Америкалык алты сенатор АКШнын өкмөтүнө Өзбекстанга бул өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу кысым көрсөтүүгө чакырды.
АКШ Сенатынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес баштаган беш демократ сенатор бул тууралуу АКШ менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунун алдында биргелешкен билдирүү жасашты.
Америкалык сенаторлор 6-декабрдагы Ак үйгө жолдогон катында Өзбекстандын “адам укуктарын сактоо багытында жылыш бар экенин” моюнга алып, бирок Борбор Азия чөлкөмүндөгү бул өлкөдө буга чейин президент Шавкат Мирзиёев убада кылган масштабдуу реформаларды жүргүзүүнү эскертишкен.
Ушул айдын этегинде эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн стратегиялык өнөктөштүк боюнча биринчи диалогун баштоо боюнча сүйлөшүүлөр пландалууда. Сенаторлордун айтымында, бул жолугушуу Өзбекстан менен мамиле түзүүдө андан адам укуктарын сактоону талап кылуу үчүн ыңгайлуу учур.
Ак үйгө жолдонгон катында америкалык сенаторлор Өзбекстанда сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына чектөөлөр, ошондой эле саясий укуктарды сактоодо жылыштар болбой жатканына тынчсыздануусун билдиришкен.