Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Эндрю Качинс: Мени каралоонун артында ФСБ турду


Эндрю Качинс
Эндрю Качинс

Борбор Азиядагы Америка Университетинин (АУЦА) мурунку президенти Эндрю Качинс Кыргызстандан депортациялынышынын артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) турат деп эсептейт. Бул тууралуу америкалык илимпоз 3-декабрда Калифорниядагы Стэнфорд университетиндеги жолугушууда айтты.

"Кыргызстан менен АКШнын мамилелери буга чейин да начарлап келген. Кыргызстан Орусиядан көз каранды өлкө. АКШ-Орусия мамилесинин начарлашы кырдаалды ого бетер курчутту. Кыргызстан суверендүү саясат жүргүзө албайт. Бул айрыкча атайын чалгын кызматтарына тиешелүү. Кеп Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздук кызматы жөнүндө. АУЦА бир катар чабуулдарга кабылды. Адегенде эле бизди ЛГБТ коомунун колдоочулары сыңары көрсөтүп, 8-марттагы аялдардын укуктарын колдогон маршты "толугу менен АУЦА уюштурду" деген кине коюшту. Кийин АКШнын Конгресси каржылаган “Азаттык” радиосу менен Kloop медиа жарыялаган кыргыз бажысындагы тамырлашкан коррупция тууралуу иликтөө жарыялангандан кийин нааразы болгондор 2019-жылы декабрда митингге чыгышкан. Ал митингге чыккан бир миңдей кишинин дээрлик жарымы "АУЦАнын студенттери жана кызматкерлери" деген да айың кептерди таратышты. Ошентип АУЦАны катуу каралоо жүрдү", - деди Качинс.

Ал 2020-жылкы парламенттик шайлоону утурлай кандай каралоого кабылганын айтып берди.

"Пандемия башталып мен беш айга жакын Кыргызстанга келе албай АКШда кармалып калдым. Кийин 19-августта кайтып келдим. Эки-үч күндөн кийин АКШнын ошол кездеги Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу "Кош келдиңиз. Сизди булар күтүп жаткандай көрүнөт" деп бир видеону жөнөттү. Ал видеодо "АКШнын планын ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик департамент эс алуудагы АУЦАнын президенти Эндрю Качинсти эртерээк чакыртып алган. Ал оппозициялык үч партияга колдоо көрсөтмөк" деген маанидеги нерселер баяндалат экен. Ал видеодо мен Кыргызстанга кайтып келген күндү гана туура айтышыптыр, калганынын баары жалган эле. Бул аракеттердин артында ФСБ турганы мага шыр эле белгилүү болду", - деп чечмеледи америкалык илимпоз.

Качинс Кошмо Штаттардын 30 жылда Борбор Азияда "ийгиликтүү ишке ашырган" эки долбоорунун бири АУЦА болсо, экинчиси “Азаттык” радиосу экенин белгиледи. Орусиялык медиа басымдуулук кылган чөлкөмдө “Азаттык” жана “Клооп” сыяктуу көз карандысыз институттар коомчулукту альтернативдүү маалымат менен камсыздоодо бараандуу роль ойнорун кошумчалады.

Быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Качинсти Кыргызстандын Жазык кодексинин жана Жоруктар кодексинин баңгизатка байланыштуу беренелери менен күнөөлүү деп таап, 60 миң сом айып пул салып, өлкөдөн депортациялоо тууралуу чечим чыгарган.

23-апрелде Ички иштер министрлиги Качинске Дубайдан почта менен келген таблетка жана капсулаларда психотроптук каражат бар экени аныкталганын билдирген. Качинс бул медициналык препараттарды АКШда аны дарылаган догдуру жибергенин билдирген. Университеттин жамааты жетекчиси кириптер болгон ишти "чаташкан окуя" деп сыпаттаган.

62 жаштагы Эндрю Качинс Борбор Азиядагы таанымал университетке жетекчи болуп 2019-жылдын башында дайылдалган. Быйыл июнда университеттин Камкорчулар кеңеши анын Кыргызстандагы ишмердиги аяктаганын жарыялаган. Андан соң ал жубайы менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG