Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Хангошвилинин өлүмүнө шектүүнү өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу талабы коюлду


Зелимхан Хангошвили киши колдуу болгонго чейин Германияда качкын катары үй-бүлөсү менен баш калкалап жаткан.
Зелимхан Хангошвили киши колдуу болгонго чейин Германияда качкын катары үй-бүлөсү менен баш калкалап жаткан.

Германиянын Федералдык прокуратурасы мурдагы чечен командиринин өлүмүнө айыпталып жаткан орусиялыкты өмүрүнүн аягына чейин эркинен жана бошонуу өтүнүчү менен кайрылуу укугунан ажыратууну талап кылды.

Кезинде чечен жикчилеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвили 2019-жылы немис баш калаасында окко учкан. Кылмышка шектүү катары Вадим Красиков атуу адам кармалган.

Bellingcat иликтөөчүлөр тобу Хангошвилинин өлүмүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштуруп, ишке ашырган деген тыянакка келген. Орус президенти Владимир Путин Хангошвилини «мыкаачы, канкор» деп сыпаттап, ал издөөдө болгонун, бирок Москва аны өлтүрүүгө катышпаганын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG