлуп жатат. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, бул талап орундалмайынча ачкачылыкты токтотпой тургандыгын билдирүүдө.

Ал ортодо абактагы саясатчылар менен кошо айыпталып, шарттуу түрдө төрт жылга абакка кесилген мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов президентке ачык кат жазды. Анда Сарыгулов өзү менен кошо айыпталган саясатчылардын иши боюнча көз каранды эмес комиссия түзүүнү жана кырдаалды көзөмөлгө алууну суранган.

Дастан Сарыгуловдун "Азаттыкка" айтканына караганда, алардын ишин тергөөдө бир катар мыйзамдар, айыпталуучулардын укуктары одоно бузулган:

Дастан Сарыгулов.
Дастан Сарыгулов.

- Жээнбеков президенттикке киришип жаткан учурда Баш мыйзамдын сакталышын камсыз кылууга ант берген. Ошол убадасын аткарам десе, мыйзам бузууга жол бербөөгө аракет кылып, комиссия түзүп, бизге тагылган айыптардын чын-төгүнүн текшереби деген үмүттөмүн. Албетте, президент соттун ишине кийлигише албайт. Бирок соттун жүрүшүндө мыйзамдардын сакталышын көзөмөл кыла алат.

70 жаштагы Сарыгулов өз кайрылуусуна президент Жээнбеков көңүл бурбаса, абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын акциясына кошуларын кошумчалады. Дастан Сарыгуловдун бул кайрылуусу тууралуу президенттик аппарат эч кандай комментарий берген жок.

Көз каранды эмес комиссия демекчи, абактагы ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын абалы боюнча так маалымат берүү талабы менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдына 12-февралда жарандык активисттер пикетке чыкты. Алардын бири Өндүрүш Токтонасыров ачкачылык кармагандардын саламаттыгын текшериш үчүн коомдук комиссия түзүү зарыл деген пикирде:

- Негизги талап - түрмөдөгү дарыгерлер эмес, өз алдынча адистерден куралган комиссия саясатчылардын абалын текшерсин деп жатабыз. Алар карап чыгып, коомчулукка ачык маалымат бериши керек. Абакта иштеген медиктерге ишенбей жатабыз. Алар балким жетекчилиги каалагандай маалымат берип жатышы мүмкүн.

Он бешке күнгө жакын убакыттан бери ачкачылык кармап отурган саясатчылар буга чейин президентке, премьер-министрге жана Жогорку Кеңешке кайрылышкан. Бирок бийлик бутактары оппозициячыл саясатчылардын сот иштерине жана ачкачылык акциясына байланышкан маселелерди талкуулай элек.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков парламент бул боюнча реакция кылышы керек экенин айтып, бирок буга жамынып күнөөлүүлөрдү аёо да туура эмес экенин билдирди:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Ачкачылык кармап жаткандардын ал-акыбалын сураш үчүн тиешелүү комитеттер бар. Алардын мүчөлөрү, депутаттар барып сурашы керек деп ойлойм. Маселе курч болуп, алардын өмүрү жөнүндөгү маселе күн тартибинде турса - анда реакция кылыш керек. Бирок эгер кимдир-бирөө күнөө кылса, аны барып коргоп калгандай эненин позициясынан карабаш керек. Күнөө кылган адам жазасын тартышы керек.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков жана мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп 2016-жылы кармалган. Алар кармаларда Интернетке бул адамдарга үнү окшош кишилердин сүйлөшүүсү жазылган аудио тасма жарыяланган эле.

Кийин бул иш боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп таап, Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Дастан Сарыгулов болсо төрт жылга шарттуу кесилген. Мындай чечимге нааразы болгон айыпталуучулар Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Бирок шаардык сот да райондук соттун чечимин быйыл 7-февралда күчүндө калтырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG