Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

КСДП оппозицияда калышы мүмкүн


КСДПнын курултайы, 31-март, 2018-жыл
КСДПнын курултайы, 31-март, 2018-жыл

Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалдан жана кадрдык жүрүштөрдөн улам башкаруучу Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) оппозицияга айланары айтыла баштады.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеген партиянын катарына кимдер кошулат жана бул учурда парламенттеги КСДП фракциясынын орду кандай болот?

"Партия кризистен чыга алабы?"

Учурда социал-демократтар партиясын жетектеп турган экс-президент Алмазбек Атамбаевге ылым санаган кызматкерлердин көбү иштен кетти. Талдоочулар саясий айдыңда эми КСДП оппозициялык партия катары иш жүргүзөрүн божомолдоп жатышат.

Саясат таануучу Марс Сариев социал-демократтар партия катары сакталып калышы үчүн оппозицияга айланышы керек деп эсептейт.

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Атамбаевдин саясий таасири абдан төмөндөп кетти. Бирок партиянын өзөгү, түзүмү, уюштуруу, каржылоо иштери бар. Азыр учурдагы бийликке оппозициялык күч катары турса партия катары сакталып калат.

Оппозиция боло албаса - партиялаштарынын баары азыркы бийликке ооп, Атамбаев жалгыз калат. Башка жол жок. Азыр Текебаевдай оппозиция болушу керек. Партияда өзүнө жакын Сапар Исаков, Абдил Сегизбаев, Фарид Ниязов, Икрамжан Илмиянов болот.

Эгер социал-демократтар оппозицияга кете турган болсо, анда бул жагдай парламенттеги КСДП фракциясынын турумуна кандай таасир этиши мүмкүн?

Буга чейин парламентте өкмөт, башкы прокурорго ишеним көрсөтпөө маселесинде фракциянын дээрлик бардык мүчөлөрү "макул" деп добуш беришкени маалым.

Коомдук ишмер Орозбек Молдолиев ушул кырдаал КСДПнын партия катары дараметин сынайт деген пикирде.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Бийликтеги же оппозициядагы партия эмес болуп калды. Фракция менен партиянын ортосундагы байланыш үзүлүп баратат. Негизи партиянын саясий кеңешинин чечимин фракция аткарышы керек эле. Ал эми азыр фракция башка күчтүн бийлигине топтолуп жатпайбы. Батышта партиялардын ичинен ушундай фракциялык топтор түзүлөт. Ошондой болуп калды. Эми ушул кризистен партия чыга алабы?

Азырынча парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөлөрү партиянын келечек кадамына байланыштуу так кесе пикирлерди айта элек.

"Социал-демократтар ич ара сүйлөшүүсү керек"

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, депутат Чыныбай Турсунбеков мындай деди:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Акыркы окуялар партия лидери Алмазбек Атамбаевди ойлонтуп жатса керек. Бүгүнкү президенттин тамыры да КСДП партиясы. Азыр тамырын кесип кетеби же сактап калабы - ал да чоң маселе. Муну азыркы президент ойлонуп жатат. Демек экөө тең партиянын ичиндеги маселени чечүүгө өз салымын кошушу керек. Андай болбосо партия ичинде маселе жарала берет.

Ал эми "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев социал-демократтар ич ара сүйлөшүп, маселени тез арада чечиши зарыл экенин айтты.

- Эки партиянын фракциялары Исаковдун отчетун "канааттандырарлык" деп таап, кийин ишеним көрсөтпөй койду. Бул принцип туура эмес болуп калды. Ошон үчүн партиянын ичинде маселе бар. Жакында саясий кеңеши бул маселени чечип, ачыкка чыгышы керек. Азыр биз эмес, КСДП фракциясы деле кандай болорун билбей турса керек.

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

Бишкекте 31-мартта КСДПнын курултайы өттү жана анда Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды.

Саясий серепчилердин баамында, башкаруучу деп саналган КСДП фракциясында түзүлгөн жагдай Кыргызстанда партиялык система калыптана электигинен кабар берет.

КСДП гана эмес, буга чейин да парламентте партиянын саясий кеңешине баш ийбеген фракция мүчөлөрү болуп келген. Саясат талдоочу Эдил Осмонбетов бул көрүнүш парламенттик башкарууга кадам таштоого бут тосот деген ойдо.

- Менин пикиримде, партияларга саясий кризис келгендей болуп жатат. Биз парламенттик башкаруудагы өлкөгө айланабыз десек, күчтүү партиялык система болушу керек.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-мартта өзү төрага болуп шайланган КСДПнын он жетинчи курултайынан кийин басма сөз жыйынын өткөрүп, анда партияны кийинки шайлоого даярдай турганын жарыялаган.

Кийин 16-апрель күнү Атамбаев парламенттеги тиешелүү фракциянын депутаттары менен жолугушкан. Ага КСДП фракциясынын 37 мүчөсүнүн он тогузу гана катышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG