Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 08:49

АКШ Кытайда өтчү Олимпиадага дипломаттарын жибербейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттар Шинжаңдагы мусулман азчылыктарынын укуктарынын басмырланышына каршылык билдирип, эмдиги жылы Бээжинде өтө турган кышкы Олимп оюндарына расмий өкүлдөрүн жана дипломаттарын жибербейт.

Вашингтон Шинжаңдагы уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыктарына жасалган Кытай бийлигинин аракеттерин геноцидге теңеп келет.

«Дипломатиялык бойкот» деген эмне?

Президент Жо Байдендин администрациясы Кытайдын баш калаасында өтө турган оюндарга АКШ өкмөтүнүн расмий жана дипломатиялык өкүлдөрүн жибербейт.

Адатта Олимп оюндарынын ачылышына чет мамлекеттердин лидерлери, расмий адамдар барат. Маселен, АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш 2008-жылы Бээжинде өткөн эл аралык мелдештерге америкалык команданы колдоп барган.

Кытай бийлигинин Шинжаңдагы мусулман азчылыктарынын миллионго чукул өкүлүн камап, күчкө салып иштетип, кыйноого алганы тууралуу маалыматтарга байланыштуу америкалык аткаминерлер бул ирет Бээжинге барбай турган болду.

Буга чейин америкалык сенаторлор Байденге басым жасап, америкалык спортчуларга кедергисин тийгизбегидей жана ансыз да араң турган Кытай-АКШ алакасын толук бузбай, Бээжинге кандайдыр бир белги беришин талап кылып келген. Бойкоттоо тууралуу бул чечим эми Байденге болгон ички басымды азайтышы керек.

Буга чейин айрым америкалык мыйзам чыгаруучулар жана укук коргоочулар 2022-жылы өтө турган кышкы Олимп оюндарын толук бойкоттого чакырып келген. Андай болгон күндө бардык спортчулар катыша албай калмак.

Бул оюндарга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Олипм оюндарына эч кандай таасирин тийгизбейт. Бойкот тууралуу жарыялап жатып, Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки америкалык спортчулар мелдештерге катыша аларын айтып, «биз аларга бул жакта туруп эле 100% колдоо көрсөтөбүз» деп кошумчалады.

АКШнын курама командасынын мүчөлөрү, алардын машыктыруучулары жана башкалар мурдагыдай эле коопсуздук жаатында консулдук жана дипломатиялык колдоого ээ болот. Бул тууралуу мамдепартаменттин өкүлү билдирди.

Бул жолу коронавирус чектөөлөрүнөн улам кышкы Олимп оюндарына барган алдыңкы саясатчылардын саны аз болору күтүлүүдө.

Башка мамлекеттер АКШга кошулушабы?

Жаңы Зеландия АКШга кошулуп, Бээжиндеги Олимпиадага өз дипломатиялык өкүлдөрүн жибербейт. Бул тууралуу 7-декабрда мамлекеттин вице-премьер-министри Грант Робертсон билдирди.

Башка өлкөлөр мындай пландары тууралуу ачык билдире элек. АКШнын Британия, Австралия, Канада сыяктуу жакын өнөктөштөрү да Бээжиндеги Олимпиадага дипломатиялык бойкот жарыялоо маселесин караштырып жатканы маалым болду. Бул мамлекеттердин Кытай менен алакасы соңку жылдары кескин начарлап кеткен.

Эксперттердин айтымында, Кытайдын глобалдык экономикалык жана саясий таасиринен улам көп мамлекеттер мындай кадамга бара албайт. Ал эми Олимпиаданын ири демөөрчүлөрү тарабынан коммерциялык бойкот болбойт деген пикири менен байкоочулар бөлүштү.

Буга Кытайдын реакциясы кандай болот?

Кытай бир нече айдан бери бойкот тууралуу кептерди сынга алып, «АКШ өз кадамдары үчүн жооп бере турганын» эскертип келет. Eurasia Group консалтинг агенттиги билдиргендей, Бээжин жооп чара катары айрым америкалык аткаминерлерге символикалык санкцияларды киргизиши мүмкүн.

«Кошмо Штаттар спорт менен саясатты аралаштырууну токтотуп, Бээжинде өтө турган кышкы Олимп оюндарынын өтүшүнө ар кандай мазактоо менен тоскоолдук жаратпашы керек. Болбосо бул эки тараптуу маанилүү диалогдорго жана эл аралык, чөлкөмдүк кызматташууга кедергисин тийгизет», - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Чжао Лицзянь.

Байкоочулар бул кадам Тайвандын тегерегиндеги чыңалууну басаңдатууга багытталган аракеттер жана курал-жабдыкты көзөмөлдөө маселеси боюнча АКШ менен Кытайдын ортосундагы талкууларды оорлотушу мүмкүн деп эсептешет.

Башка эксперттер болсо Кытай бийлиги жарандарынын көңүлүн бурбаш үчүн жооп чараларды дароо кабыл албашы мүмкүн деген пикирде. Анткени Коммунисттик партиянын ички маалыматтарды тыкыр көзөмөлгө алуусунан улам кытайлыктардын көбү өлкөдө болуп жаткан адам укуктарынын бузулушу тууралуу маселелерди анчейин билишпейт.

Буга чейин ушундай бойкоттор болгонбу?

Олимпиадалык оюндар өткөрүлө баштаган 1896-жылдан бери, айрым мамлекеттер мелдештерди бойкоттоп, катышпай койгон учурлар буга чейин да болгон. Маселен, Түндүк Корея Сеулда 1988-жылы өткөн Олимп оюндарына катышуудан баш тарткан.

1980-жылы АКШ президенти Жимми Картер Cоветтер Союзунун аскерлеринин Ооганстанга киришине каршылык билдирип, Москвада өткөн жайкы Олимп оюндарын толук бойкоттогон. Советтер Союзу жооп кылып, төрт жылдан кийин Лос-Анжелесте өткөн Олимпиадага спортчуларын жиберген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG