Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Исаков Атамбаевди жактады


Сапар Исаков сурактан кийин. 14-май, 2018-жыл
Сапар Исаков сурактан кийин. 14-май, 2018-жыл

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков "саясий куугунтук болуп жатканын" айтты.

Ал УКМКга 14-майда экинчи ирет суракка барганда "ЖЭБ чуусуна байланышы бар айрым адамдардын аты аталбай жатат" деп билдирди.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште ЖЭБ боюнча депутаттык комиссия өз корутундусун жарыялаган. Анда "жоопкерчилиги каралсын" деген адамдардын арасында Сапар Исаков да болгон.

Мурунку өкмөт башчы Исаков болсо тизмеге "ошол кездеги өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутат Асылбек Жээнбеков да кошулушу керек" деп билдирип жатат.

Сапар Исаков 14-майда УКМКда баш-аягы алты сааттай сурак берди. Ал бул жолу сурак ЖЭБдеги аварияга байланыштуу болгонун ырастады, бирок тергөө кызыкчылыгына байланыштуу анын аки-чүкүсүн айткан жок:

- Авария боюнча маселелер көтөрүлдү. Бирок эч кандай нерсе жок. Себеби менден мурда өкмөт бул маселе менен алек болгон. Мен болсо күзүндө келгем. Башкы деталдарын мыйзам боюнча айта албайм.

Сапар Исаков УКМКга суракка барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

​Сапар Исаков мунун алдында "Азаттыктын" суроосуна учкай жооп берген. Анда "ЖЭБ чыры боюнча жооптуу" деген адамдардын баары аталбай жатканын сынга алган. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аты негизсиз аталып жатканын айтып, "ЖЭБ чыры саясатташып кетти" деп күнөөлөгөн:

- Саясий куугунтук болуп жатат. Баары акыйкат болушу керек да. Фамилиялардын баары аталсын. Мен бул кайсы жакка баратканын түшүнүп жатам. Алмазбек Атамбаев жана анын командасы таза иштеген. Ошонун ичинде азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да болгон. Ал киши деле билет, Атамбаев түз жүргөн, коррупция менен биринчи күрөштү баштаган адам болчу. Ошондуктан ушунун баары жакшы натыйжага алып келбейт. Тергөө иштери саясаты жок жүрүшү керек. Парламентте депутаттар өз иши менен, тергөөдөгүлөр тергөө менен алек болушу керек. Боёк кошуп, тиги же бул адамды күнөөлөгөн туура эмес. Күнөө сот аркылуу коюлат. Кээ бир фамилиялар айтылбай, кээ бири айтылып жатат. Бир мегаватт электр энергиясын жана жылуулук иштеп чыгууга жабдуу орнотуш үчүн каражат кетет. Ошондон башташ керек. Болбой эле кычкач, тияк-биякка жабышкан болбойт.

Исаков: УКМКда ЖЭБдеги кырсык тууралуу сөз болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00

​Атайын кызмат ЖЭБ боюнча Сапар Исаковду биринчи ирет 26-апрелде суракка алган. Анда ЖЭБди оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суралганы маалым болгон.

Айыптоодон кийинки суроо

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкты, аны реконструкциялоого жумшалган 386 миллион доллардын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссия өз корутундусун өткөн аптада жарыялаган. Анда "жоопкерчилиги каралсын, саясий баа берилсин" деген 30дай адамдын аты аталган. Арасында төрт мурунку өкмөт башчы - Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев жана Сапар Исаков болгон.

Сапар Исаков ЖЭБ чуусунда "азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен анын парламенттин спикери болгон, депутат Асылбек Жээнбеков да болушу керек" деген мазмундагы кайрылуу тараткан.

Президенттин аппараты жана Асылбек Жээнбеков мындай дооматка азырынча комменарий бере элек.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева "ко​рутундуда аты айтылган мурдагы-кийинки аткаминерлердин баары кылдат талданды, каралды" деп ишендирди:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

- Ар бир фамилияны караганда "ал кайсы документке кол койгон, аны эмне себептен корутундуга киргизип жатабыз" деп карадык. "Жогорку Кеңеш" деп корутундуга кирбей калганы менен ал оозеки да айтылып жатат. "Жогорку Кеңеш анда аны ратификациядан өткөрбөшү керек эле" деп айтылып жатат. Негизги документке кол койгон адамдардын баары кирди. "Асылбек Жээнбековдун жоопкерчилиги" деп жатат. Ал кайсы документке кол койгон? Анда биз жалпы Жогорку Кеңештин жоопкерчилигин карайбызбы же кимдикин карайбыз деген суроолор жаралып жатат.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов юстиция министри болуп турган учурдагы ишине байланыштуу депутаттык комиссиянын корутундусуна илинген. Анын пикиринде, коомчулукту эң ириде "ЖЭБ эмнеге кымбат оңдолгон?" деген суроо кызыктырат:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- "Насыя тууралуу келишимдин долбооруна макул болгон өкмөт мүчөлөрү" деп коомчулукту башка ишке буруп жатышат. Сапар Исаков да ошол өңүттө сүйлөп жатат. Бирок бул жерде коомчулукту 386 миллион доллар, "ЖЭБди реконструкциялоо эмне себептен үч эсе кымбат бааланган, ага кимдер кызыкчылыгы болгон жана кимдер чуркаган?" деген жагдай кызыктырып жатат. Эртеңки парламенттик талкууда анын баары ачыкка чыгат. Ал жерде төрт-беш кишинин аты так, даана айтылышы керек. Алардын бири - Сапар Исаков. Анткени ал президентке кат жазып жатат. Өкмөттүн ишине кийлигишкенге анын конституциялык ыйгарым укугу жок болчу.

Сапар Исаков 14-майда УКМКга экинчи суракка чакырылганда "камалышы мүмкүн" деген жоромолдор айтылып жаткан. Өзү болсо камакка алууга эч кандай негиз жок деп эсептейт. УКМКга дагы качан суракка барары азырынча белгисиз.

ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо ушул жумада ЖКнын жалпы жыйынында да уланмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG