Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 22:20

Садыр Жапаровду жактаган адвокат сот болду


Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаров 2012-жылы октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясында камалгандан тартып анын адвокаты болгон.

4-декабрда президент Садыр Жапаров жергиликтүү соттордун айрым судьяларын дайындады. Алардын арасында мамлекет башчынын мурдагы адвокаты Шарабидин Токтосунов Бишкек шаардык соттун судьясы болуп дайындалды. Ал өзү "тааныш-билиштик аркылуу сот тармагына келди" деген сөздү четке кагып жатат. Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин тушундагы айрым дайындоолор коомчулукта соттордун эркиндиги тууралуу талаш-талкууга жем таштап келет.

Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Шарабидин Токтосунов 2012-жылы октбярда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясында камалгандан тартып анын адвокаты болгон. Былтыр бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларынын маалында Жапаровду колдоп, Бишкектин борбордук аянтындагы акцияларда жүргөн. Ушул жылы сентябрда Токтосуновго "эмгек сиңирген юрист" деген наам ыйгарылган.

Токтосуновду судьялыкка талапкер кылып алгач 2014-жылы Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясы Сотторду тандоо кеңешине көрсөткөн. Ал сот тармагына "тааныш-билиштик аркылуу келди" деген дооматты четке какты.

"Алты айдан бери сынакка катыштык. Судья сынактын негизинде дайындалат да. Бишкек шаарында 30 судья болсо мен ошолордун биримин. Эми барганда көрөбүз, колумдан келишинче адилет, акыйкат чечим чыгарганга аракет кылам. Мурда акыйкатсыздыкты көрүп жүрдүк. Ошолорду болтурбаганга, адилет чечим чыгарганга аракет кылабыз. Сынакка качантан бери катышып жатпаймынбы. Садыр Жапаровдун президент болгонуна бир жылдан ашып кетти го. Болсом буга чейин болуп алат элем да. Баарын убакыт көрсөтөт. Мен 25 жылдан бери юридика тармагында иштеп жатам. 30-ноябрда Садыр Жапаровго 16 адам чогуу маектешүүгө кирдик. Президент "мыйзамдуу, адилет чечим чыгаргыла, эл үчүн иштегиле, эч ким силерге буюрутма бербейт, элдин көйгөйүн чечкиле" деп айтты".

Садыр Жапаровдун дагы бир мурдагы адвокаты Замирбек Базарбеков былтыр жыл аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Быйыл июнь айында Жогорку соттун судьясы болду.

Октябрь окуяларынан кийин Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп дайындалганда ал 2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын мүчөсү болгонун эстешкен. Бул коллегиянын дагы бир мүчөсү Медербек Сатыев былтыр октябрда президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалып, ушул жылы жайында "башка кызматка өткөнүнө байланыштуу" деген жүйө менен иштен кеткен.

Былтыр 6-октябрда Жогорку сот Садыр Жапаровдун "Адамды барымтага алуу" беренеси боюнча мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти сотко чейинки өндүрүшкө Башкы прокуратурага жөнөткөн. Бул чечимди чыгарган соттук коллегиянын курамына Нургүл Бакирова, Кеңешбек Токтомамбетов жана Нурмамбет Эшалиев кирген.

Нургүл Бакирова ушул жылдын май айында Жогорку соттун төрайымы болуп шайланган.

Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сот тармагында реформа жасоо тууралуу убада берип келет. Быйыл жайында Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында токтоосуз чаралар көрүлөрүн айткан.

"Биз улуттук укук коргоо жана сот ситемасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү башташыбыз керек. Мурунку тажрыйбаны эске алып, кайра карап чыгып, эл-журттун кызыкчылыгындагы эффективдүү укук коргоо жана сот системасын түзүүнүн, соттук-укуктук реформаны жандандыруунун убакыт-сааты келди".

"Коомдук анализ институту" уюмунун башчысы Рита Карасартова сот тармагы "өзгөргөн жок" деп эсептейт.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

"Система эч кандай өзгөргөн жок. Бир топ адамдар "бир адам жооп берет" дегенди идеал тутуп алган. Чынында бир киши жооп берет деген система - бул авторитаризм. Бул эч качан өнүгүүгө алып келбейт деген түшүнүк. Сот бийлигинин өзүнчө ролу бар. Анын дагы президентке баш ийгени туура эмес система. Тилекке каршы, бир жылда системалуу эч өзгөрүү болгон жок. Жалаң эле мурдагы соттордон өч алмай. Мурда аны соттогон судьялар иштен кетти. Аны актаган судьяларды прокурор, өзүнүн сот боюнча бөлүмүнүн башчысы, Жогорку соттун жетекчиси кылды. Өзүнүн досу Замирбек Базарбаевди Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы, андан кийин Жогорку соттун судьясы кылып дайындады. Эмнеси болсо дагы менин кишилерим болсун деген системаны түзүп алды. Бул эч кандай жакшылыкка алып келбейт".

"Коомдук анализ институту" бирикмеси буга чейин баш прокурор Курманкул Зулушевдин бажасы деген Кеңешбек Бекчалов сотторду тандоо жараяны маалында суроолорго жакшы жооп бере албаса деле сынактан өтүп, Жалал-Абад шаардык соттун судьясы болуп дайындалганын айтып чыккан. Бекчалов болсо Зулушев менен туугандык жайы жок экенин айтты.

"Душмандар бар экен, жаза беришет. Мен жанагыдай макала жазылгандан кийин тактап көрдүм. Курманкул Зулушевдин келинчеги Ноокаттан болот экен, менин аялым болсо Базар-Коргондон. Тууганчылыкка дал келбей калат да".


Октябрь айында Сулайманкул Атакуловду президент Жапаров Жогорку соттун судьясы кылып дайындаган. Айрым бир маалымат булактарына караганда, ал Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тууганы жана айылдашы. Ташиев менен Атакулов буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанда кайсы гана бийлик келбесин соттук реформаны артыкчылыктуу багыт катары аныктап, сот тутумун жакшыртуу үчүн ар кандай жумушчу топ, кеңешмелерди түзүү адат болуп калган. Бардык президенттер бул тармакты реформа кылууга саясий эрки жетерин, каражат бөлүнөрүн айтып кат-кат убадаларды берет.

Өткөн айда Садыр Жапаров Кыргызстандын сот бийлигинин ишин жөнгө салган төрт конституциялык мыйзамга ("Сот адилеттиги боюнча кеңеши жөнүндө", "Судьяларынын статусу жөнүндө", "Жогорку сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө" жана "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө") кол койгон.

Жаңы Конституцияга ылайык, президенттин бул жааттагы ыйгарым укугу бир топ кеңейген. Президент Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуштайт.

Андан сырткары Судьялар кеңешинин сунушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын кызмат ордунан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш берет. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушу менен жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт. Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG