Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:28

"Акыйкатчы көп жагынан көз каранды"


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына талапкерлер көрсөтүлө баштады.

Акыйкатчы институту өз милдеттерин толук аткарган, көз каранды эмес уюм боло алдыбы? Бийлик акыйкатчыга өз кишисин коюуга кызыкчылыгы барбы? Шайлана турган акыйкатчы кайсы сапаттарга ээ болушу керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна саясат илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев жана укук коргоочу Азиза Абдирасулова катышты.

“Азаттык”: Орозбек мырза, Кыргызстанда Акыйкатчы институту түзүлгөндөн бери 16 жыл өтүптүр. Ушунча жылдын аралыгында бул уюм мыйзамдагы укук-милдеттерин толук аткарган, көз каранды эмес уюм, мекеме боло алдыбы?

Орозбек Молдалиев: Өткөн мезгил аралыгында Акыйкатчы институту эч нерсе жасаган жок деп айта албайм, бир топ жумуштарды жасады. Көп укук бузулган учурларды аныктап жатат, аны оңдош үчүн бийликке сунуштарды киргизип жатат. Бирок алардын аткарылышы жакшы натыйжа бере элек. Анын себеби - биринчи жазылган мыйзам бир аз чийки болуп калган эле. Биздин менталитетибиз эске алынбай Батыштын стандарттарына көбүрөөк ыктап жазылып калганында болду. Чындыгында “адам укуктары” деген түшүнүк биздин кулагыбызга сиңип, али калыптана элек.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

Кийинки күндөрү Акыйкатчы кыйноого каршы көп иштерди жасады, абалды жакшыртуу боюнча көп сунуштарды берди. Тилекке каршы, кыйноо азайган же токтогон жок, кеп ушунда болуп жатат. "Канткенде натыйжа болот, канткенде бийлик, мамлекеттик органдар угат?" деген маселе күн тартибинде турат.

“Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам жакшы жазылган, анын укуктары да кеңири. Мисалы, "бийликтин башындагы биринчи кишилерге акыйкатчы каалаган убагында кирип, маселени коё алат" деп мыйзамда жазылып турат.

“Азаттык”: Азиза айым, Акыйкатчы институту иштей баштагандан бери Кыргызстандагы адам укуктарын коргоону өнүктүрүү жаатында кандай салым кошту? Дегеле укук маселесин демократиялык негизде өнүктүрүүдө орчундуу саясат жасай алдыбы?

Акыйкатчы: аялдар менен балдарга түйшүк түштү

Акыйкатчы: аялдар менен балдарга түйшүк түштү

Акыйкатчы институту Кыргызстандагы аялдар жана жашы жете элек балдардын эмгекке болгон укуктары тууралуу атайын баяндаманы жарыялады.

Азиза Абдирасулова: Акыйкатчы институту түзүлгөндө Кыргызстандын кадыр-баркы үчүн жакшы болгон. Кыргыз бийлиги БУУга, ЕККУга ж.б. эл аралык уюмдарга барганда “Кыргызстанда Акыйкатчы институту иштеп жатат, өлкөдөгү адам укуктарын коргоо, көзөмөлдөө боюнча иш алып барууда” деп отчет бергенде жакшы аброй болуп жатат. Иш жүзүнө келгенде башка болуп келатат.

Биз Акыйкатчы институтун адам укуктарын коргой турган өз алдынча уюмга эмес, саясий институтка айландырып алдык. Мисалы, биринчи акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бул кызматты ээлеп туруп, президенттик шайлоого катышты. Акыйкатчынын жер-жерлердеги бөлүмдөрү шайлоо штабдарына айланып калды.

Азыркы Конституциябызда “адам укуктарынын сакталышы парламент тарабынан Акыйкатчы институту аркылуу жүргүзүлөт” деп жазылып турат. Аны чечмелесек, акыйкатчы койгон маселелер парламент аркылуу көзөмөлгө алынышы керек эле. Бизде, тескерисинче, парламент акыйкатчыга эле көзөмөл жүргүзүп калды. Парламент акыйкатчынын отчетун кааласа кабыл алат, каалабаса кабыл албай коет. Кабыл албаса акыйкатчы кызматтан кетүүгө мажбур болот. Ошондуктан акыйкатчы түздөн-түз парламентке, саясатчыларга көз каранды болуп калууда.

Эми акыйкатчы болуп кандай гана кыйын киши келбесин, бийликке көз каранды болуп кала берет. Анткени мыйзамда көп алешемдиктер бар. Мисалы, “парламент акыйкатчынын отчет кабыл алат” деп жазылган. Демократиялык мыйзам болсун десек, анда “парламент акыйкатчынын отчетун угат” деп эле жазылыш керек болчу. Буга чейинки акыйкатчылардын кызматтан кетиши да жогорудагы жагдайларга байланыштуу болгон. Ошондуктан алар адам укуктарынын сакталышы боюнча баш-оту менен киришип иштеп бере алышкан жок.

“Азаттык”: Орозбек мырза, "Акыйкатчы институтунун ишине бийликтин кийлигишүүсү бар" деген пикирлер бар. Ал канчалык байкалат?

Орозбек Молдалиев: Эл аралык уюмдар Кыргызстандын адам укуктарынын сакталышы боюнча рейтингди чыгарганда биздеги акыйкатчынын отчетторуна да таянышат. "Акыйкатчы тигил же бул маселелерде бийликке буфер болуп, көз карандылыгы болуп жатат" деп айтылат. Акыйкатчыларды “музоо кезинде эле сүзүп койгондой” элес калтырат. Бийлик иш жүзүндө кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштеши керек эле, тилекке каршы, андай болбой жатат. Өлкөдөгү объективдүү жагдайларды ачык эле жазып, моюнга алсак эл аралык уюмдар деле туура түшүнмөк.

“Азаттык”: Азиза айым, "расмий бийлик өз адамдарын акыйкатчылык кызматка коюуга умтулат" деген бүтүмгө кошуласызбы? Эгер ошондой болсо анын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

Азиза Абдирасулова: Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерлерди парламенттеги фракциялар көрсөтөт. Мисалы, мен акыйкатчы болгум келсе Жогорку Кеңештеги алты фракциянын бири аркылуу талапкерлигимди көрсөттүрүшүм керек. Башка жол жок. Акыйкатчы болуп шайлана электе эле партияларга көз каранды болуп жатпайбы! Ал шайланган биринчи күндөн баштап эле өзүн көрсөткөн саясатчылардын көзүн карайт.

“Париж принциби” боюнча статус “А”, статус “Б” деген болот. “А” боюнча шайласак, анда акыйкатчы эч кимге көз каранды болбойт. Европанын көп өлкөлөрүндө ошондой. Кыргызстандагы акыйкатчы “Б” статусуна кирет, ал парламент ж.б. саясий күчтөрдөн көз каранды бойдон калууда. Маселенин оңдоонун жалгыз жолу - биздеги мыйзамды “Париж принцибине” шайкеш келтириш керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Акыйкатчы көп жагынан көз каранды" (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:10 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG