Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Генерал акыйкатчы болду


Токон Мамытов акыйкатчы болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

Жогорку Кеңеш Токон Мамытовду акыйкатчы кылып шайлады. Аны бул кызматка Социал-демократтар фракциясы сунуштаган. Көп жылдардан бери атайын кызматта иштеген 65 жаштагы генерал Мамытовду акыйкатчылыкка шайлоону парламенттин жарандык коомдун пикири менен эсептешпегени катары сындашууда.

Жогорку Кеңеш эки айдан бери орду бош турган акыйкатчыны шайлоого бир күндү арнады.

Алгач парламенттеги фракциялар сунуштаган беш талапкер өз программаларын баяндап, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди. Бул кызматка КСДП фракциясы Токон Мамытовду, “Бир Бол” үч талапкерди – Маматурайым Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, “Ата Мекен” фракциясы Канат Азизди сунуштаган эле.

Талапкерлер адам укугун коргоону жакшыртууга, балдарды зордук-зомбулуктан коргоого жана мигранттардын кызыкчылыгын көздөөгө убада берип жатышты. Бирок буга чейин акыйкатчынын орун басарлыгын аркалаган Маматурайым Момунов жыйындын жүрүшүндө өз талапкерлигин алып салганын жарыялады. Ал өз кадамын "талапкерлер арасында Токон Мамытов сыяктуу тажрыйбалуу адамдар бар экени" менен түшүндүрдү. Дал ушул кадам акыйкатчы болом дегендер арасында кимдин мүмкүнчүлүгү жогору экени тууралуу алгачкы божомолдорго себеп болду.

Чынында эле депутаттар эң көп суроо жолдоп, сынга алган талапкер да Токон Мамытов болду. Бир катар депутаттар Мамытовдун узак жылдар бою атайын кызматта, укук коргоо органдарында иштегенин жүйө келтирип, бул адам укуктарын коргогон акыйкатчынын табиятына туура келбесин айтып жатышты.

Момбеков: "Адамды кордогондор укук коргойм дейт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов "акыйкатчылыкка Мамытовду бекитүү жалпы парламенттин кадыр-баркына шек келтирет" деген пикирин билдирди:

- "Иш козгош керек, провокация кылыш керек, досье чогултуш керек" деген киши кантип адам укугун коргойт? Балким жакшы генерал болушу мүмкүн, билимдүү чыгаар, жакшы адам болушу ыктымал. Аны мен да билем. Бирок табиятынан күч органдарында жүргөн адам кантип кайра күч органдары менен күрөшөт? Омбудсмен "адам укугун бузбагыла" деп КГБ, Жаза аткаруу кызматы, милиция өңдүү күч органдарынын кемчилигин ачыкка чыгарчу орган. Анан ушуга кантип аң-сезимибиз жетпейт?

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Ал эми депутат Жанар Акаев бийликчил фракция акыйкатчылыкка көрсөтүү менен буга чейин коомчулук сынга алган кадр саясатында дагы бир кемчилик кетирип жатканын айтты:

- Соңку учурда мен таң калып жатам. Элдин кыжырына тийген талапкерлерди каяктан издеп табасыңар, таң калам. Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бирине да эл ыраазы эмес. Коомчулуктун сыны абдан катуу болуп жатат. Ага карабай, коомчулуктун кыжырын келтирген кишилерди улам-улам сунуштап жатасыңар. Акыйкатчы институтунун жалпы саясатын өзгөртүү, реформа жасоо үчүн башкарууга духу бар адамдарды алып келишибиз керек. Андай кишилер талапкерлердин арасында бар. Тил алчаак акыйкатчы болбошу керек. Токон Болотбекович адам катары абдан жакшы киши, бирок акыйкатчы кызматына жарабайт. Мурдагы бийликтердин тушунда элдин таламын талашкан билдирүү жасабаган адам карапайым калктын укугун коргой албайт.

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Бирок Токон Мамытовду акыйкатчылыкка сүрөгөн Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов эң ириде бул адамдын кесипкөйлүгүнө көңүл бурулганын белгилеп, айтылган сындарды четке какты:

- Бул кишинин басып өткөн жолу, иши Акыйкатчы институтунун кадыр-баркын көтөрүүгө, укук коргоо жаатында эл аралык уюмдар, башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биздин жарандардын таламын коргоодо салым кошо алат жана пайдасы тиет.

Бирок депутаттардын сын пикирлери Токон Мамытовду добуш берүү жыйынтыгында жеңүүчү болушуна тоскоол боло алган жок.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Токон Мамытовду 79 депутат колдоду. Рита Карасартова 9, Канатбек Азиз 19, Рыскул Бактыбаев 6 добушка ээ болду. Мындай жыйынтыкты көпчүлүк депутаттар күтүлгөн натыйжа катары баалашты.

Акыйкатчылыкка шайланган Токон Мамытов буга чейин кайсы кызматты ээлебесин мамлекеттин кызыкчылыгын катуу коргогонун айтып, бул ирет да өз ишин ийнине жеткире аткарууга убада берди:

- Депутаттардын жана акыйкатчылыкка башка талапкерлердин жакшы сунуштары болду. Акыйкатчылыкка киришкен соң анын баарын иш жүзүнө ашырууга аракет кылам.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Ал эми акыйкатчылыкка талапкерлигин койгон укук коргоочу Рита Карасартова парламенттен өзгөрүү күткөнүн, бирок бул ирет да бийлик каалаган талапкер жеңишке жетишкенин билдирди:

- Мен парламенттин ишинде бир аз өзгөрүү болот деп күткөм. Өзгөрүү мурункуга караганда бар. Мурда депутаттарды күчкө салып мажбурлоо көрүнүп турчу. Азыр “эч ким бизди мажбурлаган жок” деп эле айтып жатышкан. Ошондуктан "президент кысым көрсөткөн жок" деп айтып жатышса парламент өзү карап, экинчи тур өтүп, жылыш болот го деп ойлогом. Бирок ыкмалар башкача, ал эми жыйынтык ошол эле экен.

Айрым укук коргоочулар парламенттин акыйкатчыны тандоосун "жаакка чабуу" катары баалашты. Ошол эле кезде "президент Сооронбай Жээнбековдун БУУдагы "Кыргызстан адам укуктарын коргойт" деген сөзүнө парламент акыйкатчылыкка чекистти шайлоо менен жооп кайтарды" деп айткандар болду.

Ошентип 65 жаштагы генерал Токон Мамытов Кыргызстандын бешинчи акыйкатчысы болуп шайланды.

Алгачкы кесиби мугалим Мамытов кыска убакыт окутуучу болуп иштеген соң коопсуздук органдарына өтүп, Улуттук коопсуздук министринин орун басарлыгына чейин жеткен. Ал ар кыл жылдары коргоо министринин орун басары, Коргоо кеңешинин катчысы, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенди.

2010-жылдагы Апрел ыңкылабынан соң "Ар-намыс" партиясынын тизмеси менен парламент депутаттыгына шайланган. Бирок ал кездеги бийлик Токон Мамытовду аткаруу бийлигине тарткан. Ал алгач Тажикстан жана Өзбекстан менен чек арада жаңжал чыгып турган мезгилде Чек ара кызматынын төрагалыгына дайындалса, көп убакыт өтпөй Кумтөр кенин улутташтыруу талабы менен нааразылык акциялары өтүп жаткан Ысык-Көлгө губернаторлукка жөнөтүлгөн.

Бир жылга жетпеген убакыттан соң коопсуздук маселелери боюнча вице-премьерликке келген. Бул кызматтан көпчүлүк коалиция тараганына байланыштуу кетип, "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын башына барган.

Кумтөр маселесин "Центерра Голд" директорлор кеңешинин курамына Кыргызстандын таламын талашкан мүчөлөрдү киргизүү менен чечүүнү каалаган экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен тил табыша албаган Токон Мамытов бул жумушту таштап, Кыргызстан Элдер ассамблеясына төрага болуп дайындалган.

Эки жылдан бери бул кызматты премьер-министрге кеңешчилик кылуу менен бирге айкалыштырып келди. Эми Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи акыйкатчылыкка бекип отурат.

Акыйкатчы институту Кыргызстанда 2002-жылы иштей баштаган. Институтка адам укуктарын коргоо, жабык жайларда кыйноо жана зордук-зомбулукту ашкере кылуу милдети жүктөлгөн. 16 жылдан бери бул кызматты Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев жана Кубат Оторбаев аркалап келишти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG