Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Чекист генерал акыйкатчы болгусу келет


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Жогорку Кеӊеште коалициялык көпчүлүктүн башында турган КСДП фракциясы мурда күч түзүмдөрүндө, бир топ мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп жүргөн Токон Мамытовду акыйкатчылыкка сунуштады.

Айрым жарандык активисттер Мамытовдун талапкерлигине каршы чыгып, адам укугу жаатындагы кызматка жаңы, жаш кадрлардын арасынан тандоо болушу керек эле деп жатышат.

14-сентябрдагы Социал-демократтар фракциясынын жыйынында акыйкатчылыкка мурда вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган Токон Мамытовдун талапкерлигин көрсөтүү чечими кабыл алынды.

КСДПнын бул жыйынында Мамытовдун дарегине жумшак сындар айтылып, анын буга чейинки ишмердүүлүгү жөнүндө сөз козголду. ​

- Ушунчалык бактылуу, жолдуу киши. Коомчулукта аны ушинтип айтышат. Кызматтан четте кала элек. КСДПнын убагында чек арага алып бардык, “Кыргызалтынды” жана башка көп жерлерди башкарды. Мен кесиптештердин сөзүнөн чыкпай колдойм. Бирок КСДПнын атынан талапкер болуп жаткандан кийин жок дегенде эки баракка программасын жазып койсо болмок, - деди депутат Кожобек Рыспаев.

Фракциянын дагы бир өкүлү, депутат Дастан Бекешев 65 жашка чейинки жарандар гана омбудсмен боло аларын, ал эми Токон Мамытов үч айдан кийин 65ке чыгарын эскертти. Ал акыйкатчы жөнүндө мыйзамдын жобосунун сакталышы тууралуу маселени кабыргасынан койду.

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Бирок фракция лидери Иса Өмүркулов сынга "мыйзам бузулбайт" деген жооп кайтарды. Жыйындан кийин Өмүркулов "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, талапкер тандоодо тажрыйба маселеси эске алынганын билдирди:

- Кесиптештер сунуштады. Бир добуштан Токон Мамытовдун талапкерлиги биздин фракциянын атынан көрсөтүлүп жатат. Биринчиден, бул кишинин тажрыйбасы бай. Анын юридикалык билими бар. Билими терең, тажрыйбалуу адамдын ушул кызматка келишин туура деп ойлойм. Казакстан, Орусия жана башка жактарда мигранттардын мыйзам бузган учурлары көп. Көбү камалып, кароосуз калып жатат. Миграция, этникалык мамилелерди терең түшүнгөнүнө карадык. Бул боюнча Европада докладдарды жасап жүргөн экен. Коммуникабелдүү. Ушундай жакшы сапаттарына карап көрсөттүк. Бул парламент шайлай турган, парламентке отчет бере турган орган. Программасын сессияда да көрөбүз.

Акыйкатчыны шайлоо жакындаганы ага көрсөтүлүп жаткан ар бир талапкердин өмүр баяны, буга чейинки ишмердүүлүгү социалдык тармактарда кызуу талкууланып, элдин элегинен өтүп жаткандай.

Ошондой форумдарда Интернет колдонуучулардын арасында Токон Мамытовдун талапкерлигин жактырбай, "анын мурдагы ишмердүүлүгү бул кызматка дал келбейт" деп сындап жаткандар арбын.

Саясатчы Эмилбек Каптагаев жогорудагы пикирлерди колдоп, Токон Мамытовду талапкерликтен баш тартууга чакырды.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков коомчулуктун каршы болуп жатканынын негизги себептерине токтолду.

- Ал жерде адам укугу, сөз эркиндиги, демократия менен "ооруган" киши отурушу керек. Токон мырзада мындай баалуулуктар жок десек болот. Ошондой эле бул тармакта системалуу түрдө иш алып барышы зарыл. Токон мырза тескерисинче андай баалуулуктарды басмырлаган Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү болуп эсептелет. Тилекке каршы, биздин айрым мамлекеттик кызматкерлерге, аксакалдарга кызмат сунуш кылса эле чуркап барышат.

Ал эми акыйкатчылыкка талапкер Токон Мамытовдун пикиринде, Борбор Азия жана Европанын бир топ мамлекеттеринде күч түзүмдөрүнөн келген акыйкатчылар ийгиликтүү иштеп жатат.

Мамытов "Азаттыкка" берген маегинде программасы бар экенин, анда биринчи адам укугун сактоо, саясий, экономикалык тармактардагы укук маселелерин көтөрүү боюнча сунуштар жазылганын айтты.

Мындан сырткары миграция көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурарын билдирди:

- Европада акыйкатчылар мурдагы укук коргоо органдарында иштеп жүргөндөр атайын прокурорлор же сот болуп жүргөн адамдар. Ал жерде укук коргоочулардын иштеп жатканын чанда кездештиресиң. Салыштырып, сындап жаткандар муну билбейт окшойт. Менин күч түзүмдөрдө иштеп жүргөнүм жаңы ишиме жардам берет. Себеби, ал жерде аралашып жүрүп, кайсы жерде, кантип укук коргоо органдары адам укугун басмырларын билем.

Атайын кызматтардын генерал-лейтенанты Токон Мамытов күч түзүмдөрүндө Чек ара кызматынын жетекчиси, коргоо министринин орун басары, УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп эмгектенген. Ал эми жогорку мамлекеттик кызматтарда коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр, президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары, Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген. “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасын жетектеген, 2016-жылдан бери Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы болуп иштеп жаткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG